Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы

2023-жылдын 19-сентябры № 23/2

           Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-сентябрындагы №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгү 92800,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү  69060,4миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.

 

       2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.

 

        3.Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 6 айындагы кирешелер планына 14302,9 миң сомго тактоо киргендиги анын ичинен: кирешелердин республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар планына 13402,9 миң сом, жергиликтүү бюджеттин кирешелер планына 2100,0 миң сом кошулганы жана атайын каражаттар планынан 1200,0 миң сомго кыскарганы эске алынсын.

 

       4.Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бекитилген бюджетинде Социалдык коргоо бөлүмүнө каралган каражаттан 1500,0 миң сомду Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын өздүк эсебине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде сарпталышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.

 

      5. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.

 

       6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                А. Хасанов