Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-февралы № 21/2
Кум-Дөбө айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин жөнүндө
Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү
боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден-соолугун жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдына алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябры ПЖ №305 жарлыгын жетекчилике алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер иштелип чыксын.
2.Кум-Дөбө айыл аймагында 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш планы иштелип чыксын
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтү ушул эрежелерде белгиленген кѳрктѳндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликти айыл өкмөт башчысы А.Белеков өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |