Сравнение редакций…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) |
Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78, 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2024-жылдын 23-майындагы № 262, 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 683, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695, 2025-жылдын 12-мартындагы № 129, 2025-жылдын 28-майындагы № 285, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453, 2025-жылдын 8-августундагы № 478 2025-жылдын 12-августундагы № 486 , 2025-жылдын 14-августундагы № 494, 2025-жылдын 28-августундагы № 535, 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2025-жылдын 25-октябрындагы № 756, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 10-февралындагы № 79, 2026-жылдын 10-февралындагы № 82, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121, 2026-жылдын 27-мартындагы № 197, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүк
ЖАЛПЫ БӨЛҮМ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында лицензиарлардын аткарылуучу иштерге жана (же) көрсөтүлүүчү кызматтарга лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, узартуу, колдонулушун токтотуу боюнча ишин тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.
2. Жобо лицензиарлардын лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы аракеттеринин (жол-жоболорунун) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун аныктайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө, дубликатын берүүдө, ошондой эле чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте таанууну жүзөгө ашырууда мамлекеттик алымды алуу салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Лицензиялоону ушул Жобонун II бөлүгүндө “Өзгөчө бөлүгүндө” көрсөтүлгөн лицензиарлар жүргүзөт.
5. Лицензиардын лицензиялоо процессиндеги иши ушул Жобого, лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле тиешелүү тармактагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Маалыматтык технологияларды пайдалануу менен лицензиялоо жүзөгө ашырылган учурда лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан бардык процесстер автоматташтырылган (электрондук) формада жүзөгө ашырылат. Бардык юридикалык маанилүү иш-аракеттер жана юридикалык маанилүү чечимдер электрондук түрдө жүргүзүлөт.
7. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат кагаз түрүндө же лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу түзүлгөн электрондук түрдө берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтер лицензиар тарабынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу суралат. Бул учурда арыз ээсинен документтерди кагаз түрүндө берүү талап кылынбайт.
2-глава. Лицензиялоону жүзөгө ашыруу
эрежелери жөнүндө маалымдоо
9. Лицензиялоо тартиби жөнүндө маалымат лицензиарлардын расмий сайттарында, лицензиарлар жана алардын региондук бөлүмдөрү жайгашкан имараттардагы маалымат такталарында жайгаштырылат.
10. Лицензиялоо тартиби жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
– лицензия же уруксат алуу тартибин аныктаган ченемдик укуктук актылардын актуалдуу тексттери;
– лицензияларды жана (же) уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
– арызга тиркелүүчү документтерди күбөлөндүрүү боюнча талаптар;
– лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн арыз ээлерине талаптар;
– лицензияларды жана (же) уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн баяндоо;
– лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер;
– лицензиарлардын чечимдерине даттануу жол-жоболорун баяндоо;
– лицензиялардын, даттанууларды кароонун, анын ичинде региондук бөлүмдөрдүн аталышы, жайгашкан жери жана иштөө режими;
– мамлекеттик алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби.
11. Лицензиялоо маселелери боюнча консультацияларды төмөнкү учурларда лицензиарлардын адистери беришет:
1) жеке кайрылууда (оозеки кайрылууда);
2) маалымат жана консультация үчүн телефондор аркылуу;
3) электрондук байланыш аркылуу, анын ичинде лицензиарлардын расмий сайттары аркылуу;
4) жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча.
3-глава. Лицензиар тарабынан лицензиялоо
процессин жүзөгө ашыруунун натыйжалары
12. Лицензиар тарабынан лицензиялоо процессин жүзөгө ашыруунун натыйжалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия жана (же) уруксат берүү;
2) лицензия жана (же) уруксат берүүдөн негиздүү баш тартуу;
3) лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө;
4) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу;
6) лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү;
7) лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн негиздүү баш тартуу;
8) чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу;
9) лицензиар тарабынан мурда таанылган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензиялардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун токтото туруу;
10) эскертүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу;
11) айып пул салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонуу;
12) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу;
13) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо;
14) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун жаңылоодон негиздүү баш тартуу;
15) лицензияны таануу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
16) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
17) лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтарды Лицензиялардын жана (же) уруксаттардын бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрине киргизүү (өзгөртүү).
13. Лицензиар тарабынан лицензиялоо функцияларын ишке ашыруунун жыйынтыгы лицензиардын актысы менен кагаз түрүндө жана (же) электрондук түрдө таризделет. Кабыл алынган чечим жөнүндө акт лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасындагы арыз ээсинин жеке кабинетинде чечим кабыл алынган күнү жайгаштырылат жана лицензиялык иште кагаз жана (же) электрондук түрдө сакталууга тийиш.

14. Арыз ээсинин же анын өкүлүнүн талабы боюнча лицензиардын актыларынын көчүрмөлөрү же алардын көчүрмөлөрү акысыз берилет.
4-глава. Лицензиялоо процессинде лицензиар
тарабынан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу
мөөнөттөрү
15. Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда берүүгө укуктуу.

16. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө (кайра тариздөөдөн баш тартуу) жөнүндө чечим ага тиркелген документтер менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
17. Убактылуу лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартуу (узартуудан баш тартуу) жөнүндө чечим ага тиркелген документтери менен лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
18. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим төмөнкү күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алынат:
1) жеке ишкер катары ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматты камтыган жеке жактын арызы катталган;
2) жеке ишкер катары өзүнүн ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматтарды камтыган юридикалык жактын арызы катталган;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү бүткөн;
4) жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттердин толук көлөмдө аткарылгандыгы жөнүндө арыз катталган;
5) иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда арыз катталган;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынган;
7) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген;
8) жеке жактын каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү алынган;
9) жеке ишкердин иши токтотулган;
10) ишкердик ишке патенттин колдонуу мөөнөтү бүткөн;
11) лицензияны жана (же) уруксатты берүүнү же колдонуу мөөнөтүн узартууну мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген.
12) ушул Жобонун 24 жана 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке шайкеш келбеген дарек боюнча (географиялык аталышы өзгөргөн учурлардан тышкары) иш жүргүзүү фактысы белгиленген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Лицензиатка эскертүү берүү жөнүндө чечим лицензиялык талаптардын аткарылбагандыгы аныкталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде же коллегиалдуу орган тарабынан чечим кабыл алынганда 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
20. Лицензиатка айып салуу жөнүндө чечим аныкталган эреже бузуулар четтетилбеген учурда эскертүүдө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
21. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечим бузуулар табылган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;
2) лицензиардын жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензиат тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетилбегенде;
3) лицензиат тарабынан анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) лицензиат тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулганда.
Коллегиалдуу орган тарабынан чечим кабыл алынган же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн учурда чечим аныкталган бузуулар табылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо (кайра жаңылоодон баш тартуу) жөнүндө чечим аныкталган бузууларды жоюу боюнча лицензиялык текшерүү аяктаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде же коллегиалдуу орган тарабынан чечим кабыл алынганда 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
23. Лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү жөнүндө чечим лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген аныкталган лицензиялык талаптардын бузууларын жоюу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Коллегиалдуу орган тарабынан чечим кабыл алынган же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн учурда чечим аныкталган тартип бузууларды жоюу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
24. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегине ылайык лицензияны таануу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
25. Мурда лицензиар тарабынан таанылган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиялардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим жана лицензияны таануу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү жөнүндө чечим ушул Жобонун 21, 24-пункттарында аныкталган тартипте кабыл алынат.
26. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү лицензияны жана (же) уруксатты берүү, таануу, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңылоо, колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан, лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө сот тарабынан кабыл алынган чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 1 жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
27. Лицензиар тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр жөнүндө кабыл алынган актыны лицензиатка (арыз ээсине) жиберүүгө милдеттүү:
1) лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
2) лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартуу же узартуудан баш тартуу жөнүндө;
4) лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
5) чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияны таануу жөнүндө;
6) эскертүү берүү жөнүндө;
7) лицензияны жана (же) уруксатты токтото туруу жөнүндө;
8) айып пул салуу жөнүндө;
9) лицензияны жана (же) уруксатты кайра жаңылоо жөнүндө;
10) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө;
11) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арызын берүү жөнүндө.
28. Лицензиянын жана (же) уруксаттын түп нускасы лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине берилет. Лицензияны жана (же) уруксатты алуу үчүн арыз ээси келбеген учурда лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты алуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
29. Дубликаты лицензиатка лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде берилет.
5-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты
берүү, таануу үчүн зарыл болгон документтер
30. Лицензияны жана (же) уруксатты алуу үчүн арыз ээси лицензиарга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арыз:
– юридикалык жак үчүн – юридикалык жактын (уюмдун) толук жана кыскартылган аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын;
– жеке жак үчүн – фамилиясын, атын жана атасынын атын;
– жайгашкан жерин;
– лицензиар кат алышууну жүзөгө ашырган электрондук почтанын дарегин;
2) жеке жак үчүн – инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн – юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн же ишкердик ишке патенттин көчүрмөсүн жеке жак үчүн (жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ үчүн колдонулуучу маалыматтык система аркылуу жеке жактар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү учурларын кошпогондо, алар салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын бар/жоктугу жөнүндө маалымкат берүүсү зарыл);
4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
5) арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү арыз берген учурда лицензиарга арыз жана тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним катты;
6) берилген документтердин тизмесин;
7) арыз ээси жүзөгө ашырууга ниеттенген иштин лицензиялануучу түрү үчүн ушул Жобонун өзгөчө бөлүгүндө каралган документтерди.
Зарыл болгон учурда лицензиарга документтин түп нускасы жана/же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы N 535 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияны таануу үчүн арыз ээси лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
1) юридикалык жактын (уюмдун) толук жана кыскартылган аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, лицензиар кат алышууну жүзөгө ашырган анын электрондук почтасынын дарегин, чечимдердин, кабарлоолордун, билдирүүлөрдүн жиберилишин, банктын аталышын жана банктагы алыш-бериш эсебинин номерин, арыз ээси ишке ашырууга ниеттенген иштин лицензиялануучу түрүн көрсөтүү менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилген лицензияны таануу жөнүндө арызды;
2) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилген лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөсүн;
3) арыз ээсинин ишинин мыйзамдуулугун ырастоочу документтер (келип чыккан өлкөдөгү мамлекеттик каттоо).
32. 31-пунктта көрсөтүлгөн документтер чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легалдаштыруу талаптарына ылайык күбөлөндүрүлүүгө же апостиль коюу, мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
33. Ушул главада каралбаган лицензияны жана (же) уруксатты берүү, таануу үчүн документтерди арыз ээсинин берүүсү жөнүндө лицензиардын талап кылуусуна тыюу салынат.
6-глава. Лицензиялоону жүзөгө ашыруу үчүн
документтерди кабыл алуудан баш тартуунун
негиздери
34. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген адамдын арыздарды жана документтерди берүүсү;
2) лицензия жана (же) уруксат берүү, кайра тариздөө, убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу, лицензияны же уруксатты колдонууну токтото туруу (кайра жаңылоо) жана токтотуу, чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу үчүн ушул Жободо каралган бир же бир нече документтердин жоктугу;
3) лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүү үчүн белгиленген мөөнөттү бузуу менен документтерди берүү;
4) оңдоолору же кошуп жазуулары бар, сөздөрү чийилген же аларда айтылбаган башка оңдоолору бар документтерди, карандаш менен жазылган документтерди, ошондой эле алардын мазмунун бир мааниде чечмелөөгө мүмкүндүк бербеген олуттуу зыянга учураган документтерди берүү.
35. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу арыз ээси тарабынан баш тартуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин кайталап жана андан кийинки кайрылуулар үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Лицензиардын жазуу жүзүндөгү баш тартуусу лицензиар документтерди алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээси берген бардык документтерди тиркөө менен арыз ээсине берилет.
36. Ушул Жободо каралбаган негиздер боюнча лицензиялоону ишке ашыруу үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат.
7-глава. Лицензиялоодон баш тартуунун
негиздери
37. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн, лицензияны таануудан, убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан, лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөөдөн, токтотулуп турган лицензияны (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалымат табылганда;
2) арыз ээсинин документтеринин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
3) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдарда каралган тыюу салуунун болушу;
4) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө;
6) табылган лицензиялык талаптарды бузууларды четтетпөө.
38. Ушул Жободо каралбаган негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
8-глава. Лицензиялоо процесси
39. Лицензиялоо процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн документтерди кабыл алуу;
2) берилген документтерди талдоо;
3) лицензиялык контролдоо жүргүзүү;
4) лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) лицензияны жана (же) уруксатты тариздөө;
6) лицензиянын жана (же) уруксаттын түп нускасын (дубликатын) берүү (берүүдөн баш тартуу);
7) лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө;
8) убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу;
9) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу;
10) лицензияны таануу жөнүндө (таануудан баш тартуу жөнүндө) чечим кабыл алуу;
11) эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) берилген (таанылган) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
14) берилген (таанылган) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо (кайра жаңылоодон баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу;
15) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
16) Лицензиялардын жана (же) уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестрин жүргүзүү.
9-глава. Лицензия, лицензиянын тиркемесин берүү жана (же) уруксат берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана лицензиялык ишти түзүү

40. Лицензия, лицензиянын тиркемелерин жана (же) уруксат берүү жөнүндө арыз жана ушул Жобонун 5-главасында көрсөтүлгөн документтер алар келип түшкөн күнү катталат.

41. Арыздын формасы лицензиар тарабынан бекитилет.
42. Арызда тиркелген документтердин тизмеси көрсөтүлөт.
43. Арыздарды каттоо журналына арыз ээсинин аталышы (аты), арыздын катар номери, арызды кабыл алуу датасы, берилген документтердин тизмеси, арызды кароо компетенциясына кирген мамлекеттик органга кайра даректелген күн, арызды кайтарып берүү датасы, лицензияны жана (же) уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө актылардын реквизиттери, даттануу датасы, даттануу боюнча кабыл алынган чечимдин датасы жана түрү, лицензиялык ишти жүргүзүүгө жооптуу адамдын аты-жөнү жазылат.
44. Арыздын көчүрмөсү (кабыл алынган документтерди көрсөтүү менен) журналда анын катталгандыгы жөнүндө белги коюу менен арыз ээсине тапшырылат.
45. Лицензиар лицензиялык ишти арыз катталган күнү түзөт.
46. Ар бир арыз боюнча бирден лицензиялык иш түзүлөт.
47. Лицензиялык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) арыз жана ага тиркелген документтер;
2) лицензиар тарабынан лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөн акт (бар болсо);
3) лицензиардын коллегиалдуу органынын жыйналыштарынын протоколдору (бар болсо);
4) лицензия, лицензиянын тиркемелерин жана (же) уруксат берүү, лицензияны таануу, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу, лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө, узартуу, токтото туруу, кайра жаңылоо, токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө лицензиардын чечими;
5) лицензиар тарабынан лицензиатка жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн актылары лицензиялык текшерүүлөрдүн толтурулган барактары менен;
6) лицензиянын, лицензиянын тиркемелерин жана (же) уруксаттын көчүрмөлөрү;
7) таасир этүү чараны (чараларды) колдонуу жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү;
8) лицензияны мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз (бар болсо).

48. Лицензиялык иш лицензиаттын иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырган мөөнөтүнүн ичинде лицензиарда сакталат.
Лицензиялануучу иш токтотулгандан кийин иш лицензиардын архивинде 3 жыл сакталат.
10-глава. Лицензия жана (же) уруксат берүү
(берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу
49. Лицензиардын лицензия жана (же) уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечими арыз ээси берген документтерди, лицензия алдындагы текшерүүнүн жыйынтыктарын (бар болсо) талдоонун негизинде чыгарылат.
491. Лицензия жана (же) уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө арыздарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу лицензиар тарабынан кандайдыр бир коллегиалдуу органдарды, комиссияларды же жумушчу топторду түзбөстөн жүзөгө ашырылат, буга ушул Жобонун 31, 38, 63–68, 75, 78–82, 85-главалары кирбейт.

50. Лицензиардын лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө актысы лицензия алдындагы текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде эки нускада таризделет.
51. Кабыл алынган чечим жөнүндө акт лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде тапшырылат (же арыз ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен почта байланышы аркылуу жиберилет).
52. Ушул Жобонун 6-главасында аныкталган баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда арыз кайрадан каралууга тийиш. Мындай учурда лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арызды кароо мөөнөтү арыз кайталап кароого берилген күндөн тартып эсептелет.
53. Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
54. Эгерде лицензия берүүчү 30 календардык күндүн ичинде арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, лицензия жана (же) уруксат берилди деп эсептелет.
55. Ушул Жобонун 54-пунктунда каралган учурда лицензиар лицензия жана (же) уруксат берүү мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестрине киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.
11-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты
тариздөө жана берүү
56. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоочу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (болсо) жана уюштуруучулук-укуктук формасы, ошондой эле юридикалык дареги;
3) жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензия үчүн – иштин лицензиялануучу түрү, уруксат үчүн – иштин уруксат берилген түрү;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгерде белгиленсе);
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймактык чектелсе);
7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
Зарыл болгон учурда лицензияда жана (же) уруксатта лицензиялык ишти түзүүчү аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси көрсөтүлөт (лицензиялык ишти түзүүчү жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр бар болсо).

57. Лицензиянын жана (же) уруксаттын таризделген түп нускасынан көчүрмө алынат лицензияны жана (же) уруксатты тариздөө үчүн жооптуу адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана лицензиялык ишке тиркелет.
58. Ушул главада белгиленген лицензияны жана (же) уруксатты тариздөө тартиби чет мамлекеттердин органдары тарабынан берилген лицензияларга жана (же) уруксаттарга жайылтылбайт.
59. Лицензия жана (же) уруксат лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө кол коюу менен тапшырылат же болбосо тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу менен почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
12-глава. Лицензиянын жана (же) уруксаттын
дубликатын берүү (берүүдөн баш тартуу)
60. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү үчүн ал жоголгон же бузулган учурда лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү жөнүндө лицензиаттын арызы менен кайрылуусу негиз болот.
61. Лицензия жана (же) уруксат бузулган учурда арызга бузулган лицензия жана (же) уруксат тиркелет.
62. Лицензия жана (же) уруксат жоголгон учурда арызга калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (табылгалар бюросу) маалымкаты тиркелет.
63. Жоголгон, бузулган лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензиат арыз берген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
64. Арыз берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде лицензиар лицензиянын бланкынын жогорку оң бурчунда “Дубликат” деген жазуу менен лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берет.
65. Дубликат ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана лицензиардын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
66. Лицензиат лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
67. Жаңы лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө лицензиар анын дубликатын алып коёт.
68. Чет мамлекеттердин органдары тарабынан берилген жоголгон же бузулган лицензиялардын жана (же) уруксаттардын дубликаттары берилбейт.
13-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты
кайра тариздөө
69. Лицензия жана (же) уруксат төмөнкү учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) юридикалык жакты кайра уюштурууда;
2) юридикалык жактын аталышын өзгөртүүдө;
3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүдө;
3-1) ушул Жобонун 24, 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу жердин географиялык аталышын (дарегин) өзгөртүүдө;
4) чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияны ээликтен ажыратууда;
5) лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартууда;
6) юридикалык жакты реструктуризациялоодо.

70. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүп, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензиарга лицензиат тарабынан кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилет.
71. Келип түшкөн документтер алар катталган күнү лицензиаттын лицензиялык ишине тиркелет.
72. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде лицензиатка кол коюу менен тапшырылат же болбосо тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
73. Кайра таризделген лицензияны жана (же) уруксатты тариздөө жана берүү ушул Жобонун 11-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
74. Убактылуу лицензияларды кайра тариздөөдө лицензияны колдонуунун жалпы мөөнөтү өзгөрбөйт.
14-глава. Убактылуу лицензиянын колдонуу
мөөнөтүн узартуу
75. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп лицензиаттын лицензияны алгачкы алуу үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен анын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылуусу эсептелет.
76. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз лицензиарга лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн кеч эмес берилет.
77. Келип түшкөн документтер катталган күнү лицензиаттын лицензиялык ишине тиркелет.
78. Лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды кароого жооптуу адам ушул Жобонун 9-главасында белгиленген тартипте берилген документтерди текшерет.
79. Зарыл болгон учурда лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
80. Лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу же бул мөөнөттү узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим ушул Жобонун 10-главасында белгиленген тартипте кабыл алынат.
81. Лицензиардын лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу же бул мөөнөттү узартуудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш.
82. Лицензиатка мөөнөтү өтүп кеткен лицензияда көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош маалыматтарды камтыган жаңы колдонуу мөөнөтү менен жаңы лицензия таризделет.
83. Лицензиянын түп нускасынан көчүрмө алынып, тариздөө үчүн жооптуу адистин колу менен күбөлөндүрүлөт жана мурдагы лицензия берилген учурда ачылган лицензиялык ишке тиркелет.
15-глава. Лицензиянын жана (же) уруксаттын
колдонулушун токтотуу
84. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) лицензиаттын лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылуусу;
2) жеке жактын жеке ишкер катары иштин лицензиялануучу түрүн токтотуусу;
3) жеке жактын патентинин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
4) юридикалык жакты жоюу;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
6) аны жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жасоо;
7) лицензиялануучу иштин түрүн жүзөгө ашырууну мөөнөтүнөн мурда ыктыярдуу токтотуу жөнүндө лицензиаттын (лицензиаттын укук мураскорунун) арызы;
8) лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесинен иштин айрым түрүн алып салуу;
9) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу, лицензияны жана (же) уруксатты берүүнү же узартууну мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;
10) жеке адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу же анын каза болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну мөөнөтүнөн мурда ыктыярдуу токтотуу лицензиаттын арызынын негизинде жүзөгө ашырылат, ага токтотулуп жаткан лицензиянын жана (же) уруксаттын түп нускасы тиркелет.
Лицензияны жана (же) уруксатты мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызды алган учурда лицензиар пландуу лицензиялык текшерүүдө камтылбаган мезгил үчүн лицензиаттан маалыматтарды суроого укуктуу. Суралган маалыматтар иштин ушул түрүнө карата колдонулуучу лицензиялык текшерүү барагынын чегинен чыга албайт.
86. Арыз жана тиркелген документтер катталган күнү лицензиаттын лицензиялык ишине тиркелет.
87. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим тиешелүү арыз келип түшкөн же ушул Жобонун 85-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
88. Чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде лицензиатка кол койдуруу менен тапшырылат же болбосо почта байланышы аркылуу тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу менен жөнөтүлөт.
89. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулганда лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты Автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестрге киргизет.
90. Маалыматтар Автоматташтырылган (электрондук) реестрге бирдиктүү киргизилген күндөн тартып лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулду деп таанылат.
151-глава. Лицензияга тиркеме берүү
901. Лицензияга тиркеме лицензиатка төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында аткарылуучу иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн көрсөтүү, буга ушул Жобонун 31, 36, 40, 43, 44, 51–59-главалары кирбейт;
2) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектинин дарегин чагылдыруу үчүн (лицензиянын бардык түрлөрү үчүн).
902. Ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектин ачууда лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензиат лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
1) лицензияга тиркемени тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– юридикалык жак үчүн юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы;
– жеке жак үчүн – фамилиясы, аты жана атасынын аты;
– жаңы иш жүргүзүүчү объекттин иш жүзүндөгү дареги;
2) колдонуудагы лицензиянын көчүрмөсү;
3) жаңы объектти ачуу менен байланышкан лицензиялоочу органга мурда берилбеген, ушул Жобонун Өзгөчө бөлүгүндө каралган документтер.
903. Иштин лицензиялануучу түрлөрүнө кирген иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн тариздөөдө лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензият лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
1) лицензияга тиркемени тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
– лицензиат иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында ишке ашырууга ниеттенген иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүнүн тизмегин;
– юридикалык жак үчүн юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасын;

– иш жүргүзүү дарегин;
2) колдонуудагы лицензиянын көчүрмөсүн;
3) лицензиялоочу органга мурда берилбеген, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн аткаруу боюнча ушул Жобонун Өзгөчө бөлүгүндө каралган документтер.
904. Кабарлама иштин кошумча түрлөрү башталганга же жаңы объект ачылганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
905. Лицензияга тиркеме берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтардын аныкталышы;
2) арыз ээсинин документтеринин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
3) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын четтетпөө.
906. Лицензиардын лицензияга тиркеме берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечими лицензиат тарабынан берилген документтерди талдоонун, лицензияга чейинки текшерүүнүн жыйынтыктарынын (болсо) негизинде чыгарылат.
907. Лицензиардын лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө актысы лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде эки нускада таризделет (болсо).
908. Лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 1 жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө акт тапшырылат (же арыз ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт).
909. Ушул Жобонун 905-пунктунда аныкталган баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда кабарлама ушул Жобонун 9011-пунктунда белгиленген мөөнөттө кайрадан каралууга тийиш.
9010. Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
9011. Эгерде лицензиар кабарлама алган учурдан тартып 15 календардык күндүн ичинде лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө лицензиатка жазуу жүзүндө кабарлабаса, лицензиянын тиркемеси берилди деп эсептелет.

16-глава. Чет мамлекеттердин ыйгарым
укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияны
таануу (таануудан баш тартуу)
91. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде эл аралык макулдашуулардын негизинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте жүзөгө ашырылат.
92. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзбөстөн жана улуттук лицензия бербестен лицензиар тарабынан Бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрге чет мамлекеттердин лицензиялары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу деп таанылат.
93. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 27-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиялардын тизмегине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга лицензиялык талаптары окшош же андан ашкан чет мамлекеттердин лицензиарлары тарабынан берилген лицензиялар гана киргизилүүгө тийиш.
94. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесинде лицензиялардын жана ошол лицензияларды берген мамлекеттердин аталыштары камтылууга тийиш.
95. Лицензияларды бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу берилген лицензиялардын жана документтердин аныктыгын текшерүү жана лицензияларды таануу жөнүндө маалыматтарды Бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрге киргизүү жол-жобосуна негизделет.
96. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматтарды Бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрге киргизүү үчүн арыз ээси лицензияны таануу жөнүндө арыз менен ушул Жобонун 31-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү менен тиешелүү лицензиарга кайрылат.
97. Лицензиар берилген документтерди текшерүүнү 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматты Бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрге киргизет.
98. Эгерде чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелген болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензияны колдонуу чет мамлекет тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнө жараша чектелүүгө тийиш.
99. Лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензиат лицензиялык жөнгө салынууга тийиш болгон иштин тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптарды бузган учурда, лицензиар “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун өзүнүн чечими менен токтото алат же болбосо лицензияны таануу жөнүндө чечим лицензиардын кайрылуусунун негизинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн.
100. Лицензиат чет мамлекеттин таанылган лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө лицензиардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
17-глава. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды мамлекеттик каттоо
101. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды мамлекеттик каттоо лицензиарлардын расмий сайттарында реестрди жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана коммерциялык жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, ачык болуп саналат.
102. Реестрге Кыргыз Республикасында берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензиарлары тарабынан берилген лицензиялар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
103. Реестр лицензиялардын жана (же) уруксаттардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат. Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн реестрден лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматты жеке жана (же) юридикалык жактардан аталган маалыматты ырастоону кошумча талап кылбастан алууга милдеттүү.
104. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери же патенттин номери;
3) лицензиялануучу иштин түрү жана иш-аракеттердин түрү;
4) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизи жана датасы.

II бөлүк
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮМ
18-глава. Электр энергиясын өндүрүүнү,
берүүнү, бөлүштүрүүнү, сатууну, экспорттоону жана
импорттоону лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
109. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, экспорттоого жана импорттоого лицензия (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейинки кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын ар кандай булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
110. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, экспорттоого жана импорттоого лицензия (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейинки кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо) мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
111. Электр энергиясын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейинки кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын каалаган булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо) арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) банктык реквизиттер жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн);
2) техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жабдуулардын жана инфраструктуралардын техникалык коопсуздук ченемдерине шайкештиги жөнүндө оң корутундусу;
3) лицензиялануучу ишти сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу квалификациялуу адистердин бар экендиги жөнүндө маалыматтар (дипломдордун, эмгек китепчелеринин, билими же квалификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн же сертификаттардын көчүрмөлөрү);
4) электр чарбасы үчүн жооптуу адис жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
5) материалдык-техникалык жабдылгандыгын жана лицензиялануучу иштин түрү боюнча ниеттерин толук баяндаган түшүндүрмө кат;
6) менчигинде электр энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү.
112. Электр энергиясын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде электр энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү (буга үчүнчү жактардын жабдуулары аркылуу электр энергиясын экспорттоо жана/же импорттоо учурлары кирбейт);
7) арыз ээси өзү электр энергиясын өндүрүүчү (генератор) болуп саналган учурларды кошпогондо, үчүнчү жактардан электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтердин (контракттардын, ниет келишимдеринин, расмий каттардын) көчүрмөлөрү.
113. Электр энергиясын берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде электр энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) арыз ээсинин электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө үчүнчү жактардын кызыкчылыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (ниет келишими, коммерциялык сунуштар, расмий каттар).
114. Электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде электр энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү.
115. Электр энергиясын экспорттоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкүдөй документтерди берет:

2) техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жабдуулардын жана инфраструктуралардын техникалык коопсуздук ченемдерине шайкештиги жөнүндө оң корутундусу (үчүнчү жактардын жабдуулары аркылуу электр энергиясын импорттоо учурларын кошпогондо);

6) менчигинде зарыл болгон жабдуулардын болушун же үчүнчү жактардын жабдуулары аркылуу экспорттоо мүмкүндүгүн ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими/баланстык таандыктыгы жөнүндө акт/ижара/ишенимдүү башкаруу келишими/өткөрүп берүү контрагы/ниет келишими же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) экспортту ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (керектөөчү менен контракт, контракт жок болгон учурда – контракт түзүлгөндөн кийин аны берүү жөнүндө кепилдик кат).
116. Электр энергиясын импорттоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

7) импортту ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (жеткирүүчү менен контракт, контракт жок болгон учурда – контракт түзүлгөндөн кийин аны берүү жөнүндө кепилдик кат).
117. Электр энергиясын өндүрүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) акыркы 12 айда лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу;
2) менчигинде электр энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
3) белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык лицензиялык ишти адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
4) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кеч эмес мөөнөттө берүү.
118. Электр энергиясын сатуу боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) көп батирлүү үйлөрдү, турак жайларды жана социалдык маанилүү объекттерди баштапкы электр энергиясы менен камсыздоо;
3) алардын иштөө аймагындагы, электр менен жабдууга суроо-талап жиберген бардык керектөөчүлөрдү, анын ичинде алыскы райондордогу керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыз кылуу;
4) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу;
5) бөлүштүрүүчү ишкананын балансында турган материалдарды сатып алуу, энергия жабдууларын орнотуу жана оңдоо боюнча материалдык чыгымдардын ордун керектөөчүлөргө өз эсебинен алты айдын ичинде толтуруу;
6) электр энергиясын алдын ала эскертүүсүз өчүрүүдөн жана/же ГОСТтун талаптарына ылайык келбеген электр энергиясын берүүдөн келип чыккан материалдык зыяндын ордун керектөөчүлөргө толтуруу;
7) менчигинде электр энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
8) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
9) электр энергиясына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу;
10) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кеч эмес мөөнөттө берүү.
119. Электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) менчигинде электр энергиясын бөлүшүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
3) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу.
120. Электр энергиясын берүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу;
3) менчигинде электр энергиясын берүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
4) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
5) электр энергиясына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу.
121. Электр энергиясынын экспорту боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) кепилдик катта көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу (кепилдик кат болгон учурда);
3) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу;
4) менчигинде электр энергиясын экспорттоо үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу же үчүнчү жактардын жабдуулары аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү;
5) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
6) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кеч эмес мөөнөттө берүү.
122. Электр энергиясынын экспорту боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

19-глава. Жылуулук энергиясын өндүрүүнү, берүүнү,
бөлүштүрүүнү, сатууну лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
123. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга лицензия отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
124. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
125. Жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган жылуулук энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо) арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү.
126. Жылуулук энергиясын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жылуулук энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) арыз ээси өзү жылуулук энергиясын өндүрүүчү болуп саналган учурларды кошпогондо, үчүнчү жактардан жылуулук энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (контракттар, ниет келишимдери, расмий каттар).
127. Жылуулук энергиясын берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жылуулук энергиясын берүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) жылуулук энергиясын берүү боюнча арыз ээсинин кызмат көрсөтүүлөрүнө үчүнчү жактардын кызыкчылыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (ниет келишими, коммерциялык сунуштар, расмий каттар).
128. Жылуулук энергиясын бөлүштүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын бөлүштүрүү үчүн белгиленген тартипте катталган зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) эки же андан көп керектөөчүлөрдүн бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (контракттар/ниет келишимдери/коммерциялык сунуштар/расмий каттар).
129. Жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
3) адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен, белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык лицензияланган ишти жүзөгө ашыруу;

130. Жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) керектөөчүлөргө лицензиялануучу иштин түрү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу;
3) көп батирлүү үйлөрдү, турак жайларды жана социалдык маанилүү объекттерди жылуулук энергиясы менен баштапкы камсыздоо;
4) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыз кылуу;
5) керектөөчүлөргө алдын ала эскертүүсүз жылуулук энергиясын өчүрүүдөн жана/же ГОСТтун талаптарына ылайык келбеген жылуулук энергиясын берүүдөн келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу;
6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
7) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
8) жылуулук энергиясына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу;
9) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кеч эмес мөөнөттө берүү.
131. Жылуулук энергиясын бөлүштүрүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

132. Жылуулук энергиясын берүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

3) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жылуулук энергиясын берүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

5) жылуулук энергиясына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу.
20-глава. Өсүмдүк сырьесунан биоэтанолду өнөр
жай көлөмүндө өндүрүүнү жана аны сатууну
кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра
иштетүүнү лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
133. Мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө лицензия отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
134. Мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
135. Мунайды кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган мунайды кайра иштетүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) кооптуу өндүрүштүк объекттердин декларациясы жөнүндө эксперттик корутунду;
8) кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдун жоопкерчилигинин камсыздандыруу полиси;
9) мунайзаттарды кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим (өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу үчүн көмүрсуутек чийки затын берүүчү (берүүчүлөр) менен келишим);
10) мунайзаттарды сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим;
11) өрткө каршы абал жөнүндө корутунду.
136. Жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жаратылыш газын кайра иштетүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими же башка документ) көчүрмөлөрү;

9) газ продуктусун кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим (өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу үчүн чийки затты берүүчү (берүүчүлөр) менен келишим);
10) газ продуктусун сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим;
11) өрткө каршы абал жөнүндө корутунду.
137. Мунайды кайра иштетүү боюнча ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;
3) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

138. Жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:

21-глава. Жаратылыш газын өндүрүүнү,
берүүнү, бөлүштүрүүнү жана сатууну лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
139. Жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга лицензия отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
140. Жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
141. Жаратылыш газын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жаратылыш газын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими же башка документ) көчүрмөлөрү.
142. Жаратылыш газын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жаратылыш газын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) арыз ээси өзү жаратылыш газын өндүрүүчү (генератор) болуп саналган учурларды кошпогондо, жаратылыш газын үчүнчү жактардан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтердин (контракттардын, ниет келишимдеринин, расмий каттардын) көчүрмөлөрү.
143. Жаратылыш газын берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жаратылыш газын берүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктыгы жөнүндө акт же башка документ) көчүрмөлөрү;
7) арыз ээсинин жаратылыш газын, энергия берүү (ташуу) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө үчүнчү жактардын кызыкчылыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (ниет келишими, коммерциялык сунуштар, расмий каттар).
144. Жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:

6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда белгиленген тартипте катталган жаратылыш газын бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу/белекке берүү келишими, баланстык таандыктык актысы же башка документ) көчүрмөлөрү;

145. Жаратылыш газын өндүрүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жаратылыш газын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
3) лицензиялык ишти белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбестен ишке ашыруу;

146. Жаратылыш газын сатуу боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

3) көп батирлүү үйлөрдү, турак жайларды жана социалдык маанилүү объекттерди жаратылыш газы менен баштапкы камсыздоо;
4) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык жаратылыш газын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу;
5) жаратылыш газын алдын ала эскертүүсүз өчүрүүдөн жана/же ГОСТтун талаптарына ылайык келбеген жаратылыш газын берүүдөн келип чыккан материалдык зыяндын ордун керектөөчүлөргө толтуруу;
6) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жаратылыш газын сатуу үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

8) жаратылыш газына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу;

147. Жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жаратылыш газын бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

148. Жаратылыш газын берүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык жаратылыш газын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу;
3) менчигинде жана/же ээлигинде жана пайдалануусунда жаратылыш газын берүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;

5) жаратылыш газына тарифтерди бекитилген өлчөмдөрдө колдонуу.
22-глава. Этил спиртин өндүрүүнү жана
жүгүртүүнү лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
149. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
150. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
151. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкүдөй документтерди берет:
1) уставдык капиталды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);
3) этил спиртин (коньяк спиртинен тышкары) өндүрүүчүлөр үчүн – менчигинде имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин түп нускаларын көрсөтүү менен алардын көчүрмөлөрү.

152. Этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсине менчик укугунда таандык болгон өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
2) спирт сактоочу жайларда даяр продукцияны берүүнү жүзөгө ашыруучу идиштердеги чыгым өлчөгүчтөрдүн болушу;
3) продукцияны кабыл алууну, сактоону, берүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн гана арналган кампа жайларынын болушу;
4) этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү менен спирт заводдоруна бардык кирүүлөрдө (чыгууларда) видеобайкоонун болушу;
5) этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте декларациялоо;
6) этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын сактоо;
7) этил спиртин жүгүртүүнү аны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтер болгондо гана жүзөгө ашыруу:
– товардык-транспорттук коштомо кагаз же эсеп-фактура;
– этил спиртинин коопсуздуктун техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
– жүктүн бажы декларациясынын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукция үчүн);
– этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымды төлөө;
8) чийки заттын жана даяр продукциянын кыймылын эсепке алуу журналынын болушу;
9) тамак-аш чийки затынан иштелип чыккан этил спиртин, тамак-аш эмес чийки заттан иштелип чыккан этил спиртин, ошондой эле мунайзаттарга кошумча катары арналган этил спиртин бир эле дарек боюнча, бир эле стационардык, кампа жайларында жана жабдууларда өндүрүүгө жана (же) сактоого тыюу салуу.
23-глава. Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү
жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында
сактоо, дүң сатуу) лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
153. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң сатуу) лицензия этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
154. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң сатуу) лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

155. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң сатуу) лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана дүңүнөн сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар үчүн уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

3) түп нускаларын көрсөтүү менен менчигинде жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
156. Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу, дүң сатуу максатында сактоо) боюнча ишке карата лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсине менчик укугунда же ижара укугунда таандык өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) этил спиртин жүгүртүүнүн жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте декларациялоо;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн технологиясын сактоо;
7) алкоголдук жана спирттүү продукцияны жүгүртүүнү аны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтер болгондо гана жүзөгө ашыруу:

-- этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын коопсуздугунун техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;

8) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылып жаткан аракты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген минималдуу дүң-өткөрүү жана чекене баадан төмөн эмес сатууга;
9) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымды төлөө;
10) сатылуучу алкоголдук продукцияга акциздик маркалардын болушу жана шайкештиги;
11) Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” (ББ ТР 022/2011) жана “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 005/2011) жана “Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (ЕАЭБ ТР 047/2018) "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 021/2011) техникалык регламенттеринин жана тиешелүү мамлекеттик стандарттардын талаптарына шайкештиги;
12) алкоголдук продукцияны сактоого жана дүңүнөн сатууга жана/же контролдук-кассалык машинага лицензиясы жок субъекттерге алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу;
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) алкоголдук тармактын ишканаларында чийки заттын жана даяр продукциянын кыймылын эсепке алуу журналынын болушу.
17) лицензия алууга арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык лицензиялык ишти жүзөгө ашыруу;
18) алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык нускаманын болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24-глава. Жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишти (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
157. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке лицензия (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

158. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.
((КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
159. Жеке медициналык ишке берилген лицензия убактылуу, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.

160. Медициналык ишти жүргүзүүгө лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет. Лицензия изденүүчүнүн арызы боюнча лицензия 5 жылга жетпеген мөөнөткө берилиши мүмкүн.

161. Жеке медициналык ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) арызда көрсөтүлгөн медициналык иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);
2) пациенттер жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык аппаратуранын жана жабдуулардын коопсуздук ченемдерине шайкештигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (метрологиялык корутунду, текшерүү актылары, режимдик комиссиянын актысы);
3) арызда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу турак эмес кыймылсыз мүлктүн (жайлардын/ кабинеттердин) санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, эрежелерге жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документ (санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы);
4) медициналык калдыктарды утилдештирүү келишими (зарылдыгына жараша);
5) медициналык иштин түрлөрүн сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылган квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастоочу документтер (медициналык билими жөнүндө диплом, интернатураны/ординатураны аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, берилген адистик боюнча жарактуу квалификациялык же аттестациялык сертификат, эмгек китепчеси).

162. Жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы лицензиялык талаптар жана шарттар:
1) төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл:
- лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык жайлардын;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык минималдуу талаптар боюнча лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, метрологиялык ченемдерге жана техникалык коопсуздук ченемдерине ылайык келген медициналык жабдуулардын, аппаратуралардын;
2) медициналык ишти төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө сакталган учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык так жүзөгө ашыруу:
- колдонуудагы клиникалык протоколдорго, саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын актыларына ылайык сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген үлгүлөр жана формалар боюнча баштапкы медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсепке алуу-отчеттук медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен жыл сайын статистикалык отчеттуулуктун формасына ылайык иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө отчет берүү;
- адистерди алмаштырууда - лицензиарга 30 календардык күндүн ичинде маалымат берүү;
- жумушка кабыл алынган медициналык кызматкерлерге бир эле учурда экиден ашык эмес медициналык мекемелерде иштөөгө уруксат берилет;
- медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.

163. Лицензиат жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда ушул Жобонун 161-пунктунда каралган талантардан жана шарттардан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) медициналык жардам көрсөтүүдө оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү максатында калкка медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алууга багытталган колдонулуучу медициналык процедуралардын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык жабдууларды, шаймандарды дезинфекциялоонун жана стерилизациялоонун коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого;
2) медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүү, чогултуу, таңгактоо, маркалоо, эсепке алуу, сактоо, ташуу, жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу, көмүү боюнча талаптарды сактоого;
3) дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонууга;
4) консультациялык-методикалык жардам алуу үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн адистерди чакыруу учурунда билим берүү документтерин милдеттүү нострификациялоодон алдын ала өтүүгө.

25-глава. Фармацевтикалык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
164. Фармацевтикалык ишке лицензия саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
165. Фармацевттик ишке берилген лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.

166. Фармацевтикалык иш төмөнкүдөй иштерди аткаруудан жана/же кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) дары каражаттарын өндүрүү;
2) медициналык буюмдарды өндүрүү;
3) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн (дистрибуция) сатуу;
4) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо);
5) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды чекене сатуу;
6) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды даярдоо;
7) саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды сактоо жана берүү;
8) сактоо жана ташуу.

167. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
168. Фармацевтикалык ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) арызда көрсөтүлгөн фармацевттик иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (билими тууралуу диплом, аттестация тууралуу сертификат, эмгек китепчеси);
4) дары каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн:
- жайлардын дары каражаттарын өндүрүүгө коюлуучу талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусу;
- өндүрүштүк аянтчада өндүрүлүүчү (өндүрүүгө пландалган) дары каражаттарынын тизмеги;
- аянты, жайгашкан жери, чектеш зоналары/аймактары жөнүндө маалыматты кошуу менен өндүрүштүк аянтчанын досьеси;
- дары каражаттарын сериялык чыгарууну баштоонун алдында ыйгарым укуктуу органга маалымдоо жөнүндө арыз ээсинин кепилдик милдеттенмеси;
5) дары каражаттарын дүң сатууну жүзөгө ашыруу үчүн:
- Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасына ылайык ишти уюштурууну баяндаган сапат боюнча колдонмонун көчүрмөсү;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо бөлмөлөрүн температуралык картага түшүрүү жөнүндө документтин көчүрмөсү;
6) дары каражаттарын даярдоону жүзөгө ашыруу үчүн - даярдалуучу (даярдоого пландалган) дары каражаттарынын тизмеги.
Эскертүү: ушул пункттун 5-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары лицензиаттар тарабынан ушул Жобонун 183-пунктуна ылайык берилет. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын дистрибьюторлору үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 80 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында талаптагыдай дистрибьютордук практиканын эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чейин ыктыярдуу болуп саналат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы N 695, 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
169. Фармацевтикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиатта фармацевтикалык ишти түзүүчү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде ага таандык болгон жайлардын, имараттардын, курулмалардын жана башка объекттердин, техникалык каражаттардын, жабдуулардын болушу;
2) ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон квалификациялуу персоналдын болушу.
3) фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.

170. Дары каражаттарын чыгарууну ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жайлардын санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу;
2) Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарын сактоо;
3) аттестацияланган дары каражаттарын өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын болушу;
4) 2ден кем эмес квалификациялуу адистердин болушу (жогорку фармацевтикалык, химиялык-фармацевтикалык, биологиялык, химиялык, биотехнологиялык билими жөнүндө диплом).
171. Медициналык буюмдарды чыгарууну жүзөгө ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) медициналык буюмдардын сапат менеджменти системасынын стандартынын талаптарын сактоо;
3) 2ден кем эмес квалификациялуу адистердин болушу (жогорку фармацевтикалык, медициналык, биологиялык, химиялык, биотехнологиялык, биоинженердик билими жөнүндө диплом).
172. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууну ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар:
1) Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарын сактоо;
2) жогорку фармацевтикалык билими бар адистин болушу.
173. Медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууну ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку фармацевттик же медициналык билими бар, медициналык буюмдарды сактоо бөлүгүндө кошумча кесиптик билим алган адистин болушу;
2) медициналык буюмдардын кампасынын аянты 50 кв.м кем болбоого тийиш жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- негизги сактоо аянты - 30 кв.м кем эмес;
- 20 кв.м кем эмес башка өндүрүштүк жайлар (кабыл алуу, контролдоо, берүү ж.б.).
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
174. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды чекене сатууну ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин сактоо;
2) дарыкана үчүн жогорку фармацевтикалык билими бар адистин болушу;
3) алыскы калктуу конуштардагы дарыканалар, дарыкана пункттары жана күркөлөр үчүн фармацевтикалык орто билими бар адиске уруксат берилет;
4) алыскы, барууга кыйын жана калк аз жайгашкан пункттарда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды чекене сатуу бөлүгүндө квалификациясын кошумча жогорулатуудан өткөн медициналык билими бар адистерге дарыкана уюмунда иштөөгө уруксат берилет;
5) дарыкананын аянты 35 кв.м кем болбоого тийиш жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- соода залы - 15 кв.м кем эмес;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жана дарыканалык ассортименттеги товарларды сактоо үчүн жай - 10 кв.м кем эмес;
- административдик-тиричилик жайлары - 10 кв.м кем эмес;
6) алыскы калктуу конуштарда даяр дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын дарыканасынын аянты - 20 кв.м кем эмес;
7) дарыкана пунктунун аянты медициналык багыттагы имараттын түзүмүндө жайгашканда 12 кв.м кем болбошу керек жана негизги милдеттерди жана функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек;
8) өзүнчө турган имаратта (курулушта) жана медициналык эмес багыттагы имараттын түзүмүндө жайгашкан дарыкана пунктунун аянты 20 кв.м кем болбошу керек жана негизги милдеттерди жана функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек;
9) дарыкана күркөсү аянты 12 кв.м кем болбошу керек жана негизги функцияларды жана милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.

175. Медициналык буюмдарды чекене сатууну ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар (медициналык буюмдар дүкөнү, оптика дүкөнү, угуу протез борбору) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) көрүүнү жана угууну диагностикалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө - оптика дүкөнү жана угуу протезин жүргүзүү борбору үчүн медициналык ишке лицензиянын болушу;
2) адистин болушу (объекттин лицензиялануучу түрүнө ылайык жогорку фармацевтикалык же медициналык билими жөнүндө диплом);
3) медициналык буюмдар дүкөнүнүн, оптика дүкөнүнүн жана угуу протез борборунун аянты 35 кв.м кем болбоого тийиш жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- соода залы - 15 кв.м кем эмес;
- медициналык буюмдарды сактоо үчүн жай - 10 кв.м кем эмес;

4) медициналык буюмдарды, оптиканы сатуу дүкөнүнүн пунктунун аянты - 20 кв.м кем эмес. Медициналык буюмдарды сатуу дүкөнүнүн, оптика дүкөнүнүн пункту медициналык буюмдар дүкөнүнүн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өз алдынча иштей албайт.

176. Дары каражаттарын даярдоо жана чекене сатуу үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дары каражаттарын даярдоо эрежелерин сактоо;
2) жогорку фармацевтикалык билими бар 2ден кем эмес адистин болушу;
3) асептикалык шарттарды талап кылбаган дары каражаттарын даярдоо укугу бар дарыкананын аянты 75 кв. м кем болбоого тийиш жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– соода залы – 15 кв. м кем эмес;
– административдик-тиричилик жайлары – 10 кв. м кем эмес;
– дары каражаттарын сактоо үчүн жай – 20 кв. м кем эмес;
– ассистенттик бөлмө – 12 кв. метрден кем эмес;
– кир жуучу жай – 5 кв. м кем эмес;
– инъекциялар үчүн тазаланган сууну алуу үчүн жай – 3 кв. м кем эмес;
– стерилизациялоочу жай – 10 кв. м кем эмес;
4) асептикалык шарттарды талап кылган дары каражаттарын даярдоо укугу бар дарыкананын аянты 85 кв. м кем болбоого тийиш жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

– асептикалык блок – 10 кв. м кем эмес;
– тазаланган сууну алуу үчүн жай – 3 кв. м кем эмес;
– стерилизациялоочу жай – 10 кв. м кем эмес.
177. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканасында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды даярдоо, сактоо жана берүү үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин сактоо;
3) жогорку фармацевтикалык билими бар 2ден кем эмес адистин болушу;
4) саламаттык сактоо уюмдарын даярдоого укугу бар дарыкананын өндүрүштүк жайларынын минималдуу аянты 130 кв. м кем болбоого тийиш, ал уруксат берилген жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат жана ага төмөнкүлөр кирет:
– талаптарды берүү/кабыл алуу, заказдарды түзүү үчүн 8 кв. м кем эмес өлчөмдөгү жай;
– дары каражаттарын сактоо үчүн жай (жалпы аянты 40 кв. м кем эмес);
– келип түшкөн продукцияны кабыл алуу жана таңгактан чыгаруу үчүн жай (материалдык бөлмө) 10 кв. м кем эмес;
-- ассистенттик бөлмө – 15 кв. м кем эмес;
– тазаланган суу алуу үчүн жай – 5 кв. м;

– асептикалык блок – 12 кв. м кем эмес
– кир жуучу, кургатуучу жай –10 кв. м кем эмес;
– административдик-тиричилик жайлары (персоналдын бөлмөсү, башчынын кабинети, санузел, гардероб – 20 кв. м кем эмес).
178. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканасында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жана берүү үчүн кошумча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дарыкананын талаптагыдай практикасын сактоо;
2) жогорку фармацевтикалык билими бар адистердин болушу, алыскы калктуу конуштарда фармацевтикалык орто билими бар адиске уруксат берилет;
3) саламаттык сактоо уюмунун дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жана берүү укугу бар дарыкана жайларынын минималдуу аянты уруксат берилген иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган 20 кв. м кем болбошу керек.
179. Дары каражаттарын өндүрүүнү жөзөгө ашыруу үчүн 170-пункттун 2 жана 3-пунктчалары арыз ээлери үчүн гана колдонулат жана 2023-жылдын 1-январынан тартып лицензиаттар үчүн да колдонууга киргизилет.
180. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууну жүзөгө ашыруу үчүн 172-пункттун 1-пунктчасы арыз ээлери үчүн гана колдонулат жана 2026-жылдын 1-январынан тартып лицензиаттар үчүн да колдонууга киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
181. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды даярдоо, чекене сатуу жана берүү үчүн 172-пункттун 1-пунктчасы, 174-пункттун 1-пунктчасы, 177-пункттун 2-пунктчасы 2026-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.
182. 2026-жылдын 1-январынан тартып дары каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашырган лицензиатты лицензиялык контролдоо лицензиатта анын өндүрүштүк аянтчасынын Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө колдонуудагы документи (сертификаты) бар экендигин текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
183. 2025-жылдын 31-декабрына чейин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууга лицензиялар, лицензиат тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын талаптарына шайкештик сертификатын алуу ыктыярдуу болуп саналат, ошол эле учурда лицензиат 2026-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын талаптарына шайкештик сертификатын алууга милдеттүү.

184. 2026-жылдын 1-январынан тартып дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууну жүзөгө ашырган лицензиатты лицензиялык контролдоо лицензиатта Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибыотордук практикасынын талаптарына шайкештиги жөнүндө колдонуудагы документ (сертификат) бар экендигин текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.

26-глава. Ветеринардык дары каражаттарын
өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
185. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензия ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын жүгүртүү жаатындагы функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
186. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензия ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
187. Лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген форма боюнча жеке адамдын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (жеке жактар үчүн);

3) дүңүнөн сатууну жүргүзүүдө – арыз ээсинин жана (же) кызматкердин ветеринария жаатында жогорку билими бар экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү, ал эми чекене сатууну жүргүзүүдө – ветеринария жаатында жогорку жана (же) орто кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
4) иштин лицензиялануучу түрүн сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (билими жөнүндө диплом, эмгек китепчеси, эмгек келишими, ошондой эле эгерде бар болсо, адистин аттестациялык сертификаты, акыркы 5 жыл ичинде алынган квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттары жана күбөлүктөрү);
5) имаратка же курулмага тиешелүүлүгүн ырастаган укук белгилөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (кызматтардын жайгашуусун көрсөтүү менен техникалык паспорт), ал эми мүлктү жалдоо (ижарага алуу) учурда бир жылдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен мүлктүк жалдоо (ижарага алуу) келишиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) өрт корутундусунун экспертизасынын көчүрмөсү;
7) көрсөтүлгөн даректеги жайлардын белгиленген тартипте берилген санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундунун бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыктары тарабынан берилген ветеринардык-санитардык корутунду.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2026-жылдын 10-февралындагы № 82 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
188. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну ишке ашырууда лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматкердин жана (же) арыз ээсинин ветеринария жаатындагы жогорку же орто кесиптик билиминин жана адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
2) адистердин квалификациясын 5 жылда 1 жолудан кем эмес жогорулатуу;
3) ветеринардык дары каражаттарын башка химиялык, биологиялык каражаттар (заттар) жана ветеринариялык эмес багыттагы препараттар менен сактоону жана сатууну болтурбоо;
4) ветеринардык дарыканаларда ветеринардык дары каражаттарын чекене жана дүң сатуу жүзөгө ашырылат;
5) ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу ветеринардык дары-дармек препараттарын сактоо жана берүү зоналары бөлүнгөн, башка багыттагы жайлардан обочолонгон ветеринардык дарыканаларда (жайларда) жүргүзүлөт.
Чекене сатуу жүргүзүлүүчү ветеринардык дарыкананын аянты кеминде 10 кв. метрден кем болбоого жана сактоо зонасы жана керектөөчүлөрдү тейлөө зонасы каралууга тийиш.
Ветеринардык дарыкана өзүнчө имаратта жайгашкан учурда административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) болушу зарыл. Административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын (кампалык жайдын) аянты 10 кв. метрден кем эмес болушу керек жана өз ара ырааттуу байланышкан кабыл алуу, сактоо жана жүктөп жөнөтүү зоналары, ошондой эле административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) каралууга тийиш.
6) ветеринардык дары-дармек препараттарын дүңүнөн сатуу үчүн (кампа жайларында) төмөнкү талаптар коюлат:
– кампалар (кампа жайлары) ветеринардык дарыкана менен бир даректеги капиталдык курулуштардын обочолонгон турак эмес жайларында же ветеринардык дарыканадан өзүнчө жайгашышы керек;
– административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын (кампа жайынын) аянты 20 кв. метрден кем болбоого тийиш жана өз ара ырааттуу байланышкан кабыл алуу, сактоо жана жүктөп жөнөтүү зоналары, ошондой эле административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) каралууга тийиш;
– кабыл алуу зонасында транспорт тарасын булгануудан тазалоо үчүн зона бөлүнүшү керек;
– ветеринардык дары каражаттарын сактоо зонасынын жасалгасы (дубалдардын, шыптардын, полдордун ички беттери) жылмакай, ачык түстө болушу керек жана нымдуу тазалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берилиши керек.
Сактоо зонасынын дубалдары жана полдору механизациялоо каражаттарынын таасирине жана жуучу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого туруктуу каптамаларга ээ болушу керек. Жайлардын жана жабдуулардын жыгачтан сырдалбаган беттерин пайдаланууга жол берилбейт;
– муздаткыч камерасынын болушу (муздаткыч камеранын көлөмү 1,4 куб метрден кем болбошу керек);
– стеллаждар жана шкафтар катуу жерде алардын тең салмактуулугу камсыздалгандай, алар сырткы дубалдардан 0,6–0,7 м, шыптан кеминде 0,5 м жана полдон кеминде 0,25 м аралыкта орнотулушу керек. Стеллаждар өтмөктөр жарык болгондой жайгаштырылышы керек, ал эми алардын ортосундагы аралык кеминде 0,75 метрден кем болбошу керек.
Штабелдин жол берилген бийиктиги – туруктуу тең салмактуулукту сактоо шартында орнотулган керектөө идиши бар эки-үч ярустуу поддондор.
7) ветеринардык дарыкана жайгашкан имараттын фасадында анын аталышы, таандыктыгы жана иштөө режими көрсөтүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги көрнөк илинет;
8) ветеринардык дарыкананын борбордук же автономдуу жылытуусу, суу менен камсыздоосу, канализациясы, кирүүчү-чыгуучу желдетүүсү, ошондой эле өрт жана күзөт сигнализация системасы болушу керек;
9) ветеринардык дарыканада ветеринардык препараттарды сактоо үчүн стеллаждар, шкафтар, муздаткычтар, ветеринардык препараттардын массасын, көлөмүн өлчөөчү каражаттар, айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоочу приборлор (термометрлер, психрометрдик гигрометрлер) жана санитардык-гигиеналык режимди, эмгекти коргоону, коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону жана товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуучу башка жабдуулар жана инвентарлар, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, жайларды жыйноо жана жабдууларды тазалоо үчүн колдонулган маркаланган инвентарларды жана материалдарды сактоо үчүн шкаф болушу керек.
Ветеринардык дары каражаттарын кабыл алуу же сактоо зоналарында сатууга тыюу салынган ветеринардык препараттарды убактылуу сактоо үчүн атайын жай же шкаф болушу керек;
10) сактоочу зонада ветеринардык дары каражаттарынын нускамасында аныкталган абанын температурасын жана нымдуулугун сактоо керек. Сактоо режимдерин текшерүү суткасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
Айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоо үчүн приборлор жайдын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5–1,7 м бийиктикте жана эшиктерден 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Биологиялык ветеринардык препараттарды сактоо үчүн муздаткычтарда термометр, ал эми кампаларда (кампа жайларында) психрометр болушу керек.
Ветеринардык препараттарды сактоонун температуралык-нымдуулук режимин өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү датасын, катталуучу көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин (нымдуулук үчүн: кургак жана нымдалган термометрлердин көрсөткүчтөрү, салыштырмалуу нымдуулуктун мааниси), жооптуу адамдын колун көрсөтүү менен атайын журналдарда катталышы керек.
Журналга номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланууга жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш;
11) жайлар тазалыкта кармалышы керек, жайлардын полу мезгил-мезгили менен (бирок күнүнө бир жолудан кем эмес) уруксат берилген дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу ыкма менен тазаланат.

27-глава. Электр байланышы жаатындагы
ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү (электр
байланышынын ички же жабык тармактарынын
операторлорун жана кызматтарын кошпогондо)
189. Электр байланышы жаатындагы ишке лицензия (электр байланышынын ички же жабык тармактарынын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо) электр жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
190. Электр байланышы жаатындагы ишке лицензия (электр байланышынын ички же жабык тармактарынын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо) мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
191. Электр байланыш жаатындагы ишке лицензия төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
1) телеграфтык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү – кабыл алуу пунктунда милдеттүү түрдө жазуу менен тамга-санариптик билдирүүлөрдү – телеграммаларды аралыкка берүү;
2) жергиликтүү телефон байланыш кызмат көрсөтүүлөрү – жергиликтүү телефон байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү;
3) эл аралык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү – эл аралык байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын тармагынын акыркы жабдуулары менен башка өлкөлөрдүн тармагынын акыркы жабдууларынын ортосунда байланыш ишке ашырылат;
4) эл аралык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү – шаар аралык телефон байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланыш кызматтарын көрсөтүү;
5) телематикалык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү – телефондук байланышты, телеграфтык байланышты, маалыматтарды берүүнү кошпогондо, электр байланыш тармактары аркылуу маалымат берүүгө арналган электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү;
6) көчмө радиотелефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү –көчмө радиотелефон байланыш аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алуу жана берүү;
7) теле жана радиопрограммаларды жайылтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр – электр байланыш тармактарында берүүнүн электрдик сигналын жайылтуу.
192. Электр байланыш тармагындагы ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча коммутациялык түйүндөрдү, кошуу түйүндөрүн, пайдаланылуучу протоколдорду жана сигнализация системаларын, байланыш кызматтарынын баяндамасын көрсөтүү менен байланыш тармагын куруу схемасынын (топология) көчүрмөсүн берет.
193. Электрдик байланыш тармагындагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия берилген учурдан тартып 2 жылдын ичинде кызмат көрсөтүүнү баштоо;
2) кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрү жана иштин ар бир түрү боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча лицензиар бекиткен формаларга ылайык отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1ине чейинки мөөнөттө квартал сайын өзүнчө берүү;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин чегерүүлөрдү киргизүү;
4) жалпы пайдалануудагы тармактарды уюштурууда –маалыматтык-сурап билүү тейлөөнү уюштуруу. Маалыматтык-сурап билүү тейлөө авариялык жана пландык иштерди жүргүзүү убактысынан тышкары, абоненттердин/колдонуучулардын күнү-түнү эркин кайрылуусу үчүн тыныгуусуз жеткиликтүү болууга тийиш. Оператордун жооп күтүү убактысы 10 мүнөттөн ашпашы керек. Абонентке/колдонуучуга маалыматтык-сурап билүү тейлөө лицензиаттын каалаган түзүлүшүнүн жооп берген учурунан баштап акысыз негизде көрсөтүлөт. Маалыматтык-сурап билүү тейлөө оператордун расмий сайтындагы онлайн оператордун жообу түрүндө же абоненттерди маалымдоонун автоматташтырылган системасынын кызматын пайдалануу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн, мында байланыш оператору абоненттин каалоосу боюнча маалыматтык-сурап билүү тейлөөнүн оператору менен добуштук байланышты берүүгө милдеттүү. Эгерде абонент бул колдоону максаттуу багыты боюнча пайдаланбаса, оператор маалыматтык-сурап билүү тейлөөнү көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу;
5) кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле байланыш каражаттары аркылуу берилүүчү башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун камсыз кылуу;
6) өзгөчө кырдаалдардын коркунучу, мамлекеттик чек араларды коргоо, улуттук коргонуу же укуктук тартип менен байланышкан учурларда улуттук коопсуздук, коргонуу, укуктук тартип же өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптардын аткарылышын камсыз кылуу;
7) эгерде мындай жабдуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болсо, сертификацияланган жабдууларды пайдалануу.
8) лицензия алуу үчүн берилген маалыматтар өзгөргөндө (жетекчинин алмашуусу, дарегинин (юридикалык же турган жеринин), каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн, инсандыгын ырастоочу документтин жана башкалардын өзгөрүүсү) лицензиарга 10 (он) жумуш күндүн ичинде кабарлоого;
9) лицензиардын кызматкерлерине байланыш тармагындагы ишке, оператордун байланыш объекттерине, анын ичинде радиотехникалык объекттерге тиешелүү бардык документтерге жана маалыматтарга тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга.

194. Эл аралык байланышты уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон байланыш тармагын коммутациялоо борбору (мындан ары – ЭАКБ) менен эл аралык оператор тармагын коммутациялоо борборунун ортосундагы эл аралык деңгээлде кошулуу. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын операторунун ЭАКБ Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын стандарттарынын жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин (мындан ары – ЭЭБ) регламентинин талаптарына ылайык тармактар аралык биригүүлөрдү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле трафикти өткөрүүнүн, өз ара эсептешүүлөрдүн шарттарын камсыз кылуу;
3) эл аралык байланыш кызматтарын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун ЭАКБ башка өлкөлөрдүн экиден кем эмес ЭАКБ, же Кыргыз Республикасында жайгашкан бир ЭАКБ жана башка өлкөдөгү бир ЭАКБ менен түздөн-түз байланыштырууну камсыз кылуу;
4) эгерде мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана/же чакырууну демилгелеген абоненттин берилүүчү номерин жана/же тиешелүү документтерде макулдашылган тармактар аралык кошулуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн (тарифтерин) өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо, чакырууну демилгелеген абоненттин номеринин берилүүчү маалыматтарын баспоо, модификациялабоо же башка ыкма менен өзгөртпөө.
195. Шаар аралык байланышты уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын стандарттарынын, мыйзамдарынын талаптарына жана ЭЭБ сунуштамаларына ылайык тармактар аралык биригүүлөрдү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле трафикти өткөрүү шарттарын камсыз кылуу;
2) эгерде мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана/же чакырууну демилгелеген абоненттин берилүүчү номерин жана/же тиешелүү документтерде макулдашылган тармактар аралык кошулуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн (тарифтерин) өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо, чакырууну демилгелеген абоненттин номеринин берилүүчү маалыматтарын баспоо, модификациялабоо же башка ыкма менен өзгөртпөө.
196. Жергиликтүү байланышты уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

2) эгерде мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана/же чакырууну демилгелеген абоненттин берилүүчү номерин жана/же тиешелүү документтерде макулдашылган тармактар аралык кошулуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн (тарифтерин) өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо, чакырууну демилгелеген абоненттин номеринин берилүүчү маалыматтарын баспоо, модификациялабоо же башка ыкма менен өзгөртпөө;
3) тармактар аралык туташтыруу жөнүндө келишимдерди, ошондой эле бардык толуктоолорду жана тиркемелерди аларга кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө лицензиарга берүү;
4) авариялардын же табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу же жоюу, өз тармагынын ишин калыбына келтирүү жана мындай авариялардан жана кырсыктардан кийин кызмат көрсөтүүнү кайра баштоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү;
5) шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу үчүн акысыз кошулууларды берүү;
6) абонентке келишим түзүү жана аны аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүү. Көрсөтүлгөн маалымат мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде (зарыл болгон учурда башка тилдерде) жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтык-сурап билүү кызматтары аркылуу, ошондой эле электр байланыш операторунун сүйлөшүү пункттарында, кеңселеринде жана тейлөө борборлорунда абонентке жана (же) колдонуучуга көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү формада акысыз жеткирилет;
7) абоненттерге жана (же) колдонуучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары, оператордун расмий веб-сайты же sms-билдирүүлөр аркылуу электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин өзгөргөндүгү жөнүндө жаңы тарифтер киргизилгенге чейин кеминде 10 күн мурда билдирүү;
8) абоненттерге жаңы абоненттик номерди билдирүү менен алдын ала кабарлагандан кийин гана абоненттик номерлерди алмаштыруу боюнча бардык иштерди: жеке жактарга – алмаштырууга чейин 30 жумуш күндөн, юридикалык жактарга – 6 айдан кечиктирбестен жүргүзүү;
9) абонент жана (же) колдонуучу менен улуттук валютада эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
10) жергиликтүү (жергиликтүү телефон туташтыруунун узактыгын убакытка жараша эсепке алуу системасы бар болсо (мындан ары – убакытка жараша эсепке алуу) телефондук туташтыруунун тарифтөө бирдигин 1 мүнөттөн ашык эмес белгилөө;
11) үч секунддан аз убакытка созулган телефон туташууусун телефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүндө эсептебөө;
12) жергиликтүү телефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн өз тармагында эсептөөлөрдүн автоматташтырылган системасынын болушу;
13) бузууларды жоюу мөөнөттөрү бузулган учурда тармактагы аварияга, жабдуулардын бузулушуна байланыштуу кызмат көрсөтпөгөн мезгил үчүн абоненттик төлөмдү эсептебөө же аны кайра эсептөөнү жүргүзүү;
14) кайрылууларды/даттанууларды кароо системасынын болушу;
15) доо койгон абонентке жана (же) колдонуучуга доолорду кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо. Электр байланыш оператору абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматын негиздүү деп тапкан учурда бул доомат таанылган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө канааттандырылууга тийиш;
16) келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда абоненттердин жана колдонуучулардын алдында жоопкерчилик тартуу;
17) келишимди жазуу жүзүндө, эки нускада түзүү, анын бири абонентке берилет. Кызмат көрсөтүү келишими төмөнкүлөрдү камтыйт:
– электр байланыш операторунун аталышын (фирмалык аталышын), анын филиалдарынын тизмегин, алардын жайгашкан жерин жана иштөө режимин, электр байланыш операторуна берилген лицензиянын (лицензиялардын) реквизиттерин;
– электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин, аларды көрсөтүүнүн шарттарын жана тартибин;
– тарифтик планды;
– электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартибин, формасын жана системаларын;
– келишим түзүү жөнүндө арызды кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн;
– абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматтарын кароо тартибин;
– маалыматтык-сурап билүү кызматтарынын жана оңдоо бюросунун телефон номерлерин, бузууларды четтетүү мөөнөттөрүн.
Телефонду орнотууга арыз катталган же жергиликтүү байланыш кызматы көрсөтүлгөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө төмөнкүлөр зарыл:
– арыз ээсине (арыз ээсинин каалоосу боюнча жазуу жүзүндө же оозеки түрдө) жеткиликтүүлүктү берүүнүн техникалык мүмкүндүгү болгон учурда тиешелүү мөөнөттөрдө же жергиликтүү байланыш кызматтары көрсөтүлгөн учурда телефонду орнотуу жөнүндө билдирүү;
– жеткиликтүүлүктү берүүнүн техникалык мүмкүндүгү болбогон учурда куруу-монтаждоо иштеринин калькуляциясын берүү жана арыз ээсине аларды аткаруунун наркы жөнүндө билдирүү.

197. Телематикалык кызматтарды уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) добуштук кошулууда алгачкы отуз секунд маалыматты акысыз берүү, анын ичинде абонентке кандай кызмат көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берүү жана аны тарифтештирүү зарыл. Алгачкы отуз секундду тарифтештирилүүгө тийиш болгон убакытты эсептеп бөлүүнүн башталышы деп эсептөө зарыл;
2) иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн абоненттерден/колдонуучулардан акы алуу;
3) телематикалык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрүн бир этапта көрсөтүү, б.а. провайдердин өнөктөштүк программасы колдонулган учурда кыска номерге же уникалдуу кодго бир суроо-талап кылуудан көрсөтүү;
4) негизги кызмат көрсөтүү менен технологиялык жактан ажырагыс байланышкан болуп саналбаган жана ошол эле учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулаткан кошумча кызматтардын көрсөтүлүшүнүн алдын алуу.
198. Тармактар аралык кошулууну уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тармакты мындай тармактардын биринин пайдалануучусуна жалпы пайдалануудагы ушул же башка электр байланыш тармагынын пайдалануучулары менен ишенимдүү байланыш түзүлгөндөй кылып түзүү жана пайдалануу;
2) чакырууну демилгелеген абоненттин номерин баспоо, модификациялабоо же башка ыкма менен берилүүчү маалыматтарын өзгөртпөө, эгерде мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана/же чакырууну демилгелеген абоненттин берилүүчү номерин жана/же тармактар аралык кошулуу үчүн тиешелүү документтерде макулдашылган төлөмдүн (тарифтердин) өлчөмдөрүн өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо;
3) төмөнкүдөй максаттарда тармактар аралык кошулууга суроо-талап кылган оператор менен тармактар аралык кошулуу же пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашуу:
-- эки оператордун тең электр байланыш тармактарын туташтырууга жана кошулуусун колдоо;
-- жабдуунун жайгашкан жерин, кабелдик канализацияны, таянычтарды, абоненттик жетүү линияларын жана жер астындагы курулмаларды кошкондо тармактар аралык кошулууга жетүү жана колдоо үчүн тармактар аралык кошулууга суроо-талап кылган оператордун жетүүсү талап кылынган электр байланышынын мындай каражаттарын жана курулмаларын пайдалануу мүмкүндүгүн берүү;
-- тармактар аралык кошулуудан баш тартпоо, эгерде аны аткаруу үчүн техникалык мүмкүндүктөр бар болсо, башка учурда – тармактар аралык кошулуудан кандай болбосун баш тартууну толук негиздөө зарылдыгы:
4) сапаттуу жана үзгүлтүксүз тармактар аралык кошулууну камсыздоо жана бир тараптуу тартипте бүтүндөй кошулууну толугу менен же анын бир бөлүгүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле тармактар аралык кошулуунун кандайдыр бир кызматын көрсөтүүнү чектөөгө же болбосо электр байланышынын кайсы болбосун тиешелүү каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн тосууга жол бербөө, ага төмөнкү учурлар кирбейт:
-- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болгондо;
-- тараптардын макулдашуусу боюнча, электр байланыш операторунун лицензиясы жокко чыгарылганда;
-- ишкердик субъектинин иши токтогондо; электр байланыш операторлорунун ортосунда талаш-тартыш келип чыкканда аны лицензиар карап чыккандан кийин, эгерде тараптардын бири электр байланыш операторунун тармагынын иштөөсүнө материалдык жоготууларды жана/же коркунучту ырастаган документтерди берсе;
-- колдонуучулук тариф 60 календарлык күндүн ичинде үзгүлтүксүз жок болгондо, мында тармактар аралык туташтыруу жөнүндө келишимди бузууну демилгелеген электр байланышы операторунда 60 календарлык күндүн ичинде колдонуучулук трафиктин жоктугун ырастаган тармактар аралык каналды жүктөө жөнүндө маалыматтар, биллинг системасынын маалыматтары болушу керек.
199. Номерлөө ресурсун өз ишинде пайдаланууда лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиардын буйругу менен бөлүнгөн номерлөө ресурсун гана өз тармагында пайдалануу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук системасынын электр байланыш тармактарын номерлөө системасын жана электр байланыш тармактарын номерлөө планын сактоо.
200. Телеграфтык байланышты уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пайдалануучуларга иштөө режими (жумуш жана дем алыш күндөрү, телеграммаларды кабыл алуу жана жеткирүү сааттары) жана көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө зарыл жана так маалыматтарды берүү менен телеграф кызматтарынын белгиленген иштөө режимине ылайык телеграммаларды кабыл алууну камсыз кылуу;
2) телеграфтык отчеттуулуктун бардык документтерин учурдагы архивде жана узак мөөнөттүү сактоо архивинде телеграфтык кат алышуунун сыры, бардык документтердин сакталышы камсыз кылынгандай сактоону уюштуруу;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучудан телеграфтык байланыш кызматтарын көрсөтүүдө милдеттенмелерди аткарбагандыгына же талаптагыдай аткарбагандыгына дооматтарды кабыл алуу. Дооматтар жазуу жүзүндө кабыл алынат жана байланыш оператору тарабынан милдеттүү түрдө белгиленген тартипте катталууга тийиш;
4) колдонуучу милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы жөнүндө билген же билиши мүмкүн болгон күндөн тартып бир айдын ичинде дооматтарды кабыл алуу;
5) телеграмманын текстин бурмалагандыгы, анын маанисин өзгөрткөндүгү, телеграмманы лицензиаттын күнөөсү боюнча адресатка жеткирбегендиги же өз убагында тапшырбагандыгы үчүн телеграмма үчүн төлөнгөн акынын өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик тартууга. Жөнөтүүчүгө же адресатка акча каражаттарынын ордун толтуруу оператордун күнөөсү аныкталгандан кийин 20 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт;
6) кирүүчү жана чыгуучу телеграммаларды иштеп чыгууда, мамлекеттер аралык байланыштар боюнча жиберүүчүдөн адресатка чейин телеграммаларды өткөрүүдө төмөнкү контролдук мөөнөттөрдү сактоо:
-- шаарлар ортосунда жана шаарлардын ичинде: кадимки – 6 саатка чейин, шашылыш – 3 саатка чейин;
-- телеграфтык байланышы бар калктуу конуштардын ортосунда жана бул пункттар менен шаарлардын ортосунда: кадимки – 12 саатка чейин, шашылыш – 6 саатка чейин, билдирүүлөр – 24 саатка чейин, кат-телеграммалар – 48 саатка чейин;
-- телеграфтык байланышы жок калктуу конуштардын ортосунда жана бул пункттар менен шаарлардын ортосунда, ошондой эле телеграфтык байланышы бар пункттардын ортосунда: кадимки – 24 саатка чейин, шашылыш – 6 саатка чейин, билдирүүлөр – 24 саатка чейин, кат-телеграммалар – 48 саатка чейин;
7) телеграммаларды өткөрүү мөөнөттөрү телеграмманы берүү пунктунда кабыл алган учурдан тартып адресатка тапшырганга чейинки убакыт катары аныкталат. Телеграммаларды өткөрүү мөөнөттөрүнө (телеграмманы тапшыруу жөнүндө билдирүүнү жөнөтүүчүгө тапшыруу) белгиленген иштөө режимине ылайык телеграмма дайындалган жердеги байланыш пункту телеграммаларды жеткирүүнү ишке ашырбаган убакыт, телеграммаларды почта байланыш каражаттары менен жөнөтүү убактысы, ошондой эле байланыш операторунан көз каранды болбогон себептер боюнча телеграммалар же билдирүүлөр жеткирилиши мүмкүн болбогон убакыт кирбейт.
8) телеграммаларды категорияларына жараша жеткирүүнү камсыз кылуу:
-- “кезексиз”, “өкмөттүк” категорияларын – күнү-түнү;
-- “шашылыш” категорияларын – белгиленген контролдук мөөнөттө жеткирүү участогу иштеген мезгилде – 2 саат;
-- “кадимки” категориясын – жеткирүү участогу иштеген мезгилде келип түшкөн күнү. Телеграммаларды абоненттик орнотмолору бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын даректерине телеграммаларды берүү үчүн белгиленген контролдук мөөнөттөрдө күнү-түнү түздөн-түз ушул орнотмолорго берүү. Телеграфтык байланышы жок айылдык байланыш бөлүмдөрүнө даректелген телеграммалар телефон аркылуу берилет. Телефон аркылуу байланыш жок болсо, даректерге почта аркылуу жөнөтүлөт;
9) телеграфтык документтерди сактоону камсыз кылуу:
-- банктардын которуу телеграммаларын – 7 айдын ичинде;
-- эл аралык телеграммалар жана аларга тил каттар үчүн – 7 айдын ичинде;
-- ички телеграммалар жана аларга тил каттар үчүн – 2 айдын ичинде.
Сактоо убактысы телеграмманын жана документтердин датасы белгиленген күндөн тартып эсептелет.
10) ар кандай категориядагы телеграммаларды иштеп чыгуу мөөнөттөрүн таблицага ылайык колдонуу:
| Таблица |
Телеграммаларды иштеп чыгуунун контролдук мөөнөттөрү
Телеграммалардын категориялары | Бардык ишканаларда контролдук иштеп чыгуу мөөнөтү | |||
берүү | жеткирүү | |||
| саат | мин. | саат | мин. |
Категориядан тышкары, өкмөттүк, шашылыш |
| 30 | 2 | – |
Кадимки | 1 |
| – | – |
“Бороон” (билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/акыркы пункттан акыркы пунктка |
| 4/10 | – | – |
“Авиа” (билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/акыркы пункттан акыркы пунктка) |
| 6/15 | – | – |
“Байланыш-авария” (билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/акыркы чекиттен акыркы пунктка) |
| 6/15 | – | 30 |
11) телеграммаларды иштеп чыгууга кошумча контролдук мөөнөттөрдү сактоо:
-- телеграммадагы сөздөрдүн саны 20дан ашкан учурда “Байланыш-авария” деген көп сөздүү телеграммаларды берүүгө убакыт 30 мүнөткө чейин көбөйөт;
-- 150дөн ашык сөздү камтыган өкмөттүк жана шашылыш телеграммаларды берүүгө 10 мүнөткө чейин;
-- кызматтык сурап-билүү телеграммаларын аткарууга 1 саат.
2001. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдө лицензиялык талап болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу саналат.

28-глава. Почта байланышы жаатындагы ишти
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
201. Почта байланышы жаатындагы ишке лицензия электр жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
202. Почта байланышы жаатындагы ишке лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
203. Почта байланышы жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси почта байланышын куруу схемасынын (топология) көчүрмөсүн, почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн сыпаттамасын кошумча берет.
204. Почта байланышы жаатындагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия берилген учурдан тартып 2 жылдын ичинде кызматтарды көрсөтүү;
2) отчетторду квартал сайын лицензиар бекиткен формага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1ине чейинки мөөнөттө берүү;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөрдү квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин төлөө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, кат алышуунун сырын сактоо жана корреспонденциянын же башка почта жөнөтүүлөрүнүн мазмунун ачыкка чыгарбоо;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) почта байланышынын ишканаларынын ишин почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу режимде камсыз кылуу;
7) почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган сунуштарын практикалык иште эсепке алуу;
8) кабыл алынган почта жөнөтүүлөрүнүн жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;
9) почта жөнөтүүлөрүн, акча каражаттарын иштетүү жана сактоо жүзөгө ашырылып жаткан жайларды зарыл жабдуулар жана коргоо-өрттөн сактоо сигнализациялары менен жабдуу;
10) акча каражаттарын, шарттуу баалуулуктарды жана почта жөнөтүүлөрүн сактоо үчүн арналган жайларды ички жана тышкы кулпулары бар темир эшиктер менен жабдуу, терезелеринде – жапкычтардын жана/же торлордун болушу;
11) почта жана акча каражаттары ташылып жаткан транспорт каражаттарын аларга бөтөн адамдардын жетүү мүмкүндүгү болбогудай кылып жабдуу;
12) республиканын аймагында почта жөнөтүүлөрүн лицензиат тарабынан белгиленген контролдук мөөнөттө кабыл алууну, иштетүүнү, ташууну жана жеткирүүнү камсыз кылуу;
13) почта жөнөтүүлөрүн жоголгон же лицензия алуучунун күнөөсү боюнча адресатка почта, акча которуу боюнча акча каражаттары лицензиаттын күнөөсү боюнча төлөнбөгөн учурда жөнөтүүчүгө же адресатка почта жана башка жыйымдарды төлөөнү кайтарууну камсыз кылуу. Ордун толтурууну төлөөдөн тышкары керектөөчүнүн пайдасына лицензиат кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 25 %ы өлчөмүндө бышмана төлөйт;
14) Кыргыз Республикасынын чегинде жөнөтүлүүчү почта жөнөтүүлөрүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даректерин мамлекеттик же расмий тилдерде тариздөөнү камсыз кылуу;
15) “Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга почта байланышынын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуу жөнүндө маалыматты берүү;
16) кылмыштуу ишти каржылоого жана кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алардын аткарылышын контролдоонун тиешелүү механизмдерин жана кызматкерлерди жалдоодо тандоонун тиешелүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
17) кардарды идентификациялоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды, ошондой эле акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоо. Мындай жазуулардагы маалыматтар карап чыгуу жана изилдөө үчүн тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операцияларды (бүтүмдөрдү) калыбына келтирүү үчүн жетиштүү болууга тийиш;
18) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берилгендиги жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоо. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга мындай маалыматты берүү фактылары жөнүндө үчүнчү жактарга билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана мүмкүн. Акча каражаттары же мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматкерлери кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берилгендиги жөнүндө бул уюмдардын кардарларына же башка жактарга маалымдоого укуксуз;
19) акча каражаттары же мүлк кылмыш жолу менен алынган кирешелер болуп саналат же кылмыштуу ишти каржылоо менен байланышкан же ушул максатта пайдаланылат деп шектенүүгө негиз болгон учурда кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүү берүү;
20) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелерин сактоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу атайын кызмат адамдарын дайындоо (жетекчиликтин дэңгээлинде);
21) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык жана жеке жактын) инсандыгын идентификациялоо жана верификациялоо жана алынган маалыматтарды жазып алуу;
22) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү кылмыштуу ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегин өз ишинде пайдалануу жана эгерде кардар бул Тизмекте каралган болсо, акча каражаттары жана мүлк менен болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу боюнча чараларды көрүү.

