Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынЫн токтому
2023-жылдын 29-декабры № 737/67-7
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетиштүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа 1-тиркемеге ылайык;
2) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти координациялоону камсыз кылсын жана ар кварталдык негизде аны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту карасын.
4. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча органдары (макулдашуу боюнча) төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрихкод) колдонуу менен берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын региондорунда банктык жана төлөм инфраструктурасын кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү активдештирүү;
2) калк арасында төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрихкод) илгерилетүү жана жайылтуу боюнча чараларды көрүү;
3) калктын бардык категориялары үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну эске алуу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди түзүү.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
А.Жапаров |
| К.Боконтаев |
|
| 2-тиркеме |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Күтүлгөн натыйжалар | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1. Накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын уюштуруучулук-укуктук өнүктүрүүнү камсыз кылуу/өркүндөтүү | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Санарип, инновациялык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу жана коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Санарип инновациялык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар бекитилди | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ |
2 | Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүүгө болгон талаптарды бекитүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу | Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүүгө талаптарды белгилөө боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча талаптар бекитилди | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2024-жылдар | УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ |
3 | Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү пайдаланууга салыктык жактан дем берүү боюнча чараларды көрүү | "Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөдө сатуудан алынган салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын колдонууну узартуу бөлүгүндө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү. | Соода-сервистик ишканаларда товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөмдөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы белгиленди | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын I кварталы | ЭКМ, УБ |
Салыктык жеңилдиктерди киргизүү аркылуу калктын товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) накталай эмес формада төлөөсүн камсыз кылуу үчүн соода (сервистик) уюмдарга мотивацияны күчөтүү үчүн чараларды көрүү | 2024-жылдын I кварталы | ЭКМ, МСК, макулдашуу боюнча: КБ | ||||
4 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкерлик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү: - сатуучуга да, сатып алуучуга да карата кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү улуттук валютадан айырмаланган валютага саткандыгы/сатып алгандыгы үчүн чара колдонуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айып пул салуу) бөлүгүндө; | Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкерлик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын I кварталы | ЭКМ, УБ |
| - сатуучуга карата товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-коддун жоктугу үчүн чара колдонуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айып пул салуу) бөлүгүндө; | 2024-жыл | ЭКМ | |||
| - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 317-беренесинде каралган иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө. | 2024-жыл | ЭКМ | |||
| Соода-сервистик ишканаларда банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга багытталган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушуна жана иштешине/колдонулушуна үзгүлтүксүз мониторингдерди (текшерүүнү) жеринде жүргүзүү | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | МКЖК, МСК, УБ | |||
5 | Калктын накталай эмес эсептешүүлөргө ишенимин жогорулатуу | Бүтүмдөрдү жасоодо эскроу эсебин колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу. Жеке жактардын эскроу-эсебиндеги каражаттарын депозиттерди коргоо системасына кошуу | Тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-2026-жылдар | УБ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: ДКА, КБ |
6 | Накталай акча жүгүртүүнү кыскартуунун эсебинен накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү | Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонууну кеңейтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар бекитилди | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын III кварталы | ЭКМ, УБ |
7 | Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерин накталай эмес эсептешүүлөргө өткөрүү | Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу жана калкка кызмат көрсөтүүчү ишкердик субъекттерине сатып алуучудан/керектөөчүдөн товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдуулардын болушу жөнүндө талаптарды бекитүү, буга накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдууларды интернетке туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүгү жок лицензиаттар кирбейт | Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери өздөрүнүн кызматтары үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алышат | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын I-II кварталдары | Лицензиар органдар, каттоочу органдар |
8 | Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун институционалдык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Мамлекеттик ишканалар тарабынан маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды алуу мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу | Мамлекеттик ишканаларга маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга укук берилди | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын I кварталы | СӨМ, УБ, БП |
2. Калк арасына накталай эмес формадагы эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү кеңири жайылтуу | ||||||
