Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 646
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 23-декабрындагы № 01-49-3489 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 102,82 га мамлекеттик менчикте турган жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
- Кара-Талаа айылынын аймагында жайгашкан № 431 контурдагы 14,0 га жайыт, № 432 контурдагы 19,0 га жайыт, № 433 контурдагы көп жылдык бак-дарактар өскөн 14,30 га жер, № 434 контурдагы 1,0 га жайыт жана № 435 контурдагы 11,70 га жайыт;
- Оттук айылынын аймагында жайгашкан № 132 контурдагы 42,82 га жайыт.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү, жаан-чачын учурунда пайда болгон суу ташкындарын бурууну;
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына туш болгондо "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3547) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |