Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-январы № 1-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 348-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
4-пунктта:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун башка маселелери боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жогоруда баяндалган функцияларга ылайык тиешелүү маселелерди Координациялык кеңеш тарабынан кароонун зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмалары менен аныкталат.";
9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Координациялык кеңештин жыйналыштары видео-конференц-байланыш аркылуу онлайн-режимде өткөрүлүшү мүмкүн.";
11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин чечимдери сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча).
Эскертүү - Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер каралып жаткан маселеге жараша Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан Координациялык кеңештин төрагасы/төраганын орун басары менен макулдашуу боюнча жекече аныкталат.
Бул өкүлдөр, анын ичинде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү багыттарды тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Координациялык кеңештин кароосу үчүн маселелер демилгеленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде аныкталат.
Жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер Координациялык кеңештин ишине добуш берүү укугу менен катышат.".