Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезекcиз XII сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралындагы  № 12\8

 

Керме-Тоо айыл аймагына пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу максатында жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

“Ош Глобал Текстиль” жоопкерчилиги чектелген коомунун арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагына пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу максатында, Жеңиш участкасындагы №184 контурундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 10,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “”Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасынын №184 контурунда жайгашкан  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 10,0га жер аянтын пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “”Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) байланыштуу иш кагаздарын  даярдоо жана Араван районунун мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун актарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет, экономика, муницпалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.М. Шерматов