Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-январы № 3

 

Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

 

Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык аймактык  кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1356513,93 миң сом акча каражатынын калгандыгы эске алынсын.

 

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 1356513,93 миң сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына

130250 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация

-20000 сом

-Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине

-85500 сом

-Социалдык фондго чегерүүгө

-14750 сом

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө

22900 сом бөлүнсүн

Анын ичинен:

-Айыл аймагына караштуу маданият кызматкерлерине

-19500 сом

-Социалдык фондго чегерүүгө

-3400 сом

 

Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө

741750 сом бөлүнсүн

Анын ичинен :

-Электрик бир адам айына 12000 сомдон бир жылга-144000 сом;

-Айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн бир адам айына 12000 сом бир жылга 144000 сом;

-Архив ишин алып баргандыгы үчүн бир адам бир айга 4000 сом 3 айга  12000 сом.

Жалпысы эмгек акыга

300000 сом.

Социалдык фондго чегерүугө

51750 сом

 

-Айыл аймагына балдар ойноо үчүн оюн аянтчасын алууга

-270000 сом

-Кум-шагыл төгүү үчүн

130000 сом

 

3. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын окуу корпусуна жалюзи алып берүү үчүн-446613,93 сом

 

4. Миң-Булак айыл аймагындагы маданият үйүнө  кино коюу үчүн керектелүүчү материалдарды алууга-15000 сом

 

5. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына жүктолсүн.

 

Төрага

 

Т.Койчубаев