Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндө жайгашкан 450 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы протоколуна жана Мончок-Дөбө айылынын, Яш бөлүмүнүн тургундарынын 2022-жылдын 01-декабрындагы арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 27-беренесинин, 15-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндө жайгашкан, 450 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, мечит курууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Төрага К.Сатторов