Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 , 25 апреля 2026 года № 289 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган бир кызматтык маянага чейинки өлчөмдөгү үстөктөрдү, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү төлөмдөрдү белгилейт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |