Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 3
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 2019-жылдын 15-июнундагы кезектеги № 27-сессиясынын отурумунун № 12 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы протоколуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 21-декабрындагы № 328 сандуу катынын, айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2022-жылдын 20-декабрындагы билдирүсүүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 1 жана 15 пунктуна ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 2019-жылдын 15-июнундагы кезектеги № 27-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 1031-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына муниципалдык мектепке чейинки балдар мекемесин куруу үчүн, 0.20 га жер аянтын ажыратууга жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү” № 12 Токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1 пункту Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жер эсебинен № 1013- контурундагы 0.20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдогу өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин токтомун аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Төрага К.Сатторов