Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-январы № 15
"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 20-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-бөлүктө "325066045,2" жана "346329245,8" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "352807894,1" жана "361795602,7" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "21263200,6" деген цифралар "8987708,6" деген цифраларга алмаштырылсын;
а) 2-бөлүктө "5000000,0" деген цифралар "16830100,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "100000,0" деген цифралар "9000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө "800000,0" деген цифралар "695000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерде каралган суммаларды азайтууга жол берилет.";
4) 11-беренеде:
а) 6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 2023-жылга республикалык бюджетте салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча республикалык бюджетке бирдиктүү салыктын 100 пайызын чегерүүгө байланыштуу максаттуу трансферттер түрүндө 2443443,2 миң сом суммасында каражаттар жергиликтүү бюджеттерге 12-тиркемеге ылайык каралсын.
7. 2023-жылга республикалык бюджетте республикалык бюджеттен толук каржылоого өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдардын бөлүгүн жабууга максаттуу трансферттер түрүндө 1000000,0 миң сом суммасында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине каражаттар каралсын.";
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 12-берененин 1-бөлүгүндө "150000,0" жана "819400,0" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "250000,0" жана "1053800,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
6) 16-берененин 2-бөлүгүндө "4-пунктунда" деген сөздөр "6-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
8) жогоруда аталган Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 11-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 14-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |