Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 1
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун менен кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” жана “Мыйзамдуулукту, укук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 27-беренесинин, 3-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга бир сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акысы бекитилсин жана 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
3.Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Махмудовго милеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” жана “Мыйзамдуулукту, укук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага К.Сатторов