Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2023-жылдын 22-декабры № 1                                         

Шарк айылдык аймагынын Имам-Ата айылын Ош шаарынын административдик бирдигинин курамына өткөрүп берүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук Программасын ишке ашыруу максатында, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун  карап чыгып, сессияда талкуулап Шарк  айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

1.       Шарк айылдык аймагынын Имам-Ата айылын Ош шаарынын административдик бирдигинин курамына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;

2.       Айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык менчикти инвентаризациялоо жана андан ары Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү үчүн комиссия түзүү иштери жүктөлсүн;

3.       Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Имам-Ата айылын Ош шаарынын курамына өткөрүп берүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы Имам-Ата айылынын депутаттарынын жана тургундарынын суроо-талаптарын жана каалоолорун аткаруу боюнча чараларды көрүлсүн;

4.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

 

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы С. Абзалов