Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 22/7

Өзгөн шаары үчүн таза суу тармагын реабилитациялоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманы кеңейтүүгө  насыя алууга макулдук берүү жөнүндө

 

     Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 21-июлундагы биргелешкен отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калктын жашоо шартын жакшыртуу жана долбоордун максаттарына жетүү максатында Европа Инвестициялык Банкынан кошумча 1,5 млн евро акча каражатын насыя катары алууга макулдук берилсин.

2. Шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана канализация тармагын жаңыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акчанын максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.

3. Шаар калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук турмушка ашыруу жагы «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага                    А. Хасанов