Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН  ШААРДЫК  КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын

 

2023-жылдын 24-апрели № 50

“Айдаркен шаарынын “Кенчилер, Маяковский жана Гагарин кѳчѳлѳрүнѳ түнкү жарыктандыруу орнотуу”  долбооруна ѳздүк салым 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сом жана “№7-Айдаркен орто мектебинин айланасына темир тосмо орнотуу” долбоорунаѳздүк салым 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаттарын ажыратып берүү жѳнүндѳ”

Айдаркен шаарынын “Кенчилер, Маяковский жана Гагарин кѳчѳлѳрүнѳ түнкү жарыктандыруу орнотуу” жана “№7-Айдаркен орто мектебинин айланасына темир тосмо орнотуу” долбоорлору жѳнүндѳАйдаркен шаардык мэриясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 21-сессиянын протоколунун негизинде

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.     Айдаркен шаарынын “Кенчилер, Маяковский жана Гагарин кѳчѳлѳрүнѳ түнкү жарыктандыруу орнотуу” долбооруна ѳздүк салым 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2.     Айдаркен шаарынын “№7-Айдаркен орто мектебинин айланасына темир тосмо орнотуу” долбооруна ѳздүк салым 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

Төрага:

А.К. Кожомбердиев