29-глава. Маалыматтарды берүү жаатындагы

205. Маалыматтарды берүү жаатындагы ишке лицензия (электр байланышынын ички же жабык тармактарынын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
206. Маалыматтарды берүү жаатындагы лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
207. Маалыматтарды берүү жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси коммутациялык түйүндөрдү, кошулуу түйүндөрүн, пайданылуучу протоколдорду жана сигнализация системаларын көрсөтүү менен байланыш тармагын куруу схемасынын көчүрмөсүн (топология), байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн сыпаттамасын кошумча берет.
208. Маалыматтарды берүү жаатындагы лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) лицензия берилген учурдан тартып 2 жыл ичинде кызмат көрсөтүү;
2) кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрү жана иштин ар бир түрү боюнча отчетторду квартал сайын лицензиар бекиткен формага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1ине чейинки мөөнөттө берүү;

4) жалпы пайдалануудагы тармактарды уюштурууда – маалыматтык -сурап билүү тейлөөсүн уюштуруу. Маалыматтык-сурап билүү тейлөөсү авариялык жана пландуу иштерди жүргүзүү убактысын кошпогондо, абоненттердин/пайдалануучулардын күнү-түнү, тыныгуусуз эркин кайрылуусу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Оператордун жообун күтүү убактысы 10 мүнөттөн ашпашы керек. Абонентке/пайдалануучуга маалыматтык-сурап билүү тейлөөсү лицензиаттын кандай болбосун түзүлүшү жооп берген учурдан тартып акысыз негизде көрсөтүлөт. Маалыматтык-сурап билүү тейлөөсү байланыш операторунун расмий сайтындагы оператордун онлайн жообу түрүндө же абоненттерге маалымдоонун автоматташтырылган системасы кызматын пайдалануу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн, ошол эле учурда байланыш оператору абоненттин каалоосу боюнча маалыматтык-сурап билүү тейлөөсүнүн оператору менен добуштук байланышты берүүгө милдеттүү. Эгерде абонент бул колдоону максаттуу багыты боюнча пайдаланбаса, оператор маалыматтык-сурап билүү тейлөөсүн көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу;
5) кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле байланыш каражаттары аркылуу берилүүчү башка билдирүүлөрдүн сырын камсыз кылуу;
6) өзгөчө кырдаалдардын коркунучу, мамлекеттик чек араларды кайтаруу, улуттук коргонуу же укуктук тартип менен байланышкан учурларда улуттук коопсуздук, коргонуу, укуктук тартип же өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды аткарууну камсыз кылуу;
7) төмөнкү маалыматтык-сурап билүү кызматтарын акысыз жана күнү-түнү көрсөтүү:
-- маалыматтарды берүү кызматтарына тарифтер жөнүндө, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү аймагы (тейлөө зонасы) жөнүндө маалыматтарды берүү;
-- абонентке анын өздүк эсебинин абалы жөнүндө маалымат берүү;
-- абоненттен/пайдалануучудан маалыматтарды берүү кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга тоскоол болгон техникалык бузулуулар жөнүндө маалыматты кабыл алуу;
-- көрсөтүлүп жаткан маалыматтарды берүү кызматтары жана зарыл түшүндүрмөлөр жөнүндө маалымат берүү;
8) лицензиар менен макулдашуусуз акысыз маалыматтык-сурап билүү кызматтарынын тизмегин кыскартпоо;
9) байланыш тармактарында оперативдик издөө, контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда аларга бардык байланыш тармактарында жана каналдарында оперативдүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат базаларына, байланыш операторунун автоматташтырылган системаларына кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
10) конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, согушту, зомбулукту жана порнографиялык мүнөздү пропагандалоого, диний жана улуттук араздашууну тутантууга, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүгө чакырыктарды камтыган маалыматтык материалдарга жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде мыйзам менен жайылтууга тыюу салынган башка маалыматтарга жетүүнү чектөө боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
11) маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга тоскоол болгон бузулууларды белгиленген мөөнөттө четтетүү;
12) абоненттерге жана (же) колдонуучуларга маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өзгөргөндүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайт жана смс-жөнөтүүлөр аркылуу билдирүү;
13) доомат катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө доону жазуу жүзүндө кароо жана доону кароонун натыйжалары жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү;
14) абонентке кызмат көрсөтүүнүн нормалдуу режиминин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон оңдоо-жөндөө жана профилактикалык иштерди жүргүзүүнү баштоо мөөнөттөрү жана узактыгы жөнүндө кабарлоо.
30-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында
колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик
байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле
маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу
түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу
идентификациялык кодун идентификациялоо,
аутенттүүлүгү жаатындагы ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
209. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензия байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
210. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
211. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак гана лицензиат боло алат.
212. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) коммутациялык түйүндөрдү, кошулуу түйүндөрүн, пайдаланылуучу протоколдорду жана сигнализация системаларын көрсөтүү менен байланыш тармагын куруу схемасынын (топология) көчүрмөсүн, байланыш кызматтарынын сыпаттамасын;
2) байланыш түзүлүшүнүн идентификатору катары байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдү борбордоштуруп каттоону камсыз кылуучу саналып өткөндөрдүн жок дегенде бирин: мобилдик байланыш терминалынын (IMEI) эл аралык идентификаторун, мобилдик абоненттин (IMSI) эл аралык идентификаторун же эл аралык мобилдик байланыш терминалынын ISDN-номерин (MSISDN) тиешелүү түрдө аныктоону камсыз кылган өзү иштеп чыккан программалык камсыздоонун болушун ырастоочу документти. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган негиздерде көрсөтүлгөн программалык камсыздоонун баштапкы кодунун ээси болууга, ошондой эле GSMAнын ассоциацияланган мүчөсүнөн пайдалануу укугун алуу аркылуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн ырастоого тийиш;
3) арыз ээсинин штатында эмгек келишимдери түзүлгөн, жогорку техникалык билими бар, байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдү идентификациялоо, эл аралык уникалдуу идентификациялык кодунун аутенттүүлүгү жаатындагы ырасталган үч жылдан кем эмес эмгек стажысы бар үчтөн кем эмес кызматкердин бар экендиги жөнүндө документти.
213. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия берилген учурдан тартып 2 жылдын ичинде кызмат көрсөтүү;
2) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча лицензиар бекиткен формага ылайык отчётторду отчёттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1-числосуна чейинки мөөнөттө берип туруу;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөрдү квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин төлөө;
4) өзгөчө кырдаалдардын коркунучу, мамлекеттик чек араларды кайтаруу, улуттук коргонуу же укуктук тартип менен байланышкан учурларда улуттук коопсуздук, коргонуу, укуктук тартип же өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды аткарууну камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялануучу колдонулуп жаткан жана ташып келинүүчү жана транзиттик түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн маалыматтар базасын жүргүзүүгө жана өз ишин жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилине маалыматтар базасын сактоону камсыздоо;
6) маалыматтар базасында идентификациялык коддору бирдей болгон эки же андан көп түзүлүш аныкталган учурда бул тууралуу оперативдүү издөө ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарына кабарлоо;
7) иши токтотулган же болбосо лицензиясы токтотулган же жокко чыгарылган учурда өзүнүн маалыматтар базасында сакталган маалыматтарды лицензиарга толук көлөмдө берүүнү камсыз кылуу;
8) байланыш тармактарында оперативдүү издөө, контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзүнүн маалыматтар базасынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинүүчү түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүүгө арналган түзүлүштөрдүн идентификацияланган эл аралык уникалдуу идентификациялык коддору жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүү, аларга оперативдүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүндүктөрүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда маалыматтар базасын жана автоматташтырылган системаларды колдонуу мүмкүндүгүн берүү;
9) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) лицензиатты программалык камсыздоо контрафактылык продукцияны аныктоо боюнча байланыш түзүлүшүнүн идентификациялык кодунун жана/же спецификациясынын негизинде катталуучу байланыш түзүлүшүнүн аутенттүүлүгүн аныктоого, маалыматтарды программалык камсыздоо каражаттары боюнча бажы башкармалыгы менен синхрондоштуруу, ошондой эле GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген, ташылып келген же өндүрүлгөн түзүлүштөрдү өндүрүүчү заводдун баасын берүү үчүн салык органдарына кошулууга тийиш;
11) лицензиатты программалык камсыздоо колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорун “ак”, “кара”, “боз” тизмелерине киргизүү мүмкүндүгү менен маалыматтар базасында каттоону жана сактоону камсыз кылууга тийиш;
12) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана өндүрүүдө байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн байланыш түзүлүштөрү ташылып келген күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө импорттоочу лицензиатка түзүлүштү электрондук форматта каттоо жөнүндө арызды, ошондой эле түзүлүштү каттоо үчүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документин берет. Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча идентификациялоо оператору тарабынан белгиленет.
Байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн документтер идентификациялоо операторунун электрондук порталы аркылуу берилүүгө тийиш, арызга электрондук колтамга коюлат же документтер жазуу жүзүндө берилет.
Электр байланышынын операторлору лицензиаттан тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде операторлордун маалыматтар базасында болгон бардык идентификациялык коддор жөнүндө маалыматтарды лицензиатка берүүгө, ошондой эле жабдууларга кошулуу, кошумча жабдууларды кошуу жана маалымат алмашуу үчүн лицензияны колдонуу мезгилинде күнү-түнү тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Идентификациялоо оператору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтому менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин сактоого милдеттүү.

31-глава. Шаар курууну, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерин жана жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
214. Лицензия шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерине жана жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерине (I, II, III категориядагы объекттер) мамлекеттик шаар куруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет (мындан ары - Лицензия).

215. Лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

216. Шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерине лицензиялык иш өзүнө төмөнкү иштин түрлөрүнүн тизмегин камтыйт:
1) инженердик изилдөөлөр:
- инженердик-геодезиялык изилдөөлөр: топографиялык сүрөткө тартуулар; линиялык изилдөөлөр; геодезиялык бөлүштүрүү негизин түзүү;
- инженердик-геологиялык изилдөөлөр: курулуш объекттери үчүн инженердик-геологиялык иштер;
2) шаар куруу жана долбоорлоо иштери:
- объекттердин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу: аймактык пландоо; шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын башкы пландары; инженердик инфраструктура жана аймактарды коргоо;
- объекттерди архитектуралык долбоорлоо: турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк багыттагы объекттер;
- курулуштук долбоорлоо жана конструкциялоо: турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк багыттагы объекттер; көпүрөлөр, жолдор жана транспорттук курулмалар, эстакадалар; гидротехникалык жана мелиоративдик курулмалар (плотиналар, дамбалар, каналдар ж.б.); гидроэлектрстанциялар;
- ички жана тышкы системаларды, тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо: электр станциялары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана трансформатордук подстанциялар, электр менен жабдуу, электр берүү линиялары; суу менен камсыздоо жана канализация; отканалар; жылуулук тармактары жана желдетүү; газ менен камсыздоо;
- долбоорлордун атайын бөлүмдөрүн иштеп чыгуу (анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо, сметалар);
- технологиялык долбоорлоо (түрлөрүн көрсөтүү менен);
- башкы долбоорлоочунун функцияларын жүзөгө ашыруу.

217. Жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) жүргүзүүгө лицензия төмөнкү иштерди аткаруудан жана (же) кызмат көрсөтүүдөн турат:
1) казуу иштери;
2) имараттардын жана курулмалардын тирөөч жана тосмо конструкцияларын орнотуу, чатырын жабуу:
- металл конструкцияларын монтаждоо;
- монолиттүү бетон жана темир-бетон конструкцияларын куруу;
- курама бетон жана темир бетон конструкцияларын монтаждоо;
- таш, кыш, блокторду коюу;
- жыгач тирөөч конструкцияларды жана буюмдарды орнотуу;
3) ички жана тышкы инженердик системаларды, тармактарды жана курулмаларды орнотуу боюнча иштер:
- электр станциялары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана трансформатордук подстанциялар, электр менен жабдуу, электр берүү линиялары;
- суу менен камсыздоо жана канализация;
- отканалар;
- жылуулук тармактары жана желдетүү;
- газ менен камсыздоо;
4) технологиялык жабдууларды монтаждоо (түрлөрүн көрсөтүү менен);
5) гидроэлектрстанцияларды куруу, гидротехникалык курулуш;
6) транспорттук курулуш (көпүрөлөр, жолдор, курулмалар), эстакадалар;
7) башкы подрядчынын функцияларын жүзөгө ашыруу.

218. Ишкердик субъекттеринин ушул главада каралган иштердин түрлөрүнүн тизмегине киргизилбеген иштерди аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруусу эркин болуп саналат жана лицензия алууну талап кылбайт.

219. Шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерине, ошондой эле жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) жүзөгө ашырууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
- юридикалык жак үчүн - суралган иштин жана жумуштун ар бир түрүнө тиешелүү квалификациялык сертификаты бар бирден кем эмес адистин болушу;
- жеке жак үчүн - өзүнүн документ менен ырасталган кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жеке өзү аткара ала турган же алардын сапаттуу аткарылышын контролдой ала турган курулуш иштеринин тиешелүү кесиптик ишине квалификациялык сертификаттын болушу;
- республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу социалдык объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимдердин шарттарын сактоо;
- салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы календардык үч жыл үчүн салыктык чегерүүлөрдү төлөө;
- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун жана кооптуулуктун пайда болушу үчүн шарттарды түзүүчү себептерди четтетүү жөнүндө архитектуралык-курулуш контролу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жазма буйруктарынын жоктугу;
- мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин бир уюмдан көп эмес жерде туруктуу негизде эмгектенүүсү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, жолдордун, көпүрөлөрдүн, тротуарлардын жана коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу мыйзамдык талаптарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
220. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун жана кооптуулуктун пайда болушу үчүн шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуп жаткан (тургузулган) объекттердин конструкцияларынын тирөөч жана тосмо жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу;
2) курулушта ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык келбеген сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу;
3) курулуш учурунда коопсуздук техникасынын талаптарын сактабоо.

2201. Лицензиялоодо белгилүү даражадагы татаалдыктагы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Курулуш иштеринде аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин дайындоо эрежелерине ылайык жоопкерчиликтин деңгээли белгиленет.

2202. Лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:
1) иштин жана жумуштардын суралган түрлөрүнүн тизмесин көрсөтүү менен лицензия алууга арыз;
2) өндүрүш аймактарында коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
3) мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар адистердин иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү;
Анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.
4) адистердин мамлекеттик квалификациялык сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
5) мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар жетекчилердин жана адистердин квалификациялык курамы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2203. Жеке жакка лицензия өзүнүн документ менен ырасталган кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жеке өзү аткара ала турган же тиешелүү кесиптик иш-аракетке квалификациялык сертификаты бар болсо, алардын сапаттуу аткарылышын контролдой ала турган курулуш иштеринин түрлөрүнө берилет.
2204. Курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2205. Лицензиялык талаптарды бузуулар табылганда лицензиар лицензиатка карата төмөнкүдөй чараларды колдонууга укуктуу:
1) эскертүү;
2) айып;
3) шаар куруу ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу менен чечим кабыл алынган учурдан тартып лицензиянын колдонулушун 90 календардык күнгө токтотуп туруу.

2206. Табылган укук бузуулар көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз берет.

2207. Жоопкерчиликтин экинчи жана үчүнчү деңгээлдериндеги лицензиялоодон өтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу жоопкерчиликтин биринчи деңгээлиндеги курулуш ишинде аткарылуучу иштерди лицензиялоо төмөнкүлөр болгон учурда жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн биринин өтүнүчү;
2) лицензиатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен 10 миллион АКШ долларынан жогору суммага белгиленген тартипте түзүлгөн инвестициялык макулдашуу;
3) лицензиатта бир миллиард сомдон жогору суммага белгиленген тартипте түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;
4) конкреттүү долбоорлоо жана/же куруу объектине лицензиялоо субъектинин арызы.
Ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда жоопкерчиликтин биринчи деңгээлиндеги курулушу аяктаган конкреттүү объект эксплуатациялоого берилген шартта лицензиар конкреттүү долбоорлоо жана/же куруу объектине талаптарды белгилебестен лицензиялоону жүзөгө ашырат.
2208. Ушул Жобонун 220-7-пунктунда көрсөтүлгөн курулуш ишинде аткарылуучу иштерди лицензиялоо субъекттери Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, ошондой эле лицензиялык талаптарга ылайык келген чет мамлекеттердин юридикалык жактары болушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 683 токтомунун редакциясына ылайык)
32-глава. Жеке турак үйлөрдү куруудан
тышкары курулуш-монтаждоо иштерин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү (I, II, III
категориядагы объекттер)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-глава. Автомобиль транспорту менен
жүргүнчүлөрдү ташууларды лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
227. Кыргыз Республикасынын аймагында бир календардык жыл аралыгында колдонулуучу автомобиль транспорту (шаар аралык, шаардык жана шаар четиндеги) менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия ажыратылгыс болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы N 535 токтомунун редакциясына ылайык)
228. Автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары же Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен) лицензия ажыратылгыс болуп саналат, “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир календардык жыл аралыгында колдонулат жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

229. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алуу үчүн (жеңил таксилерди кошпогондо) арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсүн;
2) транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, эмгекти коргоо жана ташуулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер, контролдук механик жана нарколог медик) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдордун, күбөлүктөрдүн, сертификаттардын) көчүрмөлөрүн;
3) баланста же оперативдүү башкарууда, же өндүрүштүк-техникалык базаны ижаралоо укугунда төмөнкүлөр бар экендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн: линияга чыгардын алдында транспорт каражаттарын контролдук механик тарабынан рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкур; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарын тургузуу үчүн тосулган аймак; нарколог медиктин айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жай; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класс же менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автотранспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн);
4) менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автотранспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн);
5) учурдагы транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды (автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын жана техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөлөрүн);
6) автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларга – тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүн жана ден соолугунун абалы жөнүндө белгиленген формадагы медициналык маалымкатты;
7) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга – тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, үч жылдан кем эмес кесиптик стажы жана ден соолугунун абалы жөнүндө белгиленген формадагы медициналык маалымкатты (жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке жактар үчүн), кесиптик стажын ырастоо үчүн төмөнкү документтердин биринин (документтин түп нускасы көрсөтүлгөн учурда ар бир документтин көчүрмөсү документтерди кабыл алууга жооптуу адистин колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен:
– эмгек китепчеси;
– жүргүнчүлүк транспорт кызматтарын көрсөтүү боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашырууга патент

2291. Шаар аралык жүрүүгө арналган жеңил автомобиль-таксилер менен (60 км ашык), ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) юридикалык жактар үчүн:
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– баланста же оперативдүү башкарууда, же өндүрүштүк-техникалык базаны ижаралоо укугунда төмөнкүлөр бар экендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн: линияга чыгардын алдында транспорт каражаттарын контролдук механик тарабынан рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкур; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарын тургузуу үчүн тосулган аймак; нарколог медиктин айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жай; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класс же менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автотранспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– автомобилдик транспорт каражаттарын эксплуатациялоого, эмгекти коргоого жана ташуунун коопсуздугун камсыздоого жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдор, күбөлүктөр, сертификаттар) көчүрмөлөрү;
– өзүндө болгон автомобилдик транспорт каражаттары жөнүндө маалымат;
– адистердин дайындалышы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (эмгек келишими);
2) жеке жактар үчүн:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
– техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;

– менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
– белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
– соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.

2292. Шаардык жана шаар четиндеги (60 км ашык эмес) ташууларга арналган, айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык эмес орундугу бар жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

– колдо болгон автомобилдик транспорт каражаттары жөнүндө маалымдар;
– автомобилдик транспорт каражаттарын эксплуатациялоого, эмгекти коргоого жана ташуунун коопсуздугун камсыздоого жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдор, күбөлүктөр, сертификаттар) көчүрмөлөрү же ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен юридикалык же жеке жак менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– адистерди дайындоо жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (эмгек келишими);
2) жеке адамдар үчүн:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөлөрү;
– жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн баланста же оперативдүү башкарууда же ижаралоо укугунда классы бар юридикалык жак (ташуучу, автопарк) менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;

– үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы N 535, 2025-жылдын 25-октябрындагы № 756 токтомунун редакциясына ылайык)
230. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеңил автомобиль-таксилерди кошпогондо) ташуу боюнча транспорттук ишти жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
-- баланста же оперативдүү башкарууда же ижара укугунда төмөнкүлөр менен өндүрүштүк-техникалык базанын болушу: линияга чыгаардын алдында контролдук механик тарабынан транспорт каражаттарын рейс алдында техникалык кароону жүргүзүү үчүн кароочу чуңкурлар; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн тосулган аймак; нарколог медик тарабынан айдоочуларды күн сайын рейс алдындагы медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн жайлар; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаждарды өткөрүү үчүн класс;
-- айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыздоо боюнча киришүү жана квартал сайын инструктаждарды өткөрүү;
-- айдоочулардын абалын күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү жана жолдомо баракчасына белги коюу менен автомобилдерди рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү;
-- айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоосун контролдоо жана камсыз кылуу;
-- транспорттук ишти камсыз кылуучу ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузууларын эсепке алуу; жол кыймылынын коопсуздугу жана коопсуздук техникасы боюнча киришүү, ай сайын, квартал сайын инструктаждарды өткөрүү; жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу, транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү; техникалык тейлөө жана күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүү; нускамалар: жол коопсуздугу жана коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча; инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн кызматтык нускамалар);
-- Бажы бирлигинин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” 018/2011 техникалык регламентинин жана санитардык ченемдердин талаптарына ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоого;
-- транспорт каражатынын түрүн башкаруу боюнча тиешелүү квалификациядагы жана белгиленген формадагы медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы менен айдоочулук курам менен транспорт каражатын комплекттөө;
– эмгек келишиминин же айкалыштыруу боюнча келишимдин негизинде иштеген жалданган айдоочуларда – ушул Жобонун 227 же 228-пункттарына ылайык колдонулуучу арналышы боюнча лицензиянын, салыктык каттоону (каттоо жөнүндө күбөлүк же патент) жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин болушун камсыздоо;
-- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыздоо;
-- техникалык бузулган, анын ичинде автобустардын салондорундагы люктарды, эшиктерди, терезелерди авариялык ачуучу түзүлүштөрү бузулган, ошондой эле зарыл болгон оң өрткө каршы жабдуулар, медициналык аптечкалар, авариялык токтотуу белгилери, жылып кетүүгө каршы тирөөчтөр, жол-транспорт кырсыктары болгон учурда айнектерди сындыруу үчүн балка комплекттери менен камсыз кылынбаган транспорт каражаттарын рейске чыгарууга жол бербөөгө;
-- жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзүү;
-- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка юридикалык же жеке жакка берүүгө тыюу салуу;
– Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бекитилген эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо;
2) жеке жактар үчүн (айдоочулар):
-- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялык талаптарга шайкеш келүү;
-- техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү ташуу;
-- жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыздоо боюнча инструктаждан өтүү;
-- рейске чыгаардын алдында жол жүрүү барагына белги коюу менен күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жана автомобилди рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү;
-- айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоо;
-- транспорт тартибинин талаптарын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоо;
-- айдоочуларды жыл сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жана жылына эки жолу транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү;
-- Бажы бирлигинин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” 018/2011 техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
-- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелерин сактоо.
- бул Жобонун 227 же 228-пункттарына ылайык колдонулуучу арналышы боюнча лицензиянын болушу.

2301. Шаар аралык жүрүүгө арналган жеңил автомобиль-таксилер менен (60 км ашык), ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
– баланста же оперативдүү башкарууда төмөндөгүлөр менен өндүрүштүк-техникалык базанын болушу же ижара укугунда болушу: линияга чыгуунун алдында контролдоочу механик тарабынан автомобилдик транспорт каражаттарын рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароо жүргүзүү чуңкуру; автомобилдик транспорт каражаттарынын коопсуз кирүү жана чыгуусу менен автомобилдик транспорт каражаттарын токтотуу үчүн тосулган аянт; медик-нарколог тарабынан айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн жайлар; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаждарды өткөрүү үчүн класс;
– жол кыймылынын коопсуздугун жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча айдоочуларга киришүү, айлык жана кварталдык инструктаждарды өткөрүү;
– айдоочулардын абалын күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү жана жолдомо баракчасына белги коюу менен автомобилдерди рейс алдында техникалык кароону жүргүзүү;
– айдоочулар үчүн белгиленген эмгек жана эс алуу режиминин айдоочулар тарабынан сакталышын контролдоо жана камсыз кылуу;
– транспорттук ишти камсыз кылуучу ички өндүрүш документтерин жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуусун, жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча киришүү, айлык, кварталдык инструктаждардын өткөрүлүшүн эсепке алуу, жол-транспорт кырсыктарын, автомобилдик транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүүнү, техникалык тейлөөлөрдү жана учурдагы оңдоолорду жүргүзүүнү эсепке алуу; нускамалар: жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу боюнча, инженердик-техникалык жумушчулар үчүн кызматтык нускамалар);
– Бажы бирлигинин 018/2011 “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык автомобилдик транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
– эмгек келишиминин же айкалыштырып иштөө боюнча келишимдин негизинде иштеген жалданма айдоочуларда ушул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык колдонуудагы лицензиянын, салыктык каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтердин (каттоо күбөлүгү же патент) болуусун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүн жана/же салык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын бар/жоктугу жөнүндө маалымкаттын болуусун камсыз кылуу;
– автомобилдик транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылуу;
– техникалык бузулган, зарыл болгон оң абалдагы өрткө каршы шаймандары, медициналык аптечкалары, авариялык токтотуу белгилери менен камсыздалбаган автомобилдик транспорт каражаттарын рейске чыгарууга жол бербөө;
– автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн багытталган лицензияны башка юридикалык же жеке жакка берүүгө тыюу салуу;
– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо;
2) жеке жактар үчүн:
– ташуучунун шарттары жана талаптары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаждан өтүү;
– рейске чыгуудан мурун жол жүрүү баракчасына белги коюу менен күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн жана рейс алдында автомобилди техникалык кароодон өтүү;
– айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоосу;
– транспорт тартибинин талаптарын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоо;
– транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочулардын жыл сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү;

– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
– төмөнкүлөр сыяктуу айрым өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулуктун жоктугу: адам өлтүрүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, ыплас аракеттер, адам уурдоо, адамдарды сатуу, балдарды сатуу, терроризм актысы, террористтик ишти каржылоо, террористтик ишке көмөктөшүү, барымтага алуу, адамды кылмыш ишине катышууга мажбурлоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;
– бул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык багыты боюнча колдонуудагы лицензиянын болушу.

2302. Шаардык жана шаар четиндеги (60 км ашык эмес) жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордун кошпогондо төрттөн ашык эмес орундуу жеңил автомобилдер-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча транспорттук ишти жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар төмөнкүлөр болуп саналат:

– баланста же оперативдүү башкарууда, же ижара укугунда жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана айдоочулардын эмгегин коргоону камсыз кылуу боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класстын болушу;
– транспорттук ишти камсыз кылуучу ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуусун, жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча киришүү, айлык, кварталдык инструктаждардын өткөрүлүшүн эсепке алуу, жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу);

34-глава. Автомобиль транспорту менен эл
аралык жүк ташууларды лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
231. Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга лицензия автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
232. Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, эмгекти коргоо жана ташуулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер, контролдук механик) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдордун, күбөлүктөрдүн, сертификаттардын) көчүрмөлөрүн – юридикалык жактар үчүн;
2) автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн өндүрүштүк-техникалык базага менчик укугунун же оперативдүү башкаруу укугунун бар экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн же менчик укугунда өндүрүштүк-техникалык базасы бар, автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн);
3) юридикалык жана жеке жактар үчүн болгон транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды (автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын жана техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөлөрү);
4) тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
233. Транспорт ишин жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
- баланста же оперативдүү башкарууда же ижара укугунда төмөнкүлөр менен өндүрүштүк-техникалык базанын болушу: линияга чыгардын алдында контролдук механик тарабынан транспорт каражаттарын рейске чейинки техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкурлар; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн тосулган аймак; коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча нускамалоону жүргүзүү үчүн жайлар;
- айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча киришүү жана квартал сайын нускамалоо;
- транспорт ишин камсыз кылуучу ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузууларын эсепке алуу; жол кыймылынын коопсуздугу жана коопсуздук техникасы боюнча киришүү, ай сайын, квартал сайын нускамалоону жүргүзүү; жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу, транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү; техникалык тейлөө жана күнүмдүк оңдоо иштерин жүргүзүү; нускамалар: жол коопсуздугу жана коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча; инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн кызматтык нускамалар);
- Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" 018/2011 техникалык регламентинин жана санитардык ченемдердин талаптарына ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
- транспорт каражатынын аталган түрүн башкаруу боюнча тиешелүү квалификациясы бар айдоочулук курам менен транспорт каражатын комплекттөө;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылуу;
- автомобиль транспорту менен жүк ташууну жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка юридикалык же жеке жакка берүүгө тыюу салуу;
2) жеке жактар үчүн (айдоочулар):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген автомобиль транспорту менен жүк ташууну жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялык талаптарга шайкеш келүү;
- техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаты менен жүк ташуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча нускамалоодон өтүү;
- айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоо;
- транспорт каражатын тиешелүү мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү;
- Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" 018/2011 техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүк ташууларды уюштуруу эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын сактоо.

35-глава. Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү
жана (же) жүк ташууларды лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
234. Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензия транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
235. Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензия ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
236. Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) дипломдордун, кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктөрдүн (кеме айдоочусунун жумушчу диплому), кеменин техникалык документтеринин көчүрмөлөрүн;
2) кеменин күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
3) кеменин сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
4) кемени күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн;
5) кемени инспектордук кароо актысынын көчүрмөсү;
6) жүргүнчүлүк күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
237. Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук ишти жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
-- юридикалык жактын жетекчисинде, суу транспортунун абалынын жана эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкерде, кеме айдоочусунда суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү жогорку же орто кесиптик билиминин же болбосо алардын суу транспортун эксплуатациялоо боюнча атайын окуу курсунан өткөндүгүн ырастоочу документинин болушу;
-- кеме айдоочусунда суу транспортун башкаруу укугуна күбөлүктүн болушу;
-- менчик укугунда же ижара келишиминин негизинде арыз ээсине – юридикалык жакка таандык болгон суу транспортунун техникалык оң абалын ырастоочу документтин болушу;
-- өндүрүштүк базанын жана причалдык курулманын болушу (пирс);
2) жеке жактар үчүн:
-- суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү жогорку же орто кесиптик билиминин же болбосо алардын суу транспортун эксплуатациялоо боюнча атайын окуу курсунан өткөндүгүн ырастоочу документинин болушу;
-- суу транспортун башкаруу укугуна күбөлүктүн болушу;
-- менчик укугунда же ижара келишиминин негизинде арыз ээсине таандык болгон суу транспортунун техникалык оң абалын ырастоочу документтин болушу.
36-глава. Ломбарддардын ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
238. Ломбарддардын ишине лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
239. Ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
240. Ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн азыр ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, аткаруу органынын жетекчисин жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрүн (бар болсо);
2) ломбарддын кызмат адамдары (жетекчиси жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтарды;
3) коммерциялык банктын юридикалык жакта эсеби бар экендиги жана ломбарддын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоосу;
4) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
5) арыз берген учурда бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу салык органдарынан маалымкат (юридикалык жак үчүн);
6) зайым келишиминин үлгүсү;
7) обочолонгон бөлүмдөрдүн тизмеси (бар болсо);
8) ири габариттүү мүлктү күрөөгө алуу ниети болгон учурда менчик укугунда же пайдалануу укугунда аянты 100 (жүз) кв. метрден кем эмес аянты менен аймагы бар экендиги жөнүндө документтин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомунун редакциясына ылайык)
241. Ломбард ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия мүлктүн чакан габариттүү түрүнөн ири габариттүү мүлккө кайра таризделген учурда төмөнкүдөй документтер берилет:
1) белгиленген формадагы арыз;
2) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
3) ломбард ишин жүзөгө ашыруу укугуна мурда берилген лицензия;
4) менчик укугунда же пайдалануу укугунда аянты 100 (жүз) кв. метрден кем эмес аянты менен аймагы бар экендиги жөнүндө документтин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

242. Ломбард ишине лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жетекчи үчүн:
-- жогорку кесиптик билиминин болушу (бакалавр, магистр, адис), ырастоочу документтеринин болушу;
-- соттуулугунун жоктугу жок болсо же белгиленген тартипте соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгы;
-- 5 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын болушу;
2) башкы бухгалтер үчүн (штатта башкы бухгалтердин кызмат орду жок болгон учурда бухгалтер):
-- уюмдарда бухгалтердик эсеп маселелери боюнча атайын даярдыгынын болушу;

-- бухгалтердик кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
3) ломбарддын аймагына карата минималдуу талаптар:
-- соода уюмунун жайында, турак жайда жана башка жайларда жайгашкан ломбард жайы жогоруда аталган уюмдардын персоналынан жана кардарларынан обочолонууга тийиш, кардарларды тейлөө ломбарддын кассалык терезеси аркылуу гана жүргүзүлүшү керек;
-- өзүнчө жайгашкан курулманы, турак эмес имараттарда же турак үйдөгү квартирага өзүнчө кирүүчү жайды ижарага алган же ээлеген ломбард жайларында терезелеринде металл торчолордун жана кирүүчү металл эшиктердин болушу. Кредиттерди берүү жана кайтаруу ломбард жайында ломбарддын кассасы аркылуу гана жүргүзүлөт;
-- ломбарддын кассалык жайы обочолонууга, операция жүргүзүлүп жаткан убакта кассага кирүүчү эшиктер ички жагынан кулпуланууга тийиш;
-- чакан габариттүү мүлктү сактоо үчүн күйбөй турган металл шкафтын (сейфтин) болушу;
4) күрөө кармоочу тарабынан чакан габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алууда кабыл алынган күрөө күрөө берүүчүнүн катышуусунда сейфтин ячейкасынын катар номерин көрсөтүү менен конвертке салынып чапталат, конверттин кошулган жерине күрөө берүүчүнүн колу коюлат;
5) күрөөгө коюлган чакан габариттүү мүлктү сактоо ломбарддын өзүнчө обочолонгон жайында жүзөгө ашырылууга тийиш. Жумуш күнүнүн аягында ломбарддын бул жайынын жана кассасынын эшиктери ачкыч менен бекитилүүгө жана ломбарддын мөөрү коюлууга тийиш. Ломбарддын ишине тиешеси жок адамдардын бул жайга кирүүсүнө тыюу салынат;
6) күрөөлөрдү сактоо үчүн жайдын, металл шкафтардын (сейфтердин) ачкычтары жана ломбарддын мөөрлөрү жетекчиде же башкы бухгалтерде (бухгалтерде – штатта башкы бухгалтердин кызмат орду жок болсо) сакталат, аларга шарттуу жерлерде аларды калтырууга, бөтөн адамдарга берүүгө же эсепке алынбаган дубликаттарды даярдоого тыюу салынат;
7) ломбарддар ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар: стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, ишке уруксат берилген таразалар жана гирялар (баалуу металлдардан жасалган буюмдарды күрөөгө кабыл алган учурда), алтындын аныктыгын текшерүү жана бриллианттарды аныктоо үчүн приборлор менен жабдылууга тийиш;
8) ломбарддар финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн уставдык капиталдын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ломбарддын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде кармап турууга милдеттүү;
9) коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ломбарддын аймагы: сейф, телефон, коркунучту билдирүүчү баскыч, сигнализация, видеобайкоо камерасы, видеожазууларды сактоо үчүн компьютер, электр энергиясын үзгүлтүксүз азыктандыруу системасы, түнкү терезеси жана коңгуроосу бар брондолгон металл эшик менен жабдылууга тийиш;
10) ломбард күрөөгө коюлган мүлктү бир айга барабар болгон жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде өндүрүп алууга тийиш эмес;
11) ломбард зайым келишиминде каралган зайым боюнча пайыздык ставканы көбөйтпөөгө, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо шарттарын начарлатпоого, ошондой эле аны сактагандыгы үчүн сый акы албоого.
12) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте отчет берүүгө жана маалыматты ачып берүүгө милдеттүү;
13) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зайымдарды берүүнүн, зайым берүү боюнча документтерди тариздөөнүн, күрөөнү тариздөөнүн тартибин сактоого милдеттүү;
14) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган зайымдар боюнча жол берилген чектеги жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы сактоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
37-глава. Кесиптик лотереяны уюштуруу
боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
38-глава. Аскердик багыттагы продукцияларды
(курал-жарак, аскердик техника, аскердик-
техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык
иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияга
киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү
маалымат) иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча
ишти жана аскердик багыттагы кызмат
көрсөтүүлөрдү (куралды, аскер техникасын оңдоо,
модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле
аларды ташып келүү, жеткирүү жана сактоо)
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
246. Аскердик багыттагы продукцияларды (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалымат) иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөргө (куралды, аскер техникасын оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташып келүү, жеткирүү жана сактоо) лицензия коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
247. Аскердик багыттагы продукцияларды (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалымат) иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөргө (куралды, аскер техникасын оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташып келүү, жеткирүү жана сактоо) лицензия ээликтен ажыратылбайт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
248. Аскердик багыттагы продукцияларды (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалымат) иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөргө (куралды, аскер техникасын оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташып келүү, жеткирүү жана сактоо) лицензиялык иш төмөнкү жумуштарды же/жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан турат:
1) аскердик багыттагы продукцияны (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы буюмдарга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалымат) иштеп чыгуу;
2) аскердик багыттагы продукцияны (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы буюмдарга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалыматтар) өндүрүү;
3) аскердик багыттагы продукцияны (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы буюмдарга киргизилген аскердик-техникалык чөйрөдөгү маалыматтар) сатуу;
4) аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөр (аскердик багыттагы продукцияны оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана сактоо).
249. Аскердик продукцияны иштеп чыгууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз ээсинин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүштүн техникалык каражаттарынын жана жабдууларынын абалы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аларды тиешелүү аттестациялоо жөнүндө документтерди;
2) иштин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу квалификациялуу адистер жөнүндө маалыматты;
3) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү жооптуу инженердик-техникалык кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты.
250. Аскердик багыттагы продукцияны өндүрүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкүлөрдү берет:

3) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү жооптуу инженердик-техникалык кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты;
4) иштин бул түрүнүн экологиялык коопсуздугунун негиздемесин;
5) аткарылган иштердин сапатын контролдоо системасы жөнүндө маалыматты;
6) финансылык абалы жана каржылоо булактарынын тизмеги жөнүндө маалыматты;
7) ченемдик-техникалык документтердин тизмегин, анын негизинде лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылат;
8) даяр продукцияны сатуу системасы жөнүндө маалыматты;
9) техникалык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун системасы жөнүндө маалыматты;
10) коргоо системасы жөнүндө маалымат.
251. Аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөргө лицензия алуу үчүн (аскердик багыттагы продукцияны оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана сактоо) арыз ээси тарабынан кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
1) арыз ээсинин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат;
2) иштин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу квалификациялуу адистер жөнүндө маалымат;
3) аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү чөйрөсүндөгү жооптуу инженердик-техникалык кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар;
4) техникалык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун системасы жөнүндө маалымат;
5) коргоо системасы жөнүндө маалымат.
252. Аскердик багыттагы продукцияны сатууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) аскердик багыттагы продукцияны жеткирүү боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча арыз ээсинин ниети жөнүндө жөнөтүүчүлөр жана тапшырыкчылар менен алдын ала макулдашууларды (келишимдер, контракттар);
2) кайтарылуучу кампа жайларынын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды.
253. Аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууда лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) лицензиатты материалдык-техникалык жабдуу (өндүрүштүк базанын, адистештирилген техникалык жабдуулардын, имараттардын жана курулмалардын ж.б. болушу);
2) аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү чөйрөсүндө квалификациялуу инженердик-техникалык персоналдын, иштин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу адистердин болушу.
254. Аскердик багыттагы продукцияны өндүрүүдө лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

2) аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү чөйрөсүндө квалификациялуу инженердик-техникалык персоналдын, иштин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу адистердин болушу;
3) ченемдик-техникалык документтердин тизмегин, анын негизинде лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылат.
255. Аскердик багыттагы кызматтарды көрсөтүүгө лицензиялык талаптар (аскердик багыттагы продукцияларды оңдоо, модернизациялоо, утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана сактоо) болуп саналат:
1) арыз ээсин материалдык-техникалык жабдуу (атайын техникалык жабдуулардын, имараттардын жана курулмалардын ж.б. болушу);
2) квалификациялуу инженердик-техникалык персоналдын болушу.
256. Аскердик багыттагы продукцияны ташууда арыз ээси коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адистештирилген транспорт каражаттарынын бар экендиги жана коргоо системасы жөнүндө маалыматтарды кошумча берет.
39-глава. Өнөр жай багытындагы жарылуучу
материалдарды өндүрүү, колдонуу, жок кылуу

40-глава. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын
ичинде пиротехникалык) сатуу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
261. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды (пиротехникалык заттардан тышкары) сатууга лицензия атайын уруксат берүү функциялары берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
262. Пиротехникалык заттарды жана буюмдарды сатууга лицензия ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
263. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык заттарды) сатууга лицензия убактылуу жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
264. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык заттарды) сатууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жумушчу жана жетекчилик персонал үчүн:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
-- тиешелүү медициналык адистердин (психиатр, нарколог) оң корутундусун;
-- өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, жарылуучу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан жумуштарга кызматкерлерди киргизүү;
3) транспортко укук белгилөөчү документтердин (техникалык паспорттун, сатып алуу-сатуу келишиминин) көчүрмөлөрү же жарылуучу материалдарды ташуу үчүн арналган транспорт каражатын ижаралоо келишимин;
4) жайга укук белгилөөчү документтердин (техникалык паспорттун, сатып алуу-сатуу келишиминин) көчүрмөлөрү же жарылуучу материалдарды туруктуу же убактылуу сактоо үчүн жайды ижаралоо келишимин;
5) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же ок атуучу курал менен куралданган жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсүн.

265. Жарылуучу материалдарды жана буюмдарды сатууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сатылып жаткан жарылуучу материалдарды Кыргыз Республикасынын же өндүргөн өлкөнүн сертификаттоо органдары тарабынан милдеттүү сертификациялоо;
2) атайын окутулган жумушчу жана башкаруучу персоналдын, транспорттун, жарылуучу материалдарды туруктуу сактоочу жайдын болушу;
3) сатылган жарылуучу материалдардын эсебин жүргүзүү жана эсепке алуу документтерин 10 жыл бою сактоо;
4) жарылуучу материалдарды коргоону жана коопсуз сактоону камсыз кылуу;
5) сатып алуучуларды жарылуучу материалдардын ар бир партиясы үчүн сертификаттар менен камсыз кылуу;
6) башкаларга таандык болгон кооптуу материалдарды өздөрүнүн кампаларында сактоого жол бербөө;
7) жумушчу жана жетектөөчү персоналдын соттуулугу жок болууга, тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусуна ээ болууга тийиш.
266. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатууга лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) сатылып жаткан пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын же өндүргөн өлкөнүн сертификаттоо органдары тарабынан милдеттүү түрдө сертификациялоо;
2) жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу сактоо үчүн жайдын болушу;
3) жарандык пиротехникалык буюмдарды коргоону жана коопсуз сактоону камсыз кылуу;
4) башкаларга таандык болгон кооптуу материалдарды өздөрүнүн кампаларында сактоого жол бербөө;
5) жумушчу жана жетектөөчү персоналдын соттуулугу жок болууга, тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусуна ээ болууга тийиш.
41-глава. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүү,
оңдоо, сатуу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
267. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого, сатууга лицензия ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
268. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого, сатууга лицензия 2 жылдык мөөнөткө берилет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
269. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүү, оңдоо, сатуу боюнча лицензиялык иш төмөнкү жумуштардан жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдөн турат:
1) куралды жана ок-дарыларды сатуу;
2) куралды жана ок-дарыларды өндүрүү, куралды оңдоо.
270. Куралды жана ок-дарыларды сатууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун куралды, ок-дарыларды сатууга куралды жана ок-дарыларды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттардын ишинин шарттары жөнүндө эксперттик корутундуларын;
2) сактоого уруксат берилген куралдын жана ок-дарылардын максималдуу санын аныктоо менен куралды жана ок-дарыларды сатуу жана сактоо үчүн жайдын жарактуулук актысын;
3) изденүүчүнүн менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн жана белгиленген талаптарга жооп берген, көрсөтүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн зарыл болгон жайлардын, имараттардын, курулмалардын жана башка объекттердин лицензиясынын бар экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (эгерде ижара болсо, анда 2 жылдан кем эмес ижара келишими);
4) жайдын, соода залынын техникалык жактан бекемдигине акт;
5) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан күзөт бөлүмдөрү менен күзөт кызматын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;
6) ишканалардын кызматкерлери үчүн:

-- паспортунун көчүрмөсүн.

271. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, куралды оңдоого лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун куралды, ок-дарыларды өндүрүүгө жана оңдоого иштин шарттарынын белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө эксперттик корутундуларын;
2) изденүүчүнүн менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн жана куралды өндүрүүнүн коопсуздугун, жабдууну өз убагында текшерүүнү жана контролдук-өлчөөчү каражаттарын текшерүүнү камсыз кылуучу, көрсөтүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттардын, жабдуунун, техникалык документтердин, технологиялык жана сыноо жабдууларынын, стенддердин, инструменттердин, контролдук-өлчөөчү аппаратуранын лицензиясынын бар экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
3) ишкананын кызматкерлери үчүн:

272. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналбаган лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүлгөн учурда жаңы маалыматтар колдонуудагы лицензияга киргизилет.
273. Куралды жана ок-дарыларды сатууга лицензия алуу үчүн лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактын статусунун болушу;
2) менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздер боюнча ишканага таандык болгон, көрсөтүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, куралды жана ок-дарыларды кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана кайра сатуу, эсепке алуу документтерин сактоо шарттарын камсыздоо, куралдарга жана (же) эсепке алуу документтерине бөтөн жактардын жетүүсүн болтурбоо боюнча белгиленген талаптарга жооп берген соода жайларынын жана жабдуулардын болушу;
3) штатта куралдын сакталышы, эсеби жана сактоо үчүн жооптуу, ошондой эле куралды сатуу, сатууга чейин даярдоо, өткөрүп берүү, ташуу жана көрсөтүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу менен байланышкан функцияларды аткаруучу кызматкерлердин болушу;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) жумушчу жана жетекчи персоналдын соттуулугу болбошу керек, тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусу болушу керек.

274. Куралды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, куралды оңдоого лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздер боюнча изденүүчү ишканага таандык болгон, көрсөтүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жана куралды өндүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуучу өндүрүш объекттеринин, техникалык документтердин, технологиялык жана сыноо жабдууларынын болушу, алардын параметрлери жана мүнөздөмөлөрү “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4-статьялары менен аныкталган;
2) лицензияга изденүүчүнүн штатында кесиптик билими бар, аны менен эмгек келишимин түзгөн жана тийиштүү квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин болушу;
3) “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык өндүрүштү контролдоону, өндүрүлүп жаткан продукциянын тиешелүү сапатын, алардын сактылышын камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн болушу;
4) “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сыноо жана технологиялык жабдууларды өз убагында текшерүүнү, ошондой эле контролдук-өлчөө каражаттарын текшерүүнү жүргүзүү;
5) документтерди, материалдарды, жарым фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, куралдын үлгүлөрүн жана ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрүн эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуу.
6) жумушчу жана жетекчи персоналдын соттуулугунун жоктугу, ошондой эле тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусунун болушу.

42-глава. Баңги каражаттарын, психотроптук
заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу,
өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу,
сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана
бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
275. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, чыгарууга, сатууга, сатып алууга, пайдаланууга, соодалоого жана бөлүштүрүүгө лицензия баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
276. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, чыгарууга, сатууга, сатып алууга, пайдаланууга, соодалоого жана бөлүштүрүүгө лицензия мөөнөтсүз жана ээликтен ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2761. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу;
2) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду өндүрүү;
3) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду даярдоо;
4) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кайра иштетүү;
5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо;
6) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү;
7) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатуу;
8) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатып алуу;
9) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдалануу;
10) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду соодалоо;
11) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду бөлүштүрүү.

277. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү юридикалык жактар же артыкчылыктуу мамлекеттик үлүшкө ээ акционердик коомдор тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) фармацевтикалык билими жөнүндө дипломду жана адистин медициналык же фармацевтикалык ишке укугу жөнүндө сертификатын;
2) фармацевтикалык, дарылоо-профилактикалык же илимий иш жүргүзүү укугу жөнүндө документтерди;
3) ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйрукту же объектти ведомстводон тышкаркы кайтаруу келишими;
4) милдеттерине мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин сактоо кирген контролдонуучу каражаттардын кыймылын эсепке алуу жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйрукту.
278. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү юридикалык жактар же артыкчылыктуу мамлекеттик үлүшкө ээ акционердик коомдор тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтердин арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кошумча көчүрмөлөрүн берет:
1) ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйрукту же объектти ведомстводон тышкаркы кайтаруу жөнүндө келишимди;
2) милдеттерине мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин сактоо кирген контролдонуучу каражаттардын кыймылын эсепке алуу жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйрукту
3) прекурсорлорго болгон жылдык муктаждык жөнүндө маалыматты.
279. Жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) юридикалык же жеке жактын жетекчиси жана жооптуу адамдары баңгичилик оорусу боюнча диспансердик каттоодо турбагандыгы жөнүндө наркологиялык мекеменин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмунун нарколог-врачынын маалымкатынын түп нускасын;
2) төмөнкүлөрдүн лицензиаттын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн:
-- фармацевтикалык билими жөнүндө дипломду жана адистин медициналык же фармацевтикалык ишке укугу жөнүндө сертификатын;
-- медициналык ишке, дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензияны;
-- ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйрукту же объектти ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндө келишимди;
-- милдеттерине мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин сактоо кирген контролдонуучу каражаттардын кыймылын эсепке алуу жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйрукту.
280. Жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу арыз ээси үчүн кошумча төмөнкү документтерди берет:

-- милдеттерине мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин сактоо кирген контролдонуучу каражаттардын кыймылын эсепке алуу жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйрукту;
-- өрткө каршы коопсуздук эрежелерин жана ченемдерин сактоо жана аткаруу шарттары боюнча өрткө каршы кызматтын корутундусун;
-- санитардык-эпидемиологиялык кызматтын прекурсорлорду сактоо үчүн жайлардын санитардык ченемдерге жана талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундусун;
-- прекурсорлорго болгон жылдык муктаждык жөнүндө маалыматты.
281. Лизензиат ишин бир нече аймактык бөлүнгөн объекттерде жүргүзгөн учурда алар жөнүндө маалымат лицензиянын текстинде көрсөтүлүүгө тийиш.
282. Баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго жеткиликтүүлүккө ээ болгон кызмат адамдарына жана персоналга, ошондой эле ишти жүргүзүү үчүн арналган жайларга коюлуучу лицензиялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежелери менен белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
283. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырууда лицензиялык талаптар болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежелеринде каралган тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү болуп саналат.
43-глава. Адвокаттык ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
284. Адвокаттык ишке лицензия адвокаттык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
285. Адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
286. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкү документтерди бериши керек:
1) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арызды (белгиленген формада);
2) тиешелүү түрдө толтурулган жана жеке өзү кол койгон кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчаны;
3) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн;
4) жогорку юридикалык билим алгандан кийин бир жылдан кем эмес юридикалык адистик боюнча иш стажын ырастоочу акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн документтин (эмгек китепчесинин) көчүрмөсүн;
5) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмөнү;
6) түстүү сүрөттү (4х6 өлчөмүндөгү);
7) анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө талапкердин макулдугун. Талапкердин макулдугунун формасы лицензиардын расмий сайтында жайгаштырылат.
287. Укук коргоо органдарында иштеген адамдар үчүн аны берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, юридикалык стажын ырастоочу маалымкатты (маалымкат-объективка) кошумча берүү зарыл.
Адвокаттардын жардамчылары үчүн адвокат же адвокаттык уюмдун ортосунда түзүлгөн кошумча келишимди (эмгек контракты) кошумча берүү зарыл.
44-глава. Жеке нотариалдык ишти
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
288. Жеке нотариалдык ишке лицензия нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
289. Жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашырууга лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
290. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдар квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн квалификациялык комиссиянын кароосуна кошумча төмөнкү документтерди бериши керек:
1) нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арызды (белгиленген формада);

4) жогорку юридикалык билим алгандан кийин үч жылдан кем эмес юридикалык адистик боюнча иш стажын ырастоочу документтин (эмгек китепчесинин) көчүрмөсүн;
5) автобиографиясын;
6) стажировкадан өтүүнүн натыйжалары жөнүндө корутундуну;
7) көктөмө;
8) анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө талапкердин макулдугун. Талапкердин макулдугунун формасы лицензиардын расмий сайтында жайгаштырылат.
Укук коргоо органдарында иштеген адамдар үчүн аны берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, юридикалык стажын ырастоочу маалымкатты (маалымкат-объективка) кошумча берүү зарыл.
Нотариустардын жардамчылары үчүн нотариус менен нотариустун жардамчысынын ортосунда түзүлгөн кошумча келишимди (эмгек контракты) кошумча берүү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 486, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
45-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан
жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтоочу
камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
291. Өмүрдү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
292. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандырууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
293. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруу уюмунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрүн;
2) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтарды;
3) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти;
4) камсыздандыруу шарттарын (эрежелери);
5) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин (бар болсо);
6) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмесин жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин ырастоочу документтерди;
7) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктоочу документтерди, эмгек китепчесин жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине ылайык келишин ырастоочу документтерди;
8) чет өлкөлүк компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
9) мурдагы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун көчүрмөлөрүн (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).
294. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандыруу боюнча лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында накталай түрдө гана жүзөгө ашырылат;
2) камсыздандыруу уюмдары лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укуктуу;
3) камсыздандыруу уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерди сактоосу.
295. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
2951. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
46-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан
жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке

296. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандыруу ишине лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
297. Камсыздандыруу уюму жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандырууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
298. Камсыздандыруу уюму жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кошумча берет:

299. Камсыздандыруучу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:

300. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
3001. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

47-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан
жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу

301. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу ишине лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
302. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
303. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

304. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

305. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
3051. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

48-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан
жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу

306. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
307. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишке лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
308. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

309. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

310. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
3101. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

49-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан
жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү
түрлөрү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
311. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
312. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча ишке лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
313. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:

314. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча ишке лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

3) камсыздандыруу уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген камсыздандыруу тарифтеринин жана жоопкерчилик лимиттеринин (суммаларын) чектүү өлчөмдөрүн сактоосу;
4) камсыздандыруу уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерди сактоосу.
315. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
3151. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

50-глава. Кайра камсыздандыруу уюму
тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун
милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра
камсыздандырууга кирүүчүлөр боюнча ишти
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
316. Кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр боюнча ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
317. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр боюнча ишке лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
318. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкүдөй документтерди берет:

319. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерди сактоосу.
320. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
3201. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

51-глава. Мамлекеттик эмес пенсиялык
фонддордун ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
321. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
322. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
323. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
2) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (тиешелүү банктын күбөлүктөрү);
3) фонддун жетекчисин, анын орун басарын, башкы бухгалтерин кызмат ордуна дайындоо (шайлоо) жөнүндө маалыматты, ал ар бир адамдын аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, жашаган жеринин дарегин) камтыйт, алардын ишенимдүүлүк талаптарына шайкештиги жөнүндө документтерди; башкы бухгалтердин билиминин деңгээлин ырастоочу жана мурда иштеген жери тууралуу маалыматтарды;
4) фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген фонддун эрежелерин (эки нускада), фонддун пенсиялык келишимдер (фонддун пенсиялык эрежелери), милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдер (фонддун камсыздандыруу эрежелери) боюнча милдеттенмелерди аткаруусунун тартибин жана шарттарын аныктоочу документтерди;
5) жеке жактардын – аманатчылардын жана алуучулардын, камсыздандырылган адамдардын болжолдуу санын, максаттуу акчалай төгүмдөрдүн жана төлөмдөрдүн болжолдуу көлөмүн (иштин биринчи 2 жылы үчүн), эсептөөлөрдү көрсөтүү менен фонддун ишинин келечегинин экономикалык негиздемесин (бизнес-планды), алар эсептөө методикасын жана эсептөөдө колдонулган баштапкы маалыматтарды тиркөө менен максаттуу акчалай төгүмдөрдү жана төлөмдөрдү төлөө тартибинин, шарттарынын варианттарынын ар бири боюнча фонд өзүнө алган милдеттенмелерди ырастайт.
324. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине лицензиялык талаптар болуп менчигинде же толук чарбалык карамагында негизги фонддордун (каражаттардын), фонддун ишин жана анын лицензиар менен инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу жайдын, кеңсе техникасынын жана программалык-техникалык каражаттардын болушу саналат.
325. Кызмат адамдарына коюлуучу талаптар:
1) жогорку билими, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү;
2) фонддун аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна - финансы рыногундагы эки жылдан кем эмес иши;
3) фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын жана фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна финансы рыногундагы иш стажы талап кылынбайт;
4) аткаруу органынын жетекчисинин, фонддун башкы бухгалтеринин кызмат ордуна - финансы рыногундагы үч жылдан кем эмес иши;
5) башкы бухгалтердин кызмат ордуна - тиешелүү сертификаттар менен ырасталган бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын билүүсү;
6) кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун жоктугу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
52-глава. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы
уюштуруу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
326. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
327. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштурууга лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
328. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) финансылык көрсөткүчтөрдүн өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди. Капиталды акчалай эмес каражаттар менен түзүүдө көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтерин (дипломдордун, эмгек китепчелеринин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн);
3) баалуу кагаздарды сатуунун эрежелерин;
4) маалыматты сактоо жана коргоо тартибин;
5) листинг жана делистинг эрежелерин;
6) маалыматты ачыкка чыгаруу тартибин;
7) тооруктун катышуучулары тарабынан тоорукту уюштуруучунун эрежелери, баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда аларга карата тартиптик таасир этүү чараларынын кодексин.
329. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштурууга лицензиялык талаптар:
1) финансылык көрсөткүчтөрдүн өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештиги;
2) юридикалык жактын штатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык сертификаттарына ээ адистердин болушу;
3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгиленген, баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттардын болушу;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш;
5) кызмат адамдарынын финансы чөйрөсүндө экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
6) тооруктун 5тен кем эмес катышуучусунун болушу;
7) реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты берүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү операциялык эрежелердин жана техникалык потенциалдын болушу;
8) алдамчылык иш-аракеттерге жол бербөө жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын тиешелүү операциялык эрежелерди сактоосуна мониторинг жүргүзүү максатында баалуу кагаздар рыногуна көзөмөл жүргүзүү үчүн жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарым укуктарды аныктоочу ички документтердин болушу;
9) кесиптик ишти жүзөгө ашыруу, баалуу кагаздар боюнча клиринг жана эсептешүү менен байланышкан тобокелдиктерди башкаруу механизмдеринин болушу.
330. Жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
2) экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун жоктугу;
3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамын кызмат ордуна дайындоодо документтерди берүүнүн алдында бир жыл ичинде финансы рыногундагы иш менен байланышкан бузуу же эки жылдын ичинде жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу фактысынын жоктугу;
4) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695, 2026-жылдын 10-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
331. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча ишке лицензиясы бар уюмдар жалпы милдеттенмелердин өлчөмүн өздүк каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап т0урууга милдеттүү.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштурууга лицензиясы бар уюмдарга жайылтылбайт.
332. Лицензиаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жөнүндө отчетту квартал сайын, ар бир отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, жылына бир жолу финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, ошондой эле эгерде бул бүтүмдөгү баалуу кагаздардын саны бул баалуу кагаздардын жалпы санынын 5тен кем эмес пайызын түзсө, кесипкөй катышуучу тарабынан бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку бүтүм жасалгандан кийин 5 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Эгерде отчетту берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөтү бүткөн күн болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
53-глава. Баалуу кагаздар рыногундагы
брокердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
333. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
334. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
335. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келишин ырастаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттардан түзүлгөндө көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин, баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү);
3) банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы болушун ырастаган документ (банктар үчүн);
4) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адамдар үчүн).
336. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) финансылык көрсөткүчтөрдүн жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши;
2) юридикалык жактын штатында Кыргыз Республикасында алынган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүктөрү бар адистердин болушу;
3) баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгиленген техникалык каражаттардын болушу;
4) баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
5) кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбанын болушу;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептик регистрлерди жүргүзүүнүн жана ички отчеттуулукту түзүүнүн ички жол-жоболорунун жана эрежелеринин болушу;
7) кардарлардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын эсебин брокердин жеке активдеринен өзүнчө алууну камсыз кылуу;
8) өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарын депозитарийде сактоо;
9) кардарлардын акча каражаттарын коммерциялык банктардын өзүнчө эсебинде (эсептеринде) сактоо;
10) кардарлардан брокер же брокердин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган буйруктарды эсепке алууну камсыз кылуу.
337. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
2) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулуктун жоктугу;
3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамын кызмат ордуна дайындоодо документтерди берүүнүн алдында финансы рыногундагы ишке байланыштуу бир жылдын ичинде бузууларды же эки жылдын ичинде жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу фактысынын жоктугу;
4) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алынган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.

