Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 22/6

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 21-июлундагы биргелешкен отурумунун №5 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1.Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айында кирешелер планына 14302,9 миң сомго тактоо киргени: анын ичинен: кирешелердин республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар планына 13402,9 миң сом, жергиликтүү бюджеттин кирешелер планына 2100,0 миң сом кошулгандыгы жана атайын каражаттар планынан 1200,0 миң сомго кыскарганы эске алынсын.

 2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы кирешелеринин республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттарынын эсебинен: Өзгөн шаарынын башкы планын даярдоо үчүн 13174,9 миң сом, мэриянын статист штатын кармоого 228,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен тиркемеге ылайык 2100,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттарынын чыгашалар планынан 1200,0 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.

3.Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги А.Темур мектебинин кичи футболдук стадионун курулуш иштерин аягына чыгаруу ишинин багытын өзгөртүп, А.Темур мектебинин күн батыш тарабын тосмолоо иштерин аткарууга макулдук берилсин. Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги В.И.Ленин орто мектебинин базасында 100 орундуу бала бакча куруу үчүн каралган акча каражатынын эсебинен Өзгөн шаарынын борбордук аянтында жайгашкан трибунаны капиталдык ремонттоо үчүн 1000,0 миң сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин. 

       4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.

      5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага                    А. Хасанов

 

 

 

Тиркеме

  Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын  27-июлундагы кезектеги XXII сессиясынын №22/6  токтому менен бекитилди

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен бөлүнгөн каражаттар жөнүндө маалымат

 

 

 

№

 

               Аткарылуучу иштер

Суммасы, миң сом

1

А.Темур орто мектебинин аймагында курулуп жаткан 75 орундуу бала бакчанын батыш тарабындагы Нуриддинов көчөсүнө асфальт төшөөгө

1156,0

2

А.Темур орто мектебинин аймагында курулушу аяктап жаткан 75 орундуу бала бакчага кошумча каражат бөлүүгө

750,1

3

Өзгөн жашылдандыруу чарбасы МИна шаймандар сатып алууга

100,0

4

Өзгөн шаардык мэриясына караштуу МММБ департаментине шаардагы муниципалдык имараттарды камсыздандырууга

93,9

Жалпы:

2100,0