ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры № 23/5
Таштанды ташталуучу жайга катуу таштандыларды төгүүнүн тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 18-июлундагы № 01-9/720 катына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы биргелешкен отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын таштанды топтоочу полигонуна таштанды алып кирүү үчүн автоунаалардан төмөндөгү тартипте акы алынуусуна макулдук берилсин:
Лабо автоунааларынан – 300 сом,
Портер автоунааларынан -500 сом,
Трактор жана ГАЗ-53 автоунааларынан - 2000 сом,
КАМАЗ жана ХАО автоунааларынан - 5000 сом,
2. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы "Өзгөн шаарында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө "№ 28/3 токтомунун 2-пункту өз күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов