Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-ЧУА токтомуна

 

16-тиркеме

 

 

                   

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти

 

«Балдарды жана жаштарды спорттун ар кандай түрлөрүнө үйрөтүү»

(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын № 97 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу

мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү

муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегинин

«Спорттук жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү»

4-главасынын 27-пункту)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул муниципалдык кызмат көрсөтүү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу спорттун ар кандай түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.

3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:

1) Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:

- документтерди кабыл алууга жана арызды тариздөөгө чектелген убакыт – 30 мүнөт;

- бир жолку баруу – 1,5 саат (90 мүнөт).

Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жана катталган, 6 жаштан 21 жашка чейинки курактагы, спорттук даярдык боюнча ченемдик талаптарды ийгиликтүү тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары кызмат көрсөтүүнү алуучулар боло алышат.

2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- эркин формадагы арыз;

- ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат.

Арыз ээсинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроо-талап жүргүзгөндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда, маалыматтар кагаз түрүндө берилет.

3) Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы – акысыз.

4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: спорттун ар кандай түрлөрү боюнча машыгууга уруксат алуу.

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:

                                                                                                  1-таблица

№

Жол-жоболордун аталышы

Эскертүү

1

Арызды кабыл алуу жана кайрылууларды каттоо журналына каттоо

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

2

Уруксат берүү, көрсөтүү жана коштоо

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбайт

 

 

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

 

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:

 

 

4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн сыпаттоо

2-таблица

Жол-жобонун жана аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы

Аракеттердин натыйжасы

Аракеттерди жөнгө салуучу документтер

1

2

3

4

5

1-жол-жобо:

Арызды кабыл алуу жана кайрылууларды каттоо журналына каттоо

1.1-аракет

Балдардын жана жаштардын спорттун ар кандай түрлөрүн үйрөнүүгө суроо-талабын (арызын) кабыл алуу

 

 

Спорт мектебинин директору

10 мүнөт

Суроо-талап кабыл алынды

1. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2.  Кызматтык нускама

1.2-аракет

Ден соолугунун абалы жөнүндө маалым катты кароо

5 мүнөт

Арызды

кайрылуулар журналына каттоо

1.3-аракет

Дарыгерге жөнөтүү

5 мүнөт

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: кайрылуулар журналына жазуу

Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт

Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 2

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн бул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы:  арызга же ден соолугунун абалы жөнүндө маалым катка виза коюу

2-жол-жобо:

Уруксат берүү, көрсөтүү жана коштоо

2.1-аракет

Арыз ээсин медициналык кароо

Дарыгер

 

10 мүнөт

Ден соолугунун абалы жөнүндө тастыктоо.

Коопсуздук

техникасы боюнча нускама

 

 

 

 

 

 

1. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2.  Кызматтык нускама

2.2-аракет

Көрсөтүү жана коштоо

Директордун орун басары

5 мүнөт

Жол-жобонун жыйынтыгы: арызды жооптуу кызматкерге аткарууга өткөрүп берүү

Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөт

Жол-жобонун тиби: уюштуруу жол-жобосу