9 | Товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн жарандарды электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөөнү колдонууга дем берүүчү иш-чараларды жүргүзүү | Накталай эмес төлөмдөрдү колдонууну жайылтууга багытталган акцияларды, бонустук программаларды жана лоялдуулук программаларын өткөрүү. | СТИ накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү жана саны көбөйтүлдү | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ |
Мобилдик түзүлүштөрдү, анын ичинде QR-коддорду жана башка байланышсыз технологияларды (NFC жана башкалар) пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу сервистерди колдонууну кеңири жайылтуу жана артыкчылыктуу колдонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ | ||||
10 | Калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн формаларын жайылтуу | Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системаларын колдонуунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымдоо (видео роликтер, аудио роликтер жана басылмалар). | Төлөм системасы маселелери боюнча маалыматтык материалдар (басылмалар, макалалар, төлөм системасы боюнча окуу материалдары) даярдалды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ |
Мамлекеттик билим берүү программаларында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуу боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2024-жыл | БИМ, УБ | ||||
3 . Банктык жана төлөм кызматтарын жакшыртуу | ||||||
11 | Төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алууда жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын минималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул кызматтарды көрсөтүүдө алардын операциялык чыгымдарын азайтуу | Улуттук төлөм системасынын операторунун, төлөм системасынын катышуучуларынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Эмгек акысы төмөн калктын категорияларын, ошондой эле социалдык төлөмдөрдү, пенсия жана жөлөкпул алган адамдарды эске алуу менен чекене банктык продукттар боюнча тарифтерди белгилөө | Калк үчүн төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жогорулатылды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ, макулдашуу боюнча: "БПБ" ЖАК, КБ, ТСО/ТУ |
12 | Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасын түзүү жана өнүктүрүү (24/7) | Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасын киргизүү. Тез төлөм системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү | Аткаруу убактысына жана жерине карабастан дароо төлөө, банк эсептеринен акча каражаттарын которуу (юридикалык жактардын ортосундагы төлөмдөр, чекене төлөмдөр, жеке жактардын ортосундагы которуулар) мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-2027-жылдар | УБ, макулдашуу боюнча: "БПБ" ЖАК, КБ |
13 | Маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү үчүн ачык программалык интерфейс (API) технологиясын өнүктүрүү | Банктар жана төлөм системасынын операторлору тарабынан API технологиясын милдеттүү түрдө колдонуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Эсептер, төлөмдөрдү түзүү жана көзөмөлдөө боюнча маалымат жана башка маалыматтарды алуу үчүн банктык жана төлөм системаларына түздөн-түз кирүүчү башка тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-2027-жылдар | УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ |
4. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү | ||||||
14 | Калк тарабынан накталай эмес түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башкалар) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну камсыз кылуу (транспорт, ири чекене/дүң базарлар, коомдук тамактануу пункттары ж.б.) | СТИ байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башкалар) колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотууда көмөк көрсөтүү | СТИ байланышсыз төлөм ыкмалары кеңири жайылтылды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар | УБ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ |
15 | Калк тарабынан билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр, каттоо кызмат көрсөтүүлөрү, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү, изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү, маалымат берүү, басма, көчүрүү жана басып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн накталай эмес түрдө акы төлөөнүн формасын киргизүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөм кабыл алуу үчүн жабдууларды программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу боюнча келишимдик мамилелерди түзүү. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү колдонуу менен кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кассаларында жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2024-жылдын II кварталы | ЭКМ, ИИМ, БИМ, ТКМ, ӨКМ, ССМ, ЭСКММ, СӨМ, ЮМ, ФМ, АЧМ, УАК, СФ, Улутстатком, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ |
16 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында адаптивдик технологияларды киргизүү | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жакшыртылды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар | УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТУ |
5 . Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн тиешелүү коопсуздук деңгээлин түзүү жана колдоо | ||||||
17 | Мамлекеттик жана башка органдарда инновациялык санарип кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу | Маалыматтык коопсуздук инциденттерине чара көрүү, төлөм системасы чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин аныктоо жана азайтуу маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү | Төлөм системасынын чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздук тобокелдиктери төмөндөтүлдү | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ, УКМК, ИИМ, СӨМ макулдашуу боюнча: БП |
18 | Төлөм секторунда санариптик технологиялардын иштеши үчүн коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу | Финансы-кредит жана банктык эмес уюмдардын киберчабуулдар, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууда алдамчылык фактылары жөнүндө маалымат берүү жана ага ыкчам чара көрүү | Төлөм кызматтарын көрсөтүүдө коопсуздук деңгээли жогорулатылды | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | 2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) | УБ, УКМК, ФЧМК, ИИМ, макулдашуу боюнча: КБ |
Кыскартуулардын тизмеси
ДКА | - | Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттик |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
"БПБ" ЖАК | - | "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому |
КБ | - | Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УАК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ТСО/ТУ | - | төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары |
МКЖК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |