Загрузка документа…
ПАПАН АЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын №II, №VIII токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү Папан айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 1-декабры № 1
Папан айыл өкмөтүндүгү Бөрү участкасындагы 548-контурдагы 1,0га жер тилкеси, Арал участкасындагы 268-контурдагы 0,08га жер тилкесине чыгарылган токтомдор жөнүндө
Папан айылдык кеңеши 2023-жылдын 7-июлундагы кезектеги VII чакырылышынын XX сессиясында каралган Бөрү участкасындагы 548-контурдагы 1,0га айыл чарбасына жараксыз жер тилкесине чыгарылган №IIтоктому, Арал участкасындагы 268-контурда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 0,08га жер тилкесине чыгарылган №VIII токтому Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан 28.11.2023-жылдагы №1-44-3238-23 сандуу каршылык билдирүү катына байланыштуу Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүндөгү Бөрү участкасындагы 548-контурдагы 1,0га айыл чарбасына жараксыз жер Арал участкасындагы 268-контурдагы муниципалдык менчиктеги 0,08га жер тилкесине чыгарылган VIIчакырылышынын кезектеги XX сессиясынын №II жана №VIII токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Т.Тагаев