Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 276
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин жана 2022-жылдын 3-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин күчүнө киришине байланыштуу, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн (мындан ары - биргелешкен комиссия) курамы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Биргелешкен комиссия:
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоого даярдоо жана жүргүзүү боюнча зарыл болгон ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди иштеп чыксын жана биргелешкен комиссиянын өзбек бөлүгү менен сүйлөшүүлөрдө макулдашсын;
- 2023-жылдын 1-июнунан тартып кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо боюнча иштерге киришсин;
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эл аралык келишимдин долбоорун даярдасын.
3. Биргелешкен комиссия Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин белгиленген тартипте өзүнүн ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ (кызмат орду боюнча)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу башкармалыгын бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекеменин директору.