МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-январы № 4
Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 200793,7 тыйын акча каражатынын калгандыгы эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 200793,7 тыйын акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
-Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө труба сатып алуу үчүн -93817,54 сом акча каражаты 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды алуу үчүн);
-Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасына 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды алуу үчүн) 106976,16 сом .
3.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Койчубаев |