|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 276 токтомуна) |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү (мындан ары - Комиссия) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо максатында 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин жана 2022-жылдын 3-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишимдер) ылайык макулдашылган мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө үчүн түзүлгөн.
1. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Келишимдерди, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин регламенттөөчү башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссия мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча өз ишин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору менен бирдикте уюштурат.
2. Комиссиянын уюштуруу иши
3. Комиссиянын уюштуруу иши кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссия бекитүүчү иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлөт.
Комиссияны жетекчиси башкарат, ал жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Комиссиянын талаадагы демаркациялык топторунун жолугушууларын жыйналыштарын өткөрүү, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жана талаадагы демаркациялык топторунун мүчөлөрүн Өзбекстан Республикасына иш сапарга жиберүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Комиссиянын ишине министрликтердин жана ведомстволордун адистерин тартуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен аныкталат.
4. Комиссия кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо боюнча төмөнкү ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди иштеп чыгат:
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссия жөнүндө жобо;
- Талаадагы демаркациялык топтор жөнүндө жобо;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында чек аралык белгилердин жайгашкан жерин аныктоо боюнча нускама;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында чек аралык белгилер менен белгилөө тартиби жөнүндө нускама;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сүрөттөө-протоколун түзүү тартиби жөнүндө нускама;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында гидрографиялык иштерди аткаруу боюнча нускама;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында аэрофотосүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү талаптары;
- Космостук сүрөттөргө техникалык талаптар;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессинде чектелген пайдалануудагы топографиялык-геодезиялык, аэрофотосүрөт жана башка материалдарды берүү, өткөрүү, алуу, ошондой эле аларды алмашуу тартиби;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо документтерин тариздөө жана басып чыгаруу боюнча нускама;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча талаа иштерин аткаруу үчүн адамдардын, транспорт каражаттарынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүсүн жана алардын чектеш мамлекеттин аймагында убактылуу болуусун жөнөкөйлөштүрүү тартиби;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы демаркациялык иштердин көлөмүн бөлүштүрүү таблицасы;
- Комиссиянын жана талаадагы демаркациялык топтордун ишин регламенттөөчү башка документтерди.
5. Өзбек тарабы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Комиссия:
- Комиссиянын курамында пленардык жыйналыштар формасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- зарылдыгына жараша делегация жетекчилеринин жолугушууларын, Комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналыштарын, талаадагы демаркациялык топтордун жана делегация эксперттеринин жолугушууларын өткөрөт;
- сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундунун күн тартибин аныктайт;
- сүйлөшүүлөрдүн ар бир раундунун жыйынтыгы боюнча делегациялардын жетекчилери же алардын орун басарлары кол коюучу протоколдорду түзөт;
- өзбек тарабы менен макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду жөнүндө басма сөз үчүн билдирүү даярдайт;
- өзбек тарабы менен сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугун сактайт;
- демаркация маселелери боюнча кат-кабарларды берүү жана алуу, документтерди жеткирүү жана сактоо боюнча зарыл шарттарды камсыз кылат.
6. Демаркациялык иштердин жүрүшүндө Комиссия:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргойт;
- Келишимге ылайык жеринде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын өтүшүн белгилейт;
- 2000-2022-жылдардагы делимитациялоо мезгилинде кыргыз жана өзбек тараптар түзгөн топографиялык карталардын негизинде мамлекеттик чек араны демаркациялайт.
Жер-жерлерде айкын өзгөртүүлөр болгон учурда картага тиешелүү оңдоолорду киргизет;
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана өзбек тарабы менен макулдашат;
- өзбек тарабы менен макулдашуу боюнча Комиссиянын жумушчу топторун түзөт. Жумушчу топтор биргелешкен комиссиянын жумушчу органдары болуп саналат, ошондой эле жетекчилерден жана мүчөлөрдөн турат;
- жеринде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жумуштардын аткаруу максатында кызыктар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуу боюнча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча талаадагы демаркациялык топторду түзөт жана алардын ишин контролдойт, талаадагы демаркациялык топтор берген документтерди карайт, текшерет жана бекитет. Талаадагы демаркациялык топтордун саны жана курамы тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен макулдашылгандан кийин Комиссиянын жетекчиси тарабынан бекитилет;
- талаадагы демаркациялык топтордун ишин координациялайт жана алардын иштешин камсыздайт, алардын ишинин принциптерин, максаттарын жана милдеттерин аныктайт;
- талаадагы демаркациялык топтор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын, ошондой эле Келишимдин сакташын контролдойт;
- демаркациялоо процессинде талаадагы демаркациялык топтордо келип чыгуучу маселелерди чечет;
- чек ара белгилерин так орнотууну жана жерди даярдоо сапатын контролдойт;
- мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ишти аткаруу үчүн өндүрүшү үчүн чек ара белгилерин даярдоону жана материалдык-техникалык каражаттарды берүүнү контролдойт;
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору менен бирдикте мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча талаадагы демаркациялык топтордун техникалык персоналын кызматтык жайлар менен камсыздайт.
7. Комиссиянын жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарында, мекемелеринде, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын кызыкдар органдары менен мамилелерде Комиссиянын атынан чыгат;
- Комиссия мүчөлөрүн республиканын ичине, ошондой эле Өзбекстан Республикасына, ал эми зарыл учурларда - мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган эксперттерди жана башка адистерди иш сапарга жиберүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизет;
- мамлекеттик чек араны демаркациялоого тиешелүү документтерге белгилеген тартипте кол коет жана бекитүүгө берет.
8. Талаадагы демаркациялык топтор өз ишинде ушул Жобону, талаадагы демаркациялык топтор жөнүндө жобону, нускамаларды, техникалык шарттарды жана Комиссия бекиткен чек араны демаркациялоо үчүн башка документтерди жетекчиликке алат.
9. Талаадагы демаркациялык топтор жетекчиден жана мүчөлөрдөн турат. Иштин керектөөлөрүнө жараша талаадагы демаркациялык топтордун жетекчилери кошумча адистерди жана башка кызматкерлерди тарта алат. Топтордун сандык курамында паритетти сактоо милдеттүү эмес.
3. Делегациянын финансы-чарбалык иши
10. Комиссия кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө чыгымдардын сметасын даярдайт, тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор менен макулдашат жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизет.
11. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн бөлүнгөн финансы каражаттары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинде топтолот.
12. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди материалдык-техникалык камсыздоо бөлүнгөн финансы каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.