338. Лицензиат жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары брокердик ишке лицензиясы бар, коммерциялык банктар болуп саналган уюмдарга карата жайылтылбайт.
339. Кесипкөй катышуучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча отчетту квартал сайын, ар бир отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жылына бир жолу, ошондой эле эгерде бул операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин түзсө, кесипкөй катышуучу бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку операция жүргүзгөндөн кийин 5 күндүн ичинде берип турууга тийиш. Эгерде отчет берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөт аяктаган күн болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
54-глава. Баалуу кагаздарды кармоочулардын
реестрин жүргүзүү боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
340. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишке лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
341. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
342. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:

3) маалыматты сактоо системалары, ошондой эле адистештирилген каттоочу ээ болгон кайталоочу системалар жөнүндө маалымат;

343. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;

6) көз карандысыз реестр кармоочунун филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн штатында квалификациялык талаптарга ылайык келген бирден кем эмес адистин болушу;
7) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасын түзгөн электрондук документтердин резервдик көчүрмөлөрүн реестр кармоочунун жайгашкан жеринде, имараттан тышкары, коммерциялык банктын сейфинде сактоо, ошондой эле бул көчүрмөлөрдү мезгил-мезгили менен (айына бир жолудан кем эмес) жаңылоо;
8) жайга жана реестр кармоочунун маалыматтар базасына бөтөн адамдардын кирүүсүн чектөө.
344. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:

3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат ордуна дайындоодо документтерди берүүнүн алдында бир жылдын ичинде финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузуу жасагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу фактысынын жок болушу;

345. Лицензиаттар жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча лицензиясы бар уюмдарга карата жайылтылбайт.
346. Кесипкөй катышуучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча отчетту квартал сайын, ар бир отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жылына бир жолу, ошондой эле эгерде бул операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин түзсө, кесипкөй катышуучу бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку операция жүргүзгөндөн кийин 5 күндүн ичинде берип турууга тийиш. Эгерде отчет берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөт аяктаган күн болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
55-глава. Баалуу кагаздар рыногундагы
депозитардык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
347. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
348. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
349. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:

4) кардардын көз карандысыз каттоочу жана/же Борбордук депозитарий менен баалуу кагаздарга ээликти салыштыруунун жол-жобосу жөнүндө маалымат;
5) депоненттердин/кардарлардын акча каражаттарын эсепке алуу үчүн банк менен келишим;
6) акцияларды жана/же акциялардын сертификаттарын коргоо үчүн шарттар жөнүндө маалыматтар (атап айтканда, сактоо үчүн сактагычтарды же башка жабдууларды пайдалануу);
7) коопсуздук системасын камсыз кылуу (сигнализация, коддуу кулпу, компьютердик жабдуулардын ж.б. коопсуздугу) жөнүндө маалыматтар;
8) депозитарийдин бөлүмдөрү, депозитарий менен рыноктун башка катышуучуларынын – көз каранды эмес каттоочулардын жана фондулук биржанын, баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштуруучунун ортосундагы коммуникациялык системаны камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар;
9) компьютердик маалыматтардын корголушунун жана сакталышынын шарттары жөнүндө маалыматтар (кардардын компьютердик маалыматка, колдоо системасына, ошондой эле юридикалык жак ээ болгон кайталама системаларга жетүүсүн контролдоо);
10) маалыматтарды сактоо системалары жөнүндө маалыматтар;
11) кардардын активдеринин жоголушунун ордун толтурууну камсыз кылуу же кепилдүүлүгү жөнүндө маалыматтар;
12) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адамдар үчүн).
350. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

4) баалуу кагаздар рыногундагы ишти жүзөгө ашыруунун шартын жана тартибин белгилеген, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтеринин болушу;

6) коммерциялык банкка депозитарий ачылган өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;
7) кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын депозитарийдин өздүк активдеринен өзүнчө эсепке алууну камсыз кылуу.
351. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт;
5) кесипкөй катышуучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча отчетту квартал сайын, ар бир отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жылына бир жолу, ошондой эле эгерде бул операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин түзсө, кесипкөй катышуучу бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку операция жүргүзгөндөн кийин 5 күндүн ичинде берип турууга тийиш. Эгерде отчет берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөт аяктаган күн болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.

352. Лицензиаттар жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, баалуу кагаздар рыногунда депозитардык иш боюнча лицензиясы бар уюмдарга карата жайылтылбайт.
56-глава. Баалуу кагаздар рыногундагы
дилердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
353. Баалуу кагаздар рыногунда дилердик ишке лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
354. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
355. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:

356. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

5) кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбанын болушу.
357. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:

358. Лицензиаттар жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, баалуу кагаздар рыногунда дилердик иш жүргүзүүгө лицензиясы бар уюмдарга карата жайылтылбайт.
57-глава. Инвестициялык фонддун ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
359. Инвестициялык фонддун ишине лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
360. Инвестициялык фонддун ишин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
361. Инвестициялык фонддун ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү);
3) депозитардык келишимдин көчүрмөсү;
4) акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү:
-- тышкы башкаруу органында – башкаруу компаниясы менен;
-- ички аткаруу органында келишим түзүлгөн учурда –башкармалыктын мүчөлөрү же башкы директор, же болбосо башкаруучу менен;
5) ички аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин чечиминин көчүрмөсү;
6) акционердик инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;
7) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адамдар үчүн).
362. Пайлуу инвестициялык фонддор үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
1) пайлуу инвестициялык фонддун эрежелери;
2) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишими;
3) башкаруучу компаниянын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;
4) башкаруучу компаниянын депозитарий, адистештирилген каттоочу жана көз карандысыз аудитор менен келишимдеринин көчүрмөлөрү;
5) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адамдар үчүн).
363. Инвестициялык фонддун ишине лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

5) экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбанын болушу.
364. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:

4) инвестициялык фонддун депозитарийинин болушу;
5) фонддун каражаттарын инвестициялоону мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашыруу;
6) инвестициялык декларациянын болушу;
7) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.

8) кесипкөй катышуучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын, ар бир отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жана финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде, ошондой эле кесипкөй катышуучу бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку операция жүргүзгөндөн кийин, эгерде бул операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин түзсө, 5 күндүн ичинде берүүгө тийиш. Эгерде отчет берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, мөөнөт аяктаган күн катары андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.

365. Лицензиаттар жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, инвестициялык фонддун иши боюнча лицензиясы бар уюмдарга карата колдонулбайт.
58-глава. Инвестициялык активдерди
ишенимдүү башкаруу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
366. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензия банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
367. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
368. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:

369. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

370. Жетекчи кызмат орундарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:

4) башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясынын болушу;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептик регистрлерди жүргүзүүнүн жана ички отчеттуулукту түзүүнүн ички жол-жоболорунун жана эрежелеринин болушу;
6) кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын башкаруучу компаниянын өздүк активдеринен өзүнчө эсепке алууну камсыз кылуу;

371. Лицензиаттар жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн жеке каражаттардын беш эселенген өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турууга тийиш.
Ушул пункттун талаптары коммерциялык банктар болуп саналган, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу иши боюнча лицензиясы бар уюмдарга карата жайылтылбайт.
59-глава. Банкроттук процесстин жол-
жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун
ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
372. Банкроттук процесстин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишине лицензия банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
373. Банкроттук процесстин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишине лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
374. Банкроттук процесстин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) резюме жана 3x4 өлчөмүндөгү фотокарточка менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
2) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин ыйгарууну ырастаган документтин көчүрмөсү;
3) соттуулугунун жоктугу фактын күбөлөндүрүүчү документ;
4) техникалык жогорку билимдин, экономика жана финансы, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, мүлктү баалоо, айыл чарба чөйрөсүндөгү жогорку билиминин болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5) адистиги же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү үч жылдан кем эмес иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6) лицензиар тарабынан бекитилген банкроттук чөйрөдөгү атайын программа боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаттын көчүрмөсү.
375. Банкроттук процесстин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишин жүзөгө ашыруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган учурларды кошпогондо, үчүнчү жакка кайра ишенип берүү укугусуз администратордун ишин жүзөгө ашыруу;
2) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды жана мөөнөттөрдү сактоо менен лицензиарга төмөнкүдөй отчетторду берүү:
-- карызкордун финансылык абалын баштапкы талдоону;
-- карызкордун активдерин инвентаризациялоо жана баалоо жыйынтыктары боюнча отчетту;
-- кварталдык отчетторду;
-- жылдык отчетту;
-- ачык соода-сатыктарды өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту;
-- корутунду отчетту;
-- карызкордун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту;
3) лицензиар тарабынан берилген отчеттордо каталар табылган учурда – оңдолгон отчетту банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө лицензиарга жөнөтүү;
4) карызкордун финансылык абалы жөнүндө отчетту сотко убактылуу администратор болуп дайындалган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде берүү;
5) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө республикалык жана жергиликтүү гезиттерде (карызкордун турган жери боюнча) кулактандырууну жарыялоо:
-- администратор болуп дайындалгандыгы жөнүндө;
-- кредиторлордун чогулушун өткөрүү жөнүндө;
-- карызкордун активдерин пландалган сатуу жөнүндө;
-- карызкорду реабилитациялоо жүргүзүү жөнүндө;
6) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте администратор болуп дайындалган учурдан тартып:
-- карызкордун активдерин контролго жана башкарууга алууга;
-- карызкордун активдерге болгон укуктарын бекитүүгө жана аларга ээлик кылууга;
-- карызкордун активдеринин сакталышын камсыз кылууга;
-- калк үчүн потенциалдуу коркунуч келтириши мүмкүн болгон карызкордун активдеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
-- карызкордун бардык болгон активдери жөнүндө кредиторлордун чогулушун (комитет) маалымдоого;
-- кредиторлордун чогулушунун (комитетинин) чечими менен банкроттук процесске чыгымдарды бекитүүгө жана кредиторлордун чогулушуна чыгымдар боюнча отчет берүүгө;
-- кредиторлордун жана үчүнчү жактардын талаптарынын негиздүүлүгүн текшерүүгө;
-- карызкордун активдерин сатуу жөнүндө чечимди кредиторлордун чогулушунда макулдашууга;
-- биринчи тооруктарга баалоо наркы боюнча карызкордун активдерин коюуга;
-- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды сактоо менен карызкордун активдерин сатууга (ээликтен ажыратууга);
-- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген карыздарды төлөөнүн шарттарын жана кезектүүлүгүн сактоо менен карызкордун активдерин сатуудан түшкөн каражаттарды кредиторлордун алдындагы карыздарын жабууга багыттоого;
-- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин сактоого;
-- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген кредиторлордун чогулушун өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин сактоого;
-- күрөө менен камсыз болгон кредитордун талабы боюнча күрөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ага мүлктү ээлик кылууга берүүгө;
7) администратордун милдеттерин аткаруудан бошотулган же четтетилген учурдан тартып:
-- жаңыдан дайындалган администраторго функцияларын жүзөгө ашырууга тоскоол болбоого;
-- сотко (кредиторлордун чогулушуна) өз ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берүүгө;
-- жаңы дайындалган администраторго карызкордун мөөрүн жана штампын, карызкордун банкроттук процесске тиешеси бар бардык документтерди берүүгө;
8) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган аракеттер табылган учурда лицензиардын талаптарын аткарууга;
9) чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде лицензиарга жайгашкан жеринин (юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегинин), телефон, факс номерлеринин жана электрондук дарегинин, жеке адамдын паспорттук маалыматтарынын же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого.
60-глава. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоо боюнча, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо боюнча, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүү боюнча, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүү боюнча, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы N 262 токтомунун редакциясына ылайык)
376. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялар өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы N 262 токтомунун редакциясына ылайык)
377. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялар ажыратылгыс жана мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

3771. Өрткө каршы автоматташтыруу системаларын долбоорлоого, өрткө каршы автоматташтыруу каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоого, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялык иш төмөнкү жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) өрткө каршы автоматташтыруу системаларын долбоорлоо;
2) өрткө каршы автоматташтыруу каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо;
3) материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
4) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо;
5) өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо.

378. Өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензияны алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоого:
- бул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл бөлгөн учурда) берүүгө тийиш: билими жөнүндө диплом, билими жөнүндө диплом жок болгон учурда квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктагандыгын ырастоочу документ (беш жылдан ашык эмес); эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
2) өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө:
- лицензия изденүүчү аткарууга ниеттенип жаткан жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо системасынын сыпаттамасын;

- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл болгон учурда) берүүгө тийиш: билими жөнүндө диплом, билими жөнүндө диплом жок болгон учурда квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктагандыгын ырастоочу документ (беш жылдан ашык эмес); эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
3) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө:

- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл болгон учурда) берүүгө тийиш: "Өрт/Техносфера коопсуздугу" жаатындагы кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом; эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасын ырастаган документти (объективдүү маалымат);
4) өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого:

- лицензия изденүүчүнүн тиешелүү чөйрөдөгү квалификациясын жана кесиптик көндүмдөрүн ырастоочу эксперттин компетенттүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
- өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн зарыл болгон текшерилген жабдуулар менен белгиленген тартипте жабдылган менчик жана (же) ижарага алынган адистештирилген жайлар жөнүндө ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык маалыматты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
379. Өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоодо, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоодо, жөндөөдө жана оңдоодо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүдө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоодо лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиаттын өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши;
2) лицензиат тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда өрткө каршы ченемдердин жана эрежелердин сакталышы;
3) лицензиат тарабынан аткарылуучу өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиянын колдонуу чөйрөсүндө уруксат берилгендерге шайкештиги;
4) өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында атайын курстарда окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөн жана (же) жогорку же орто атайын билими бар адистердин аткаруусу;
5) өрткө каршы коргоонун автоматтык системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө метрологиялык сыноолордон өткөн жабдууларды жана өлчөө каражаттарын пайдалануу;
6) өрткө каршы коргоонун автоматтык системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө өрт коопсуздугу жаатында сертификаттоодон өткөн жабдууларды жана продукциянын өрткө каршы коргоо системаларын пайдалануу.

61-глава. Билим берүү ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

380. Юридикалык жактардын билим берүү иши лицензияланууга тийиш (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; автомектептердин жана тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын ишин кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары).
Билим берүү чөйрөсүндөгү лицензиялык иш билим берүүнүн төмөнкү деңгээлдерине ылайык келген билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
– жалпы билим берүү (башталгыч, негизги, орто);
– кесиптик билим берүү (башталгыч, орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки);
– кошумча билим берүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык лицензияланууга тийиш болгон).
381. Билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча билим берүү ишине лицензия:
– жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү, ошондой эле балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет;
– кесиптик (орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча кесиптик билим берүү жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча билим берүү, илим, инновацияларды өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет;
– транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
382. Билим берүү ишине лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
383. Билим берүү ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси ушул Жобонун 30-пунктунда саналып өткөн документтерге кошумча төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн:
– юридикалык жактын уставынын;
– имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документтин;
– санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусунун;
– имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун;
– арыз ээси тарабынан бекитилген лицензиялануучу билим берүү программасы боюнча окуу планынын;
2) төмөнкүдөй маалыматтарды:
– билим берүү ишин жүргүзүү үчүн имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө;
– билим берүү ишин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жөнүндө;
– билим берүү ишин кадрлар менен камсыз кылуу жөнүндө;
3) макулдашуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу:
– дин иштери боюнча – диний уюмдар (бирикмелер) бир диндин башка динден артыкчылыгын пропагандалоонун, диндерди сындоонун, этностор аралык жана конфессиялар аралык кастыкка чакыруунун, билим берүү программасынын мазмунундагы радикализмдин, экстремизмдин, билим берүү ишин кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун белгилери жок экендиги боюнча;
– саламаттык сактоо чөйрөсүндө медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жөнүндө, клиникалык базанын ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келиши жөнүндө.
Ушул пункттун 2, 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн формалары ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча лицензиар тарабынан бекитилет.
Берилген документтердин укуктуулугу, аныктыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.
384. Лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсинин билим берүү ишинин арыз ээсинин уставында аныкталган максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык келиши;
2) жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү, кошумча билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчикте же ыкчам башкарууда, же ижарада же акысыз пайдаланууда турган, санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген имараттардын жана жайлардын болушу. Имараттарды жана жайларды ижарага алуу мөөнөтү кеминде 2 жылды түзүшү керек. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн пайдалуу аянттын камсыздалуусу бир билим алуучуга 2 кв. метрден кем болбошу керек;
3) кесиптик (орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки) билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчик, ыкчам башкаруу укугундагы санитардык ченемдерге жана эрежелерге,өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген жабдылган имараттардын жана жайлардын болушу. Кошумча түрдө менчикте, ыкчам башкаруу укугунда турган аянттардан ашпаган турак эмес имараттарды жана жайларды 3 жылдан кем эмес мөөнөткө акысыз пайдаланууга же ижарага алууга жол берилет.
Кесиптик жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчик же ыкчам башкаруу укугунда, же болбосо кеминде 3 жылдык мөөнөткө ижарада же акысыз пайдаланууда турган, санитардык ченемдерге жана эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген имараттардын жана жайлардын болушу зарыл. Билим берүү ишин жүргүзүү үчүн бир билим алуучуга пайдалуу аянттын камсыздалуусу кеминде 3 кв. метр болушу керек.
Орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн бир билим алуучуга эсептелген пайдалуу аянттын камсыздалуусу мамлекеттик билим берүү стандарттары боюнча аныкталат.
Ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген минималдуу талаптардан төмөн болбогон кесиптик орто, кесиптик жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн клиникалык базанын болушу.
Мында мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн клиникалык база саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
Жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик медициналык билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары менчик же ыкчам башкаруу укугунда көп профилдүү клиникалык базага, медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияга ээ болууга тийиш.
Мамлекеттик эмес орто жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү уюмдарына медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияга ылайык келген клиникалык базаны ижарага берүүгө жол берилет.
4) атайын шарттардын болушу (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн окуу программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдары үчүн (адаптацияланган окуу программаларынын, атайын окуу китептеринин, окуу куралдарынын жана дидактикалык материалдардын, окутуунун техникалык каражаттарынын, пандустардын жана имараттагы кеңейтилген эшиктердин);
5) билим берүү ишин мамлекеттик билим берүү стандарттарына же предметтик стандарттарга ылайык билим берүү программалары боюнча жүргүзүү үчүн окуу-методикалык базанын болушу;
6) лицензиялануучу билим берүү программалары боюнча арыз ээси тарабынан бекитилген окуу пландарынын болушу;
7) кадрлардын (педагогдордун) болушу, алардын саны жана квалификациясы мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билдирилген билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууну камсыздайт. Кошумча билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү үчүн – билим берүү программаларынын талаптарына ылайык билдирилген билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууну камсыздоочу педагогикалык кадрлардын саны жана квалификациясы;
8) негизги кызматкерлер менен камсыз кылуу (педагогдордун жалпы санынан пайыз менен):
– жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү үчүн – 60 %дан кем эмес;
– башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык;
– жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү үчүн – 50 %дан кем эмес;
– кошумча билим берүү үчүн – 50 %дан кем эмес.
Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын октутуучуларынын жалпы санына карата илимий даражасы жана/же илимий наамы бар окутуучулардын үлүшү – 90 %дан кем эмес;
9) дин иштери жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсине билим берүү ишине лицензия берүүгө макулдугун ырастаган корутундусунун болушу.
385. Арыз ээси билим берүү ишин жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 384-пунктунда аныкталган лицензиялык талаптарды аткаруу менен катар транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык кошумча лицензиялык талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

62-глава. Токой фондунун жерлеринде дарактын
сөңгөктөрүн алып салуу (токой кыюу билети,
жыгачты аз-аздан коё берүү ордери) ишин

63-глава. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү

389. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Уруксат берүүдө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүргүзүлгөн жана берилген ар жылдык мониторингдин натыйжаларын эске алууга милдеттүү.
390. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) жапайы өсүмдүктөрдү чогултууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын оң илимий корутундусу;
2) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугуна ЖӨБО же токой чарбалары менен түзүлгөн келишим. Келишимде тараптардын жерлерди рекультивациялоо боюнча укуктары/милдеттери көрсөтүлүшү керек;
3) илимий максаттарда атайын пайдаланууга өтүнмөлөр (арыздар) илимий органдардан/уюмдардан кабыл алынат жана илимий-изилдөө иштеринин планы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу болгон учурда каралат;
4) өткөн сезондо жыйнаган жана камдаган жаратылышты пайдалануучунун өсүмдүктөрдү жыйноонун жыйынтыктары жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, алардын өсүү чөйрөсүн сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчету (бар болсо).
391. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксаттын негизинде өз ишин жүргүзгөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулар жыйым аяктагандан кийин айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү иш боюнча маалыматты камтыган белгиленген формадагы отчетту берет. Илимий максатта уруксат алган колдонуучулар илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын берет.
3911. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун лимити өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жапайы объекттеринин туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу жаратылыш чөйрөсүнөн жыл сайын экологиялык жактан коопсуз алып коюунун санын түзгөн пайдалануу ченемдерине жараша белгиленет.
Колдонуу лимиттери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча жана атайын комиссиянын чечимдеринин негизинде айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен белгиленет.
3912. Уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат, анын түзүлүшү жана иштөө регламенти айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3913. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана өндүрүү үчүн контроль карамагында жапайы өсүмдүктөр өскөн аймактары бар органдар, ошондой эле өз аймагында жер ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана өндүрүү боюнча коомдук контролду коомдук бирикмелер, башка мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар жүзөгө ашырат.

64-глава. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

392. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

393. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия убактылуу болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонулат.

394. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонулат.

395. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн лицензиялык иш төмөнкү жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык);
2) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоо;
3) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды пайдалануу;
4) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды көмүү;
5) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды жок кылуу;
6) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды утилдештирүү;
7) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык);
8) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү;
9) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды кайра иштетүү;
10) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды зыянсыздандыруу;
11) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды жок кылуу;
12) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды сактоо;
13) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды көмүү.

396. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди тапшырат:
1) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон калдыктарды жайгаштыруу объекттерине менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негизин ырастоочу документтерди;
2) иштин бул түрүнө мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун; 3) иштин бул түрүнүн экологиялык негиздемесин; 4) ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, же болбосо калдыктарды жайгаштыруучу объектти ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн; 5) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, өрт инспекциясы мамлекеттик органдарынын корутундусун; 6) аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо системасы жөнүндө маалыматты; |
7) метрологиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен колдонулуучу өлчөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмегин;
8) өлчөө каражаттарын жана сыноо жабдууларын текшерүүнү же метрологиялык аттестациялоону ырастоочу документтерди;
9) кызматкерлер жөнүндө, анын ичинде кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча профилдик жогорку, техникалык же кесиптик билими жана практикалык тажрыйбасы бар инженердик-техникалык адистер жөнүндө маалыматты;
10) арыз ээсинин көрсөтүлгөн кызматтардын профилине ылайык келген кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, зарыл болгон билимди алгандыгын күбөлөндүргөн диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистер менен эмгек макулдашуусун;
11) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча иштер аткарыла турган негизде ченемдик-техникалык документтердин тизмесин.

3961. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүүдө, кайра иштетүүдө, зыянсыздандырууда, жок кылууда, сактоодо жана көмүүдө лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде арыз ээсине таандык болушу;
2) арыз ээсинин штатында көрсөтүлгөн кызматтардын профилине ылайык келген кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, зарыл болгон билимди алгандыгын ырастаган диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистердин болушу;
3) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон технологиялык жана сыноо жабдууларынын, өлчөө каражаттарынын менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде арыз ээсине таандык болушу;
4) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча белгиленген талаптарды сактоону жана сапатты контролдоону камсыз кылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн (штаттык кызматкерлердин) болушу;
5) арыз ээсинде иши кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү менен түздөн-түз байланышкан, алар эмгек келишимдерин түзгөн кызматкерлердин болушу.

397. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды, кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык) лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) иштин ушул түрүнө мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу (зарыл болгон учурда);
2) иштин ушул түрүнүн экологиялык негиздемеси (зарыл болгон учурда);
3) аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо системасы жөнүндө маалымат;
4) метрологиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен колдонулуучу өлчөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмеги (зарыл болгон учурда);
5) өлчөө каражаттарын жана сыноо жабдууларын текшерүүнү же метрологиялык аттестациялоону ырастоочу документтер (зарыл болгон учурда);
6) жогорку, техникалык же кесиптик билими жана тиешелүү иштеги практикалык тажрыйбасы бар кызматкерлер, анын ичинде инженердик-техникалык адистер жөнүндө маалымат;
7) арыз ээсинин көрсөтүлүүчү кызматтардын профилине ылайык кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, керектүү билим алгандыгын күбөлөндүргөн диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистер менен эмгек макулдашуусу, медициналык комиссиянын корутундусу;
8) иш аткарыла турган ченемдик-техникалык документтердин тизмеси.

398. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды, кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык) лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) арыз ээсинин штатында көрсөтүлүүчү кызматтардын профилине ылайык зарыл болгон билим алгандыгын ырастаган диплом, аттестат, күбөлүк менен күбөлөндүргөн кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар адистердин болушу;
2) арыз ээсине менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык тиешелүү иш үчүн зарыл болгон технологиялык жана сыноо жабдууларынын, өлчөө каражаттарынын болушу (зарыл болгон учурда);
3) коопсуз ишти уюштуруу боюнча белгиленген талаптардын сапатын жана сакталышын контролдоону камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн (штаттык кызматкерлердин) болушу;
4) арыз ээсинде иши тиешелүү ишке түздөн-түз байланышкан жана аны менен эмгек келишимдерин түзгөн кызматкерлердин болушу.

399. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) иштин ушул түрүнө мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун (зарыл болгон учурда);

3) ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү же объектти ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
4) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын, өрт инспекциясынын корутундусу;
5) аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо системасы жөнүндө маалымат;
6) метрологиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен колдонулуучу өлчөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмеги;
7) өлчөө каражаттарын жана сыноо жабдууларын текшерүүнү же метрологиялык аттестациялоону ырастоочу документтер;
8) жогорку, техникалык же кесиптик билими жана тиешелүү иштеги практикалык тажрыйбасы бар кызматкерлер, анын ичинде инженердик-техникалык адистер жөнүндө маалымат;
9) арыз ээсинин көрсөтүлүүчү кызматтардын профилине ылайык кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, керектүү билим алгандыгын күбөлөндүргөн диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистер менен эмгек макулдашуусу жана медициналык комиссиянын корутундусу;
10) иш аткарыла турган ченемдик-техникалык документтердин тизмеси.
11) уулуу материалдарды жана заттарды, анын ичинде радиоактивдүү заттарды утилдештирүү үчүн зарыл болгон калдыктар жайгаштырылуучу объекттерге менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастаган документтер.

400. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

2) арыз ээсине менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык тиешелүү иш үчүн зарыл болгон технологиялык жана сыноо жабдууларынын, өлчөө каражаттарынын болушу;

65-глава. Жарылуу коркунучу бар
аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү заттарды алуу,
пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, жок кылуу

66-глава. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды
алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, сатуу жок кылуу боюнча
ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
405. Кен казып алуу тармагынын объекттеринде күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензия атайын уруксат берүүчү функциялар берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
406.Саламаттык сактоо чөйрөсүндө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензия коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
407. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензия тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
408. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды алууга, түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензия убактылуу, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
409. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды алууга, түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын болушун ырастаган документтер;
2) химиялык жактан кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоого кабыл алууну ырастоочу документтер;
3) химиялык жактан кооптуу өндүрүштүк объектте авария болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
4) иши химиялык жактан кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоо менен байланышкан кызматкерлердин лицензиялык талаптарга жана шарттарга ылайык келген квалификациясын (дипломдордун, аттестаттардын, күбөлүктөрдүн), ошондой эле өнөр жай коопсуздугу жаатындагы алардын аттестациясын ырастаган документтер.

410. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды алууга, түзүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга жок кылууга лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиат тарабынан өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
2) лицензиат тарабынан өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

67-глава. Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
411. Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат атайын уруксат берүүчү функциялар берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
412. Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат убактылуу, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонулат.
413. Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер кошумча берилет:
1) төмөнкүлөр көрсөтүлгөн документ:
-- иштеген жерлери, алардын мүнөзү (туруктуу же бир жолку);
-- жардыруу иштеринин жетекчиси жөнүндө маалыматтар –фамилиясы, аты, атасынын аты, билими боюнча адистиги, ээлеген кызмат орду;
-- жардыргыч материалдарды сактоо орду жөнүндө маалыматтар (аталышы, жайгашуусу, таандыктыгы, сыйымдуулугу):
2) жетекчиге жардыруу иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү документтер;
3) жер бетиндеги жардыруу иштеринде – жардыруу иштеринин жетекчиси тарабынан бекитилген жардыруу иштери жүргүзүлүүчү жерди, кооптуу зонанын чек араларын жана анын чектеринде жайгашкан турак жай жана өндүрүштүк имараттарды, курулмаларды, темир, шоссе жолдорун, өткөргүч түтүктөрүн, электр берүү линияларын түшүрүү менен жерди казуунун планы, жардыруу иштери жүргүзүлүүчү кооптуу зонанын чегинде жайгашкан жергиликтүү бийлик органдары жана башка кызыкдар уюмдар менен жардыруу иштерин жүргүзүүнү макулдашуу;
4) жер астындагы жардыруу иштеринде – газ жана чаң боюнча шахтанын (кендин, геологиялык чалгындоо иштеринин объектисинин ж.б.) кооптуулугу жөнүндө маалыматтар;
5) калктуу конуштарда жардыруу иштеринде жана металлдарды жардыруу энергиясы менен иштетүүдө – жардыруу иштерине долбоор;
6) жардыруу материалдарын пайдалануу менен сейсмикалык чалгындоо иштеринде – иштердин профилдеринин схемалары, кооптуу зонаны коргоонун типтүү схемасы;
7) суу объекттеринде жана жээкке жакын суу-коргоо зонасында жардыруу иштерин аткарууда – балык коргоо органдары менен макулдашууну ырастаган документтин көчүрмөсү.
Бардык документтерде жардыруу иштеринин жетекчисинин кол тамгасы болууга тийиш.
“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча милдеттенме жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна талап болуп эсептелет.

414. Уруксатты колдонуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жардыруу иштерин ишкананын техникалык көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу адамынын катышуусу менен жүргүзүү;
2) жардыргыч материалдарды жардыруу иштери үчүн полигон даяр болгондон кийин гана жардыргыч материалдардын кампаларынан берүү;
3) жардыруу иштерин жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашкан жерди казуу планынын чегинде өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өткөн долбоор боюнча жүргүзүү;
4) жардыргыч материалдарды сыноону жардыруу иштеринин жетекчисинин жана жардыргыч материалдардын кампасынын башчысынын катышуусунда жардыруучулар менен жүргүзүү.
68-глава. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
415. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат атайын уруксат берүүчү функциялар берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
416. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат убактылуу, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында, ошондой эле бардык аймагында колдонулат.
417. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:
1) иштин билдирилген түрүн өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын тизмегин же аларды ижарага берүү келишимин белгилөөчү документ;
2) арыз ээсинин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аттестациясынын протоколу жана өнөр жай коопсуздугу үчүн жооптуу жактын квалификациясын ырастаган диплом.

418. Тоо кендерин иштетүүгө талаптар өнөр жай коопсуздугунун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо болуп эсептелет.
419. Уруксатты колдонуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана кооптуу өндүрүштүк объектке жер участогун берүү жөнүндө жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин (макулдук, токтом, күбөлүк) болушу;
2) экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге экспертизанын оң корутундусунун болушу, ал эми пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү учурунда кошумча жана жер казынасын коргоо боюнча долбоордук документтерге экспертизанын оң корутундусунун болушу;
3) пландалган тоо-кен иштеринин башталышы жана аларды токтотуу жөнүндө өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу контролдоочу органга өз убагында маалымдоо.
69-глава. Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү
үчүн рудалардын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн,
концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана
лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына
ташып келүүгө жана анын чегинен ташып чыгууга
уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
420. Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн рудалардын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана анын чегинен ташып чыгууга уруксат жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
421. Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн рудалардын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана анын чегинен ташып чыгууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген жана ал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылган аракеттер толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат.
422. Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн рудалардын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана анын чегинен ташып чыгууга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) ташып келинген рудалардын жана тоо-тектеринин үлгүлөрүнүн, концентраттардын, өндүрүш калдыктарынын жана лабораториялык үлгүлөрдүн санын көрсөтүү менен тизмеси;
2) рудалардын жана тоо-тектеринин үлгүлөрүнүн, концентраттардын, өндүрүш калдыктарынын жана лабораториялык үлгүлөрдүн келип чыгышы жөнүндө корутундунун көчүрмөсү;
3) аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө келишимдин арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлгөн (юридикалык жак үчүн – жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн) жана мөөр бекитилген көчүрмөсү.
70-глава. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын
камтыган концентратты сатып алууга уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
423. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казып алуу жана алгачкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо) фондунун баалуулуктары менен операцияларды жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

424. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жасоого чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жайылтылат.
425. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:
1) атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) салыктык карыздардын жоктугу тууралуу маалымкат;
4) билдирилген ишти аткаруу үчүн зарыл болгон жайларга ээ болуунун менчик укугун же башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу документтер;
5) өлчөө каражаттарын текшерүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
6) кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты кабыл алууну, сатууну эсепке алуу журналы (номерленген, көктөлгөн, баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу);
7) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим, протокол же арыз жана берүүчүнүн кызыкчылыктарын коргоого ишеним кат.

426. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууда талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кум түрүндөгү алтындын жана алтын камтыган концентраттын келип түшүүсүн жана аны менен жүргүзүлгөн операцияларды так эсепке алууну жүргүзүү;
2) тиешелүү ишканаларда алтын камтыган концентратты аффинаждоо жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатуу;
3) кум түрүндөгү алтындын жана алтын камтыган концентраттын калдыктарын инвентаризациялоону белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүү;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча отчет берүү.
5) жеке чайкоочулардан кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн юридикалык жактар тарабынан алтынды кабыл алуу кассалары уюштурулат.

71-глава. Өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин
коюлган товарларды Кыргыз Республикасына
ташып келүү укугуна уруксат берүүнүн
өзгөчөлүктөрү
427. Өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү укугуна уруксат ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
428. Өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү укугуна уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген жана ал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылган аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат.
429. Өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү укугуна уруксат иш процессинде төмөнкү аракеттерди аткаруу укугун ырастайт:
1) өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарды Кыргыз Республикасына ташып келүү;
2) өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити.
430. Өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү укугуна уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер кошумча берилет:
1) фитосанитардык сертификат;
2) ташылып жаткан товарга менчик укугун ырастоочу документтер.
72-глава. Кыргыз Республикасынын аймагы
аркылуу куралдын жана аскердик техниканын
транзитине уруксаттарды берүүнүн өзгөчөлүктөрү
431. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралдын жана аскердик техниканын транзитине уруксат коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
432. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралдын жана аскердик техниканын транзитине уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулган аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат.
433. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралдын жана аскердик техниканын транзитине уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер кошумча берилет:
1) тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн, чыккан өлкөсүн, алынган өлчөө бирдиктердеги санын жана контракттын валютасындагы наркын көрсөтүү менен куралдын тизмеси;
2) Кыргыз Республикасынын ТЭИ ТН боюнча куралдын коддору;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттин пландалган мөөнөттөрү;
4) Кыргыз Республикасы менен чек арадагы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралдын транзити жана алардын жүрүү маршруту жүзөгө ашырыла турган өткөрүү пункттары (аба кемесинин конуучу жерлери же суу кемесинин кирүүчү жерлери);
5) аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары куралдын транзити жүзөгө ашырыла турган мамлекеттер;
6) куралдын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитине катышуучулардын аталыштары жана юридикалык даректери;
7) куралдын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитин жүзөгө ашыруу үчүн колдонула турган транспорттун түрү жана анын саны;
8) штаттык куралды көрсөтүү менен коштоочу адамдардын саны (аталышы, тиби, тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү);
9) контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган документтерди тиркөө менен курал-жарактарды жеткирүүгө контракттын көчүрмөсү жана алардын орус тилине котормолору;
10) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу органынын курал-жарактарды жана алар үчүн патрондорду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уруксатынын көчүрмөсү, штаттык куралы бар адамдардын куралдуу коштоосун жүзөгө ашыруу учурунда;
11) транзиттин катышуучусу катталган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык курал жана аскердик техника менен тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн документтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине котормосу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
73-глава. Кыргыз Республикасынын аймагына
баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана
прекурсорлорду ташып келүүгө, ташып чыгууга,
транзитке уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
434. Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзитке уруксат баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
435. Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзитке уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жайылтылат.
436. Уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүү:
-- тиешелүү бүтүм менен байланышкан бардык ортомчуларды көрсөтүү менен бүтүм жөнүндө маалымдама маалымат;
-- бекитилген форма боюнча өтүнмө-өтүнүч;
-- берүүгө келишимдин көчүрмөсү;
-- керектөөчүлөр менен келишимдин көчүрмөсү;
-- Кыргыз Республикасына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иш жүзүндө ташып келүү жөнүндө отчетту баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жөнүндө арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып чыгуу:

-- сатып алуучу менен келишимдин көчүрмөсү;
-- импорттоочу өлкөдөн ташып келүүгө уруксат;
-- Кыргыз Республикасына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иш жүзүндө ташып чыгуу жөнүндө отчетту баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жөнүндө арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун транзити:
-- мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык арыз берген өлкөнүн мамлекеттик органы тарабынан берилген баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө байланыштуу ишке уруксат берүүчү документтин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча коддорду көрсөтүү менен транзиттелүүгө тийиш баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду (физикалык жана наркына жараша) камтыган продукциянын аталышы жана көлөмү;
-- арыз берген өлкө тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транзитти жүзөгө ашырууда авария болгон учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө камсыздандыруу жана башка финансылык кепилдиктердин, же болбосо башка милдеттенмелердин берилиши;
-- Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукцияны берүүгө контракттын нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-- арыз берген өлкөнүн компетенттүү расмий органынын билдирилген транзиттик ташууну жүзөгө ашырууда мүмкүн болгон авариянын кесепеттерин жоюуга карата өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу жана аракеттенүү системасынын даяр экендиги жөнүндө ырастамасы;
-- баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукцияны жиберүүчүнүн, эгерде андан көз каранды эмес болгон себептер боюнча жүк алуучуга жүктү берүү мүмкүн болбой калган учурда, бул жүктөрдү кайра алуу милдеттенмелери жөнүндө ырастамасы;
-- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурда аткаруу органдарынын ташуунун реалдуу шарттарын текшерүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле мүмкүн болуучу убактылуу сактоого, кайра ташууга, экспертизага жана башка керектүү иш-аракеттерге байланыштуу чыгымдардын, ошондой эле аныкталган бузууларды мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү зарылчылыгына жана/же жүктү экспорт мамлекетке кайтарып берүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө арыз ээсинин аныктамасы;
-- баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукцияны пайдалануунун так максаты жөнүндө белгиленген үлгүдөгү кардардын (акыркы жүк алуучу) арызы.
Чет өлкөнүн мамлекеттик органы арыз ээси болуп чыккан учурда:
– ушул Жобонун 436-пунктунун 2, 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди берүү төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт:
– контракт болбогон учурда экспорттук контролдонууга тийиш баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукциянын транзитин жүзөгө ашыруу зарылдыгын негиздеген башка документтер берилет.
437. Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзитке талаптар болуп баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иш жүзүндө ташып келүү, ташып чыгуу жана транзити жөнүндө отчетторду түзүү жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү эсептелет.
74-глава. Жарандык жана кызматтык
куралдарды жана аларга ок-дарыларды сатып алууга,
сактоого, ташууга, алып жүрүүгө,
коллекциялоого, экспонат кылууга уруксат берүүнүн
өзгөчөлүктөрү
438. Жарандык жана кызматтык куралдарды жана аларга ок-дарыларды сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, коллекциялоого, экспонат кылууга уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
439. Уруксат «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөргө берилет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
440. Уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) жеке адамдын жарандык куралды сатып алуусу:
– сатып алынуучу куралдын түрүн көрсөтүү менен арыз;
– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттар (нарколог, психиатр, окулист);
– мамлекеттик аңчылыкка күбөлүк;
– арыз ээсине уруксат берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө аймактык ички иштер органынын корутундусу (профилактикалык эсепке алууга коюу жөнүндө актылардын жоктугу);
– арыз ээсинде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастаган документ;
– аңчылык сайлуу куралды сатып алуучулар үчүн сайсыз куралга ээлик кылуунун беш жылдык стажы менен уруксаттын көчүрмөсү;
– куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин окутуудан өткөндүгүн ырастоочу документ;
2) жеке адам тарабынан жарандык куралдын сакталышы;
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
3) кызматтык куралды сатып алуу (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар үчүн):
– куралга ээ болууга жол берилген персоналдын иш жүзүндө болгон санына жараша куралдын конкреттүү түрлөрүн жана санын сатып алуу зарылдыгын, ошондой эле анын сакталышын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды негиздөө менен арыз;
– юридикалык жактын уюштуруу документтери;

– “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана “Кыргыз Республикасындагы жеке детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтер топтомун тиркөө менен куралдын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө ишкананын жетекчисинин буйругунун көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү менен күзөт кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин көчүрмөсү;
4) кызматтык куралды сактоо (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар үчүн):

5) кызматтык куралды алып жүрүү (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн):

– куралды коопсуз колдонуунун эрежелерин окутуудан өткөндүгүн ырастаган документ;
– ишкананын жетекчисинин кызматкерлерге кызматтык куралды бекитип берүү жөнүндө буйругу;
6) кызматтык куралдарды ташуу:
– куралдын тиешелүү түрүн сактоого, алып жүрүүгө жана сатып алууга уруксат;
– ок атуучу куралдын (5 жана андан көп бирдик) жана ок-дарылардын (400 жана андан көп бирдик) партиясын ташууда ишкананын жетекчисинин ташуу маршрутун көрсөтүү менен арызы;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же куралчан ок атуучу куралы бар жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматтарын көрсөтүү келишиминин көчүрмөсү;
7) куралды коллекциялоо:
– коллекциялык куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;

– куралга эксперттик корутундулар;

– куралды сактоочу бөлмөнү куралдуу күзөтүү келишими;
8) куралды экспонаттоо:
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документ;
– куралды экспонаттоочу жерде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– ички иштер органынын куралды сактоого уруксаты;
9) берүүчү ишканалар тарабынан жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн сатып алуусу:
– куралды жана ок-дарыларды соодалоого лицензиянын көчүрмөсү;
– контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (инвойс);
– ташып киргизилүүчү товарга карата өндүрүүчү өлкөнүн шайкештик сертификаттары;
10) берүүчү ишканалардын жарандык жана кызматтык куралдарды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн ташып келүүсү:

– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же ок атуучу курал менен куралданган жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;
11) берүүчү ишканалардын жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн ташып чыгуусу:

– болжолдонгон экспорттоочу өлкөгө куралдарды ташып келүүгө уруксат;
– шайкештик сертификаты;
12) сыйлык куралын ташып келүү:
– курал менен сыйлоо жөнүндө документтин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымдамалар (нарколог, психиатр, окулист);
13) сыйлык куралын ташып чыгуу:
– болжолдонгон ташып чыгуу өлкөсүнө курал алып кирүүгө уруксат.

441. Жарандык жана спорттук куралдын жалгыз нускаларын ташып киргизүүнү жана ташып чыгууну жүзөгө ашыруучу жеке жактар үчүн ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча уруксат берилет.

75-глава. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды
сатып алууга жана сатууга уруксат берүүнүн

76-глава. Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын
каражаттарды сатып алууга, сатууга, сактоого,
ташууга, алып жүрүүгө, ташып келүүгө, ташып
чыгууга уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
448. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алууга, сатууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
449. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алууга, сатууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксат убактылуу, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
450. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алууга, сатууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгууга талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) уруксаттар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга жана белгиленген тартипте катталган жеке детективдерге гана берилет;
2) атайын каражаттарды сатуу ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар атайын курал сатуучу дүкөндөрдө гана жүргүзүлөт.
77-глава. Илимий максаттар үчүн балыкты
контролдук уулоо жүргүзүүгө уруксат берүүнүн

78-глава. Калдыктарды айлана-чөйрөгө
жайгаштырууга уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
454. Калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштырууга уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
455. Калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштырууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
456. Таштандыларды айлана-чөйрөгө жайгаштырууга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) калдыктарды жүгүртүүнүн ченемдеринин долбоорлору;
2) калдыктарды жүгүртүүнүн төмөнкүлөрдөн турган ченемдеринин негиздемеси:
-- калдыктарды жайгаштыруучу менчик жана ижарага алынган объекттер, аларды кайра иштетүү боюнча орнотмолор жөнүндө маалыматтар башкы пландардын көчүрмөлөрү менен;
-- калдыктарды башка уюмдарга берүү жана/же аларды башка уюмдардан кабыл алуу келишимдери;
-- калдыктарды пайда кылуучу ар бир процесстин технологиялык регламенттеринин (айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын талабы боюнча берилет);
-- калдыктардын техникалык паспорттору;
-- калдыктар жайгаштырылуучу аталган объекттер үчүн экологиялык паспорт (айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын атайын талабы боюнча берилет);
-- калдыктар жайгаштырылуучу ар бир объект боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу (айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын талабы боюнча берилет).
79-глава. Айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды
чыгарууга уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
457. Айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууга уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
458. Айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
459. Айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) суу объекти – саркынды сууларды кабыл алуучу же саркынды сууларды чыгаруучу жер жөнүндө маалымат;
2) акыркы жылдагы агынды суулардагы булгоочу заттардын концентрациясын аныктоо боюнча маалыматтар;
3) тазалоочу курулмалар жөнүндө маалымат;
4) суулардын сапатынын белгиленген стандарттарга ылайык келишин камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар.
80-глава. Стационардык булгоо булактарынын
атмосферага булгоочу заттарды чыгаруусуна уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
460. Стационардык булгоо булактарынын атмосферага булгоочу заттарды чыгаруусуна уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
461. Стационардык булгоо булактарынын атмосферага булгоочу заттарды чыгаруусуна уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
462. Стационардык булгоо булактарынын атмосферага булгоочу заттарды чыгаруусуна уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) акыркы жыл үчүн айрым булактардан жана өндүрүштөрдөн булгоочу заттардын чыгуусун контролдук ченөөлөрдү жүргүзүү (же уюштуруу) боюнча маалыматтар;
2) ишканада иштеп жаткан чаң-газ тазалоочу орнотмолор жөнүндө маалымат;
3) чыгарууларга белгиленген ченемдерди сактоо боюнча иш-чаралардын тизмеги;
4) жол берилген чектеги чыгаруулардын бекитилген ченемдери;
5) атмосфералык абанын сапатынын белгиленген стандарттарга ылайык келишин камсыз кылуу.
81-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына
кооптуу жүктөрдү ташууга, радиоактивдүү
материалдарды жана заттарды ташып кирүүгө,
ташып чыгууга жана транспорттоого уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
463. Кыргыз Республикасынын аймагына кооптуу жүктөрдү ташууга, радиоактивдүү материалдарды жана заттарды ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана транспорттоого уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
464. Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
465. Кыргыз Республикасынын аймагына кооптуу жүктөрдү ташууга, радиоактивдүү материалдарды жана заттарды ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана транспорттоого уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) ташылуучу кооптуу заттын техникалык аталышы жана синонимдери;
2) өрт коопсуздугунун шарттары боюнча кооптуу жүктү ташуу үчүн жарактуу транспорт каражатына корутунду;
3) кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары жана аларды коштоочу адамдар коопсуздук эрежелеринин окуусунан өткөндүгүн ырастоочу документ;
4) кооптуу жүктөрдү ташуу маршруту;
5) ички иштер органдарынын жол күзөт кызматына жүктөрдү ташууга арналган автомашиналарга уруксат берүү.
466. Кооптуу жүктөрдү ташууга талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык келиши;
2) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисинин болушу.
82-глава. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч
материалдарды сактоо укугуна уруксат берүүнүн
өзгөчөлүктөрү
467. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксат атайын уруксат берүү функциялар берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
468. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалганга чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
469. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер кошумча берилет:
1) төмөнкүлөр көрсөтүлүүчү документ: жардыргыч материалдарды сактоочу жердин тибин жана дайындалышын, анын жайгашуусун; жардыргыч материалдар сакталуучу жерди эксплуатациялоого жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду;
2) жарылуучу материалдарды сактоочу жайды эксплуатациялоого жооптуу адамдын квалификациясын ырастоочу документтердин (дипломдун, аттестаттын же күбөлүктүн) көчүрмөлөрү;
3) кампанын паспортунун жана жардыргыч материалдар сакталуучу жерди эксплуатациялоого кабыл алуу актынын көчүрмөлөрү.

470. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо укугуна талап болуп «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына так ылайык келтирүү менен жардыргыч материалдарды эсепке алуу, сактоо жана коргоо боюнча талаптарды сактоо жөнүндө милдеттенме эсептелет.
471. Уруксатты колдонуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жардыргыч материалдар кампасынын өзүнчө жайгашкан бөлмөсүнөн жардыргыч материалдарды жардыруучуларга берүү жана кабыл алуу жүргүзүү;
2) жыл сайын 5-июлга жана 5-январга карата лицензиарга жардыргыч материалдардын сарпталышы жөнүндө маалыматтарды берүү;
3) жардыргыч материалдарды сактоочу жайлардын жана кампалардын аянттарын башка уюмдарга ижарага берүүдө лицензиар менен келишимдерди макулдашуу;
4) жардыргыч материалдарды, анын ичинде жардыргыч материалдардын көчмө кампасы турган жерде ок атуучу курал менен куралданган күнү-түнү күзөт менен камсыз кылуу.
83-глава. Пиротехникалык буюмдарды сактоо
укугуна уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
472. Пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
473. Жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сактоо укугуна уруксат убактылуу, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
474. Жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сактоо укугуна уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) пиротехникалык буюмдарды сактоочу жайды эксплуатациялоого кабыл алуу актынын көчүрмөсү;
2) ички иштер органдарынын жана мамлекеттик өрткө каршы кызматынын аймактык органдарында пиротехникалык буюмдарды сактоо кампаларынын катталгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.

84-глава. Кыргыз Республикасынын аймагына
пиротехникалык буюмдарды ташып келүүгө уруксат
берүүнүн өзгөчөлүктөрү
475. Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүүгө уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
476. Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүүгө уруксат мөөнөтсүз, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
477. Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер кошумча берилет:
1) юридикалык же жеке жактын жетекчисинин төмөнкүлөр көрсөтүлүүчү өтүнүч каттары;
2) ташылып келүүчү жардыргыч заттардын, жарандык пиротехникалык буюмдардын аталышы жана саны (салмагы);
3) ташып келүүгө жооптуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспортунун сериясы жана номери;
4) көрсөтүлгөн буюмдар ташылып чыгуучу мамлекет;
5) ташып чыгуу жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункту;
6) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксаттар;
7) лицензиялануучу иштин түрү менен иштөө укугуна лицензиялар.
478. Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүүгө талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) атайын кампалардын, башка жайлардын, ящиктердин, сейфтердин же ушул максаттар үчүн түзүлгөн же ылайыкталган жерлердин болушу;
2) жардыргыч материалдарды, анын ичинде кабыл алуу жана берүү боюнча эсепке алуунун болушу.
85-глава. Жардыргыч материалдарды сатып
алуу укугуна уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
479. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксат атайын уруксат берүү функциялары берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
480. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксат убактылуу, бир жылдык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
481. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) төмөнкүлөр камтылган документти:
-- зарыл болгон жардыргыч материалдардын так аталышы жана саны, анын ичинде жардыргыч материалдарды берүүчүнү көрсөтүү;
-- жардыргыч материалдар кандай максатта, кандай жумуштарда колдонулары тууралуу маалыматтар;
-- жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксаттын номери жана датасы;
-- жардыргыч материалдарды сактоо орду, арыз берилген учурда колдо болгон жардыргыч материалдардын калдыктары жана билдирилген жардыргыч материалдарды берүүнүн күтүлгөн мөөнөтү;
-- жардыргыч материалдарды ай сайын сарптоо (болжол менен);
2) жардыргыч материалдар сакталуучу жерди эксплуатациялоого кабыл алуу актынын көчүрмөсү, же болбосо кампа жайларынын ижарасы келишиминин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде жардыргыч материалдар башка ишкананын кампасында сакталган учурда).

482. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна талап болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 “Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин сактоо тууралуу милдеттенме эсептелет.
483. Уруксатты колдонуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жардыргыч материалдарды сатып алуу жөнүндө лицензиарга өз убагында маалымдоо;
2) жардыргыч материалдарды ташууну күзөт менен жабдылган транспорттук каражатта коштоочу адамдын катышуусунда жүргүзүү;
3) сактоочу жайлардын паспорттук сыйымдуулугунан жардыргыч материалдардын кампаларынын ашпоосу.
86-глава. Мамлекеттик ветеринардык
көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды)
Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана
Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга
уруксаттарды берүүнүн өзгөчөлүктөрү
484. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга уруксат ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
485. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалган мөөнөткө чейин колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
486. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгууда талап болуп ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо эсептелет.
87-глава. Мамлекеттик ветеринардык
көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга)
карата Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча
транзитке жана транзиттик өлкөлөрдөн уруксат
суроого уруксаттарды берүүнүн өзгөчөлүктөрү
487. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитке жана транзиттик өлкөлөрдөн уруксат суроого уруксат ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
488. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитке жана транзиттик өлкөлөрдөн уруксат суроого уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалган мезгилде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
489. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитке жана транзиттик өлкөлөрдөн уруксат суроого уруксат алуу үчүн арыз ээси юридикалык жактын (арыз ээсинин) уюштуруу документтеринин (уставынын же жобосунун) көчүрмөсүн кошумча берет.
490. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитке жана транзиттик өлкөлөрдөн уруксат суроого талаптар болуп ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо эсептелет.
88-глава. Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн
арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп
чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого,
ташууга уруксаттарды берүүнүн өзгөчөлүктөрү
491. Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
492. Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат жүзөгө ашырууга уруксат берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө жасалган мезгилде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
493. Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) билдирилген ишти жүзөгө ашыруучу жери боюнча жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
2) билдирилген ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттарга, жабдууларга жана техникалык документтерге менчик укугун же башка мыйзамдуу негизде ээлик кылууну ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
3) билдирилген ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жогорку кесиптик билими жана тиешелүү кесиптик даярдыгы бар, ошондой эле билдирилген иш жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар (жумушка кабыл алынгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин көчүрмөсү), изденүүчүнүн штатында 1ден кем эмес кызматкердин болушун ырастаган документтердин көчүрмөсү;
4) уюштуруу документтеринин (жоболордун, уставдардын) көчүрмөлөрү.
494. Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат алуу үчүн талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жаткан жеринде билдирилген жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон жана белгиленген талаптарга ылайык келген жайлардын, имараттардын, курулмалардын жана башка объекттердин болушу;
2) менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде билдирилген жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон жана белгиленген талаптарга ылайык келген техникалык каражаттардын, жабдуулардын жана техникалык документтердин болушу;
3) жогорку кесиптик билими жана билдирилген ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү кесиптик даярдыгы, ошондой эле билдирилген иш чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы бар 1ден кем эмес кызматкердин болушу;
4) лицензиат тарабынан атайын техникалык каражаттарды жана аларды өндүрүү жана пайдалануу боюнча ченемдик-техникалык документтерди каттоо жана эсепке алуу тартибинин талаптарын сактоосу;
5) лицензиатта атайын техникалык каражаттарды сатуу максатында оперативдүү-издөө ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана аталган каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрө турган органдар менен түзүлгөн сатууга жана сатып алууга контракттардын болушу;
6) лицензиатта атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө оперативдүү-издөө ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана аталган каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөргөн органдар тарабынан белгиленген тартипте бекитилген техникалык тапшырмалардын болушу.
89-глава. Колдонулуучу технологияларга
карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн
санариптик пакетинде теле-, радиоканалды

495. Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде теле-, радиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
496. Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде теле-, радиоканалды жайгаштырууга уруксат ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
497. Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде теле-, радиоканалды жайгаштырууга уруксат алуу үчүн билдирме ээси тарабынан төмөнкү кошумча документтер берилет:
1) уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрү, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк – юридикалык жак үчүн;
2) телерадиоканалды жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – телерадио уюмдары үчүн;
3) электр байланыш жаатында лицензиянын көчүрмөсү;
4) ата мекендик өндүрүштөгү телерадио берүүлөрдүн жана телерадио программалардын, Кыргыз Республикасынын авторлорунун же аткаруучуларынын аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка чыгармаларынын көлөмүн, чет өлкөлүк өндүрүштөгү телерадио программалардын жана телерадио программалардын көлөмүн жана ретрансляциялоону, программаларды жана берүүлөрдү жанрдык бөлүштүрүүнү, коомчулуктун дене-боюнун, акыл-эсинин жана моралдык жактан оң өнүгүшүнө эсептелинген программаларды жана берүүлөрдү жайылтуу саясатын аныктаган телерадиоканалдын программалык концепциясынын көчүрмөсү – телерадио уюмдар үчүн;
5) телерадиоканалдын негизги тематикалык багыты жөнүндө маалыматтар (документалдык, жаңылык, коомдук-маалыматтык, маалыматтык-аналитикалык, маалыматтык-оюн-зоок, музыкалык-оюн-зоок, спорттук, балдар-өспүрүмдөрдүн, маданий-агартуучу, илимий-билим берүүчү жана башка) – телерадиоберүүнүн операторлору үчүн;
6) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк телерадиоканалдын берүүгө (ретрансляциялоого) лицензиялык келишиминин көчүрмөсү же телерадиоканалдын ретрансляциялоо үчүн ачык жетүүсү жөнүндө түшүндүрмө кат.
90-глава. Мамлекеттик же кызыктыруучу
лотереяны өткөрүүгө уруксат берүү өзгөчөлүктөрү
498. Мамлекеттик же стимул берүүчү лотереяны өткөрүүгө уруксат банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
499. Мамлекеттик же стимул берүүчү лотереяны өткөрүүгө уруксат мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
500. Мамлекеттик же стимул берүүчү лотереяны өткөрүүгө уруксат алуу үчүн билдирме ээси тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттары кошумча берилет.
501. Стимул берүүчү жана/же мамлекеттик лотереяны өткөрүүгө карата коюлуучу талаптар:
1) лотереянын шарттары “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
2) лотереянын шарттарында жарыяланган жана лотереянын катышуучуларынын акча каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгүн түзгөн лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана утушка ээ болгон катышуучуларга төлөп берүүдөн же берүүдөн тышкары эч кандай башка максатка пайдаланылышы мүмкүн эмес;
3) утуштуу лотерея билетин көрсөткөндөн кийин бардык учурларда лотерея билетин көрсөткөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык утуштарды бир жолу төлөп берүү, берүү;
4) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштарга, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жарандарды контролдоо-кассалык чектерди талап кылуусун стимулдаштырууга багытталган стимул берүүчү лотерея/акцияларга, кумар оюндарына катышуудан алынган утуштарга киреше салыгы салынбашы керек.
91-глава. Лизинг компанияларынын ишин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539 токтомунун редакциясына ылайык)
502. Лизинг компанияларынын ишин жүргүзүүгө (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактарды кошпогондо) лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
503. Лизинг компанияларынын ишин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
504. Лизинг ишин жүргүзүүгө лицензияны алуу үчүн юридикалык жак кагаз же электрондук форматтагы төмөнкү документтерди кошумча берет:
1) уюштуруу келишими, юридикалык жактын уставы, юридикалык жактын уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун чечими (бир уюштуруучу болсо) же протоколу (бирден ашык уюштуруучу болсо), анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө;
- жетекчини шайлоо/дайындоо жөнүндө;
- коллегиялык аткаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин), директорлор кеңешин (болсо) шайлоо жөнүндө.
Ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органга берилген эки же андан көп барактагы уюштуруу келишиминин, юридикалык жактын уставынын жана уюштуруучунун чечиминин (уюштуруучулардын жалпы чогулушунун протоколунун) ар бир нускасы өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлууга, юридикалык жактын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга, юридикалык жактын мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Уюштуруу келишимине юридикалык жактын бардык катышуучулары (катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коюуга тийиш;
2) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:
- башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө;
- филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчисин (жетекчилерин) (болсо) дайындоо жөнүндө;
- юридикалык жактын уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, алардын функциялык милдеттери, каралуучу маселелердин чөйрөсү);
3) жетекчинин анкетасы, ошондой эле анын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган маалыматтар жана документтер.
Коллегиялык аткаруу органынын, директорлор кеңешинин (болсо) жетекчилеринин анкеталары, ошондой эле алардын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган маалыматтар жана документтер;
4) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-план:
- лизинг ишин жүргүзүүдө юридикалык жактын максаттары;
- 5 жылга болжолдуу эсептөөлөр жана лизинг ишин жүргүзүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалар;
- лизинг ишин жүргүзүүгө байланыштуу жактар (лизинг компаниясы жана анын кардары) дуушар болгон тобокелдиктер, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруунун ички системасы жөнүндө маалыматтар;
5) юридикалык жактын уставдык капиталын финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өлчөмдө түзүүнү ырастаган документтер;
6) уюштуруучулар (уюштуруучу) тарабынан юридикалык жактын уставдык капиталына юридикалык жак үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 10%ынан ашык суммадагы акча каражаттары салынганда, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган документтер:
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ырасталган финансылык отчеттуулуктун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү;
- уставдык капиталды ырастоо үчүн:
иштеп жаткан лизинг компаниялары үчүн - өткөн календардык жыл үчүн аудитордук корутунду же коммерциялык банктан уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастоочу көчүрмө;
кайрадан ачылган лизинг компаниялары үчүн - коммерциялык банктын уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастаган көчүрмөсү;
- бул юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
7) юридикалык жактын коммерциялык банкта алыш-бериш эсебинин бар экендигин ырастаган документ, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ырастаган документтер;
8) салык органынан арыз берген учурда (юридикалык жак үчүн) бюджетке карыздын жок экендиги жөнүндө маалымкат;
9) лизинг келишиминин үлгүсү;
10) лизинг шарттары (эрежелери).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2025-жылдын 12-мартындагы № 129 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
505. Лизинг ишине лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
- лизинг компаниясынын кардарлары менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлгөн жай изоляцияланган касса менен жабдылууга тийиш;
- кассада акча каражаттарын сактоо үчүн күйбөй турган металл шкафтын (сейфтин) болушу;
- коопсуздукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниясынын жайы сейф, телефон, айгай баскычы, сигнализация, видеобайкоо камерасы, видео жазууларды сактоо үчүн компьютер, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү системасы, брондолгон металл эшик менен жабдылышы;
- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- лизинг компаниясынын кызмат адамдарынын квалификациялык талаптарга шайкештиги;
- отчеттуулукту берүү жана маалыматтарды ачуу боюнча лизинг иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү боюнча лизинг компанияларынын милдеттениши;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролду жүргүзүүгө жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууга жооптуу ички контролдоо кызматынын болушу;
- лизинг келишимин колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө лизинг предметин камсыздандырышы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539 токтомунун редакциясына ылайык)
92-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
506. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

507. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

508. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:
1) камсыздандыруу уюмунун уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруу уюмунун башкаруусунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү боюнча уюмдаштыруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрү;
2) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылган камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар;
3) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
4) камсыздандыруу шарттары (эрежелери);
5) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (эгерде бар болсо);
6) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
7) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктаган документтер, эмгек китепчеси жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө катышуу жөнүндө чет өлкөлүк компаниянын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
9) мурунку үч жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).

509. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча ишке карата лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүргүзүлөт;
2) камсыздандыруу ишин лицензияда каралган камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана жүргүзүү;
3) камсыздандыруу уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу.

510. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:

511. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

93-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоо өзгөчөлүктөрү

512. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

513. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

514. Камсыздандыруу уюму тарабынан ишке ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:

515. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча ишке карата лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

516. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:

517. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

94-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан ишке ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү

518. Такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишине лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

519. Такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

520. Такафул-оператору тарабынан ишке ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу лицензиясын алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:
1) Шарыят кеңеши жөнүндө жобону, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын камтыган такафул-операторунун уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уставынын көчүрмөлөрү;
2) уюмдаштыруучулардын уставды кабыл алуу, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, такафул-операторунун башкаруусунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө чогулушунун протоколу;
3) такафул-операторунун Шарыят кеңешин түзүү жөнүндө уюмдаштыруучулардын чогулушунун протоколу;
4) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган такафул-операторунун акционерлери жөнүндө маалымат;
5) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
6) такафул-операторунун уставында каралган максаттарга жетүү жолдору аныкталган Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шарыят кеңеши тарабынан жактырылган такафул-операторунун ишинин бизнес-планы;
7) камсыздандыруу шарттары (эрежелери);
8) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен такафул-операторунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (эгерде бар болсо) жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
9) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен такафул-операторунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
10) аты-жөнүн, даректерин жана эмгек иши жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен такафул-операторунун Шарыят кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
11) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктаган документтер, эмгек китепчеси жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында такафул-операторун түзүүгө катышуу жөнүндө чет өлкөлүк компаниянын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).

521. Такафул-оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишине карата лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

3) такафул-операторлорунун түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу.

522. Такафул-операторунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:

523. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1-глава. Лицензиялоого тийиш болгон жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык иштин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 285 , 2025-жылдын 14-августундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Акушерлик жана гинекология:
- көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууну жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну кошпогондо;
- кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу менен;
- көмөкчү репродуктивдик технологияларды кошкондо
2. Анестезиология жана реаниматология
3. Аллергология жана иммунология
4. Дерматовенерология
5. Дерматокосметология
6. Жугуштуу оорулар (өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардан тышкары)
7. Проктология
8. Наркология
9. Неврология
10. Нейрохирургия
11. Оториноларингология
12. Офтальмология
13. Педиатрия
14. Психотерапия (невротикалык бузулуулар)
15. Стоматология:
- жалпы практикадагы;
- хирургия профилиндеги;
- жана жаак-бет хирургиясы;
- терапия профилиндеги;
- ортопедия профилиндеги;
- балдар;
- ортодонтия профилиндеги;
- жана тиш техникалык лаборатория
16. Терапия
17. Гастроэнтерология
18. Физиотерапия
19. Гемодиализ кызматтарын көрсөтүү менен (көрсөтүүсүз) нефрология
20. Кардиология
21. Дарылоо плазмаферез кызматтарын көрсөтүү менен (көрсөтүүсүз) гематология
22. Ревматология
23. Эндокринология
24. Травматология, ортопедия
25. Урология
26. Хирургия
27. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы рентгенэндоваскулярдык хирургия менен (же ансыз)
28. Ангиохирургия
29. Пластикалык хирургия
30. Онкология
31. Пульмонология
32. Шашылыш медициналык тез жардам
33. Жалпы врачтык практика, үй-бүлөлүк медицина
34. Паллиативдик жардам көрсөтүү
35. Медициналык реабилитация жана абилитация
36. Сакайтуучу дене тарбия жана спорттук медицина
37. Салттуу эмес медициналык иш:
- мануалдык терапия;
- рефлекстик терапия
38. Иммунопрофилактика (профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү)
39. Диагностика:
1) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген) лабораториялык диагностикалоо:
- клиникалык жана/же биохимиялык;
- цитологиялык;
- гистологиялык;
- иммуногистохимиялык;
- серологиялык;
- паразитологиялык;
2) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген)
I топтогу патогендүү микроорганизмдерди лабораториялык диагностикалоо:
- бактериологиялык;
- вирусологиялык;
- молекулалык-генетикалык;
- иммунологиялык;
3) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген)
III топтогу патогендүү микроорганизмдерди лабораториялык диагностикалоо:
- бактериологиялык;
- вирусологиялык;
- молекулалык-генетикалык;
- иммунологиялык;
4) нур менен диагностикалоо:
- компьютердик томография;
- магниттик-резонанстык томография;
- рентгенологиялык;
5) ультрадобуш диагностикасы;
6) функциялык диагностика;
7) эндоскопиялык диагностика.
2-глава. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн тизмеги
1. Фтизиатрия, диагностикадан тышкары
2. Психиатрия (органикалык өзгөрүүлөр, психотикалык бузулуулар);
3. Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар.
3-глава. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарын лицензиялоонун стандарттары
Бул Стандарттар жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын жана жеке ишкерлердин (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишин кошпогондо) кесиптик ишине, түзүмүнө жана ресурстарына (кадрдык камсыздоого жана материалдык жабдууга) лицензиялык талаптардын (минималдуу) комплекстүү топтому болуп саналат. Медициналык ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык талаптар/шарттар болуп арыз ээлеринин төмөнкү стандарттарга ылайык келиши эсептелет:
1-стандарт. Медициналык персоналдын керектүү билими, квалификациясы жана иш тажрыйбасы бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык персоналдын лицензиялоонун билдирилген тармагына ылайык медициналык билими (жогорку/орто) жана дипломдон кийинки даярдыгы (интернатура, клиникалык ординатура) бар; медициналык персонал, анын ичинде адистештирилген жабдууларда иштеген персонал белгиленген талаптарга ылайык дипломдон кийинки өркүндөтүү циклдеринен өткөн;
2) медициналык персонал билдирилген тармакта практикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл квалификацияга жана көндүмдөргө ээ экендигин тастыктаган аттестациялоо жол-жобосунан өткөн;
3) чет өлкөлүк адис билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда нострификациялоодон (эквиваленттүүлүгүн аныктоо) өткөн, чет өлкөлөрдө алган медициналык билими жөнүндө документке, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билим деңгээлин жана мазмунун ырастаган маалымкатка жана кесиптик аттестациядан өткөндүгү жөнүндө аттестациялык сертификатка ээ.
2-стандарт. Медициналык борборлорду/кабинеттерди жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жеке медициналык борборлорду/кабинеттерди жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет, жер участогу кургак, таза, атмосфералык абаны булгоо булактарынан алыс турат. Аймак тосулган, көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган, жарыктандырылган. Аймак аркылуу шаардык (айылдык) багыттагы магистралдык инженердик коммуникациялар (суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо) өтпөйт;
2) медициналык борбор/кабинет өзүнчө турган имаратта жайгашкан. Тиешелүү пландуу изоляциясы жана желдетүүнүн автономдуу системалары болгондо медициналык борборду/кабинетти башка уюмдар менен бир турак эмес имаратка жайгаштырууга жол берилет;
3) тиешелүү пландуу изоляциясы жана желдетүүнүн автономдуу системалары болгондо медициналык борборду/кабинетти турак жай имаратында биринчи кабаттан жогору эмес жайгаштырууга жол берилет;
4) турак үйлөргө нур менен диагностикалоо борборлорун/кабинеттерин жайгаштырууга жол берилбейт.
3-стандарт. Имараттар, курулмалар жана жайлар гигиеналык талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жайлардын түзүмү, планировкасы жана жабдуулары технологиялык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана эпидемиологиялык коркунучтун ар кандай даражадагы агымдарынын кайчылаш өтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат;
2) асептикалык режимдеги жайлар/кабинеттер (операциялык блок, таңуу бөлмөсү, төрөт залдары, процедуралык, манипуляциялык, стерилизациялык ж.б.), бөлүмдүн бейтаптары үчүн палаталар өтмө болуп саналбайт;
3) функционалдык жайлардын/кабинеттердин, бейтаптар үчүн палаталардын аянты жана бир бейтап үчүн бир керебеттин аянты жогоруда көрсөтүлгөн документтин тиркемелеринде аныкталган аянтка туура келет.
4-стандарт. Жайлардын керектүү топтому бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык борбордо/кабинетте медициналык иштин билдирилген тармагын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон минималдуу сандагы дарылоо-диагностикалык жана көмөкчү кабинеттер/жайлар бар;
2) оорулуулар жана персонал үчүн дааратканалар бар.
5-стандарт. Медициналык багыттагы буюмдардын керектүү топтому бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык иштин билдирилген тармагын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сандагы медициналык багыттагы буюмдар (медициналык техника жана жабдуулар, инструменттер, материалдар, параклиникалык багыттагы жабдуулар) бар (стандарттарга тиркеме);
2) өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүлдү.
6-стандарт. Жайлардын ички жасалгасы белгиленген талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жайлардагы дубалдардын, полдордун жана шыптардын беттери жылмакай, нымдуу тазалоо үчүн оңой жеткиликтүү жана колдонууга уруксат берилген жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууда туруктуу;
2) нымдуу иштөө режими бар жана учурдагы нымдуу дезинфекциялануучу (операциялык, операцияга чейинки, таңуучу, төрөт, процедуралык, ванна, душ, санитардык түйүндөр ж.б.) жайлардын дубалдары айнектелген плиткалар же жайлардын бийиктигине чейин нымга чыдамдуу башка материалдар менен капталган;
3) нымдуу иштөө режими бар жайлардагы шыптар суу өткөрбөй турган боёктор менен боёлгон же башка суу өткөрбөй турган материал менен капталган. Үстүнкү бетинин жылмакайлыгын жана аларды нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу асма, керме, көктөмө жана башка шыптын түрлөрүн колдонууга жол берилет;
4) бардык жайлардагы полдордун каптамы кемчиликсиз, жылмакай, түбүнө тыгыз бекемделген жана жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу. Раковиналар жана башка санитардык приборлор, ошондой эле дубалдарды жана тосмолорду мүмкүн болгон нымдаштыруу менен байланыштуу эксплуатациялануучу жабдуу орнотулган жерлердин дубалдары полдон 1,6 м бийикте жана туурасы жабдуудан жана прибордон ар бир тарабына 20 см ашык айнектелген плиткалар же нымга чыдамдуу башка материалдар менен капталган.
7-стандарт. Муздак суу менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы.
Саламаттык сактоо уюмунда суу менен жабдуунун өздүк булагы жана муздак суу берүүнүн жергиликтүү системасы болгон учурда бул булакка санитардык-эпидемиологиялык корутунду бар.
8-стандарт. Ысык суу менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы.
Персонал үчүн кабинеттерде, дааратканаларда, процедуралык, таңуучу, операция бөлмөлөрүндө, манипуляциялык бөлмөлөрдө СанЭжЧ талаптарына ылайык ысык суу берүү бар. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу жок болгон учурда суу жылытуучу түзүлүштөр орнотулат.
9-стандарт. Канализация системасы бар.
Стандарттын талабы.
Саркынды сууларды тазалоо жана зыянсыздандыруу жүргүзүлүүчү борборлоштурулган (жалпы шаардык, жалпы поселоктук ж.б.) тазалоочу курулмалар жок болсо, саркынды суулар локалдуу курулмаларда толук биологиялык тазалоодон жана зыянсыздандыруудан өтөт. Гипс даярдоо үчүн жайларда гипс тундурмасын орнотуу каралган. Баткак процедуралары үчүн жайлардан, баткак даярдоочу бөлмөдөн жана баткак менен дарылоонун башка жайларынан чыккан агынды суулар атайын тепкичтер аркылуу баткак чогулткучка куюлат.
10-стандарт. Желдетүү системасы бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык борборлордун/кабинеттердин жайлары механикалык түрдөгү кирүүчү-соруучу желдетүү (зарыл болгон жерде) жана табигый желдетүү (форточкалардын аба өткөргүчү, оодарылуучу фрамугалар) системалары менен жабдылган;
2) турак жай имараттарында жайгашкан медициналык борборлордун/кабинеттердин жайларынын желдетүү системасы турак үйдүн желдетүүсүнөн өзүнчө;
3) желдетүү системаларын долбоорлоо жана эксплуатациялоо аба массасынын "кир" жайлардан "таза" жайларга өтүүсүн жокко чыгарат.
11-стандарт. Иштеп жаткан жылуулук системасы бар. Стандарттын талаптары:
1) жылытуу системасынын жылытуучу приборлору (батареялар) бети жылмакай, жуучу жана дезинфекциялоочу эритмелердин таасирине туруктуу жана сырткы дубалдардын жанында, терезелердин астында, тосмосу жок жайгаштырылат;
2) жылытуу системасы кыш мезгилинде төрөт палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында оптималдуу температураны сактоого мүмкүндүк берет;
3) төрөт палаталарында, интенсивдүү терапия палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында, эмдөө кабинеттеринде температураны контролдоо үчүн бөлмө (дубалга орнотулган) термометрлер бар;
4) төрөт палаталарында, интенсивдүү терапия палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында, эмдөө кабинеттеринде жайларды жылытуунун кошумча булактары (электр май жылыткычтары) бар. Төрөт палаталарында жана операция бөлмөсүндө Цельсий боюнча 25-29 градус температура сакталат.
12-стандарт. Үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы:
Медициналык борбор/кабинет, зарыл болгон учурда үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системасы менен (электр энергиясын борборлоштурулган берүү өчүп калганда электр менен жабдуу - электр энергиясынын автономдуу генератору менен камсыздалат) камсыздалган.
13-стандарт. Иштеп жаткан жарык берүү системасы бар. Стандарттын талаптары:
1) медициналык борбордун/кабинеттин жайларында табигый жарык (терезелер, кошумча жарыктар) бар;
2) эксплуатациялоо эрежелери табигый жарыктандырууну талап кылбаган жайларды (кампалар, санитардык жайлар, жуунуучу бөлмөлөр жана душтар, жеке гигиена бөлмөлөрү, персонал үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, операцияга чейинки жана операция бөлмөлөрү, диагностикалык аппаратуралар бар жайлар, фотолабораториялар ж.б.) экинчи жарык (электр лампалары) менен жарыктандыруу же жасалма гана жарыктандыруу;
3) жайларды жалпы жарыктандыруу үчүн шыптарда орнотулуучу жарыкты текши (жабык) таратуучу шам чырактар.
14-стандарт. Өрттүн келип чыгуу тобокелдиги бааланган жана башкарылат.
Стандарттын талабы.
Өрт коопсуздугу боюнча нускама, өрт чыккан учурда персоналды жана пациенттерди эвакуациялоо схемасы жана персонал үчүн жеткиликтүү болгон өрт өчүрүү каражаттары (өрт крандары, өрт шлангдары, өрт өчүргүчтөр) бар.
15-стандарт. Стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жайлар жана техникалык жабдуулар бар.
Стандарттын талаптары:
1) стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштер борборлоштурулган стерилизациялоо бөлүмдөрүндө/стерилизациялоо кабинеттеринде жүргүзүлөт. Стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди кир жана стерилдүү материалдын кыймылынын агымынын эрежелери сакталган жумушчу кабинеттерде жүргүзүүгө жол берилет;
2) стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишим бар;
3) борборлоштурулган стерилизациялоо бөлүмү/стерилизациялоо кабинети автоклав/аба стерилизатору (кургак ысытуучу шкаф), медициналык буюмдарды жуу үчүн идиштер, жуугуч эритмени даярдоо үчүн компоненттер, бикстер (стерилизациялоочу кутулар), эмеректердин керектүү топтому менен жабдылган;
4) стерилизациялоого чейинки тазалоонун сапатын контролдоо үчүн даяр эритмелер (амидопирин, фенолфталеин жана азопирам сынамыктарын коюу), ошондой эле стерилизациялоого чейинки тазалоонун сапатын контролдоо журналы бар;
5) стерилизациялоонун сапатын контролдоо үчүн температураны өлчөөчү (термометр, максималдык термометр), басымды өлчөөчү (моновакуумметрлер) каражаттар, химиялык тесттер, термохимиялык индикаторлор жана биотесттер бар. Ар бир жүктөө үчүн убакытты, температураны жана басымды көрсөткөн стерилизациялоону контролдоо журналы бар.
16-стандарт. Бөлүмдөрдө дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жана керектүү техникалык жабдуулар бар.
Стандарттын талабы.
Медициналык борбордо/кабинетте дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн борборлоштурулган аккан суусу (раковинасы менен кран) бар көмөкчү жай (ири медициналык борборлордо) же атайын бөлүнгөн жер (чакан медициналык борборлор/кабинеттер) бар, инфекциялык контроль боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келген дезинфекциялоочу каражаттары менен пластик идиштер бар. Шейшептерди дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда, мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишим бар.
17-стандарт. Калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо жана жок кылуу үчүн шарттар бар.
Стандарттын талаптары:
1) тешүүчү-кесүүчү предметтерди чогултуу үчүн атайын идиштер, медициналык жана био калдыктарды чогултуу үчүн жылчыксыз желим баштыктары бар идиштер, кадимки (контаминацияланбаган) таштандыларды чогултуу үчүн жабык идиштер бар;
2) медициналык борбордун/кабинеттин аймагында катуу каптама төшөлгөн жана көчө тараптан келүүгө ыңгайлуу болгон, калдыктарды убактылуу сактоо үчүн контейнер(лер) бар аянтча жабдылган;
3) медициналык борборду/кабинетти турак үйдө жайгаштырууда калдыктарды убактылуу сактоо үчүн кулпу менен бекилүүчү жылчыксыз контейнер жабдылган;
4) медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу үчүн шарттар бар. Медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу жана жок кылууга шарттар жок болгон учурда, мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишими бар;
5) кадимки (контаминацияланбаган) таштандыларды чыгарууга келишим бар.
18-стандарт. Бардык кызматкерлер профилактикалык медициналык кароодон өттү.
Стандарттын талабы.
Персонал жыл сайын ченемдик укуктук талаптарга ылайык медициналык кароодон өтөт. Медициналык кароонун натыйжалары санитардык китепчелерге жазылат. Жумушка уруксат берүү жөнүндө белги бар.
19-стандарт. Медициналык техника жана жогорку кооптуулуктагы булактар менен иштөөдө тобокелдиктер бааланган жана башкарылат.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык техника (медициналык аппараттар, приборлор, диагностикалык жабдуулар) менен иштеген персонал окуудан өткөн. Окуудан өткөндүгүн тастыктаган документтер (күбөлүктөр, сертификаттар ж.б.) бар;
2) бардык электр жабдуулары жерлештирилген;
3) колдонулуучу аппараттарга жана приборлорго коопсуздук техникасы боюнча бекитилген нускамалар бар;
4) персонал үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй коргоочу каражаттары бар: дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдө халаттар, бир жолу колдонулуучу маскалар жана кол каптар, резина кол каптар, коргоочу көз айнек, алжапкыч, РУ-60 респиратору (же
8 катмарлуу марли маска);
5) персоналдын колдорун тазалоо үчүн суусуз (спирттүү) антисептик менен дозаторлор бар.
20-стандарт. Дары-дармек препараттарын, диагностикалык реагенттерди, вакциналарын сактоо үчүн шарттар бар.
Стандарттын талаптары:
1) дары-дармек препараттары кургак жайларда (зарыл болгон учурда - караңгы жерде), маркаланган жабык сейфтерде, шкафтарда жана текчелерде сакталат;
2) термолабилдүү дары-дармек препараттарын, вакциналарды, реактивдерди сактоо үчүн атайын муздаткычтар бар. Муздаткычтарда температура режими сакталат.
21-стандарт. Керектүү аптечкалар бар.
Стандарттын талабы:
Шоктон чыгаруу аптечкасы бар. Шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечка бар.
Эскертүү: базарлардын жана соода борборлорунун аймагында медициналык клиникаларды жана кабинеттерди ачууга тыюу салынат!
4-глава. Кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрү үчүн таблицалык формада жеке медициналык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон объекттерге лицензиялык талаптар
№ | Кабинеттердин жабдылышы |
1 | Процедуралык кабинет: |
| - кушетка; |
| - процедуралык чакан стол; |
| - дары-дармек үчүн шкаф; |
| - кварц лампасы; |
| - муздаткыч; |
| - шоктон чыгаруу аптечкасы; |
| - стерилизаторлор, бикстер; |
| - кыскычтар, шприцтер, пинцеттер, кайчылар, шпателдер, кол каптар; |
| - лотоктор; |
| - таңуучу материал; |
| - кан токтотуучу жгут; |
| - ооз кеңейткич, тил кармагыч |
2 | Травматологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка; |
| - гипстөө үчүн стол; |
| - тонометр, фонендоскоп, кварц лампасы; |
| - кол каптар, лотоктор, шпателдер, бикстер; |
| - амбулаториялык операциялар үчүн хирургиялык инструменттер топтому; |
| - иммобилизация үчүн шиналар; |
| - гипсти чечүү үчүн кайчылар; |
| - стерилденген инструменттер үчүн стол |
3 | Оториноларингологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - манипуляциялык стол; |
| - көлөкө түшүрбөгөн лампа, чырак; |
| - ларингоскоп; |
| - отоларингологиялык күзгүлөр топтому; |
| - мурунга тампон коюу үчүн инструменттер топтому; |
| - аудиометр, камертон, отоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы; |
| - ЛОР эндоскоп; |
| - чекеге тагып алма жарык бергич, чекеге тагып алма рефлектор; |
| - оториноларингологиялык инструменттер топтому (мурун күзгүсү, мурун-колко күзгүсү, кекиртек күзгүсү, мурун сөөктөрүн ордуна келтирүү үчүн элеватор, гаймор кобулунун пункциялары үчүн Куликов ийнеси, кулак воронкасы, катетер, скальпель, лотоктор); |
| - кушетка |
4 | Офтальмологдун кабинети: |
| - жылчыктуу лампа; |
| - офтальмоскоп; |
| - көздүн курчтугун аныктоо үчүн щит; |
| - түстү сезүүсүн текшерүү үчүн полихромдук таблицалар; |
| - көз айнек линзаларынын топтому; |
| - көз ичиндеги басымды ченөө үчүн топтом, кварц лампасы |
5 | Урологдун кабинети: |
| - урологиялык кресло; |
| - цистоскоп; |
| - урологиялык инструменттер топтому; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы |
6 | Дерматовенерологдун кабинети: |
| - гинекологиялык жана урологиялык креслолор; |
| - кушетка жана тоскуч; |
| - гинекологиялык инструменттер топтому; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - лабораториялык анализдер үчүн стол |
7 | Стоматологдун кабинети: |
| - стоматологиялык кресло; |
| - бормашина; |
| - тишке пломба коюу үчүн инструменттер топтому; |
| - тиш суургуч инструменттер топтому; |
| - кургатып ысытуучу шкаф же В классындагы автоклав; |
| - стерилденген инструменттер үчүн стол; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - стерилденген инструменттерди жана МББ сактоо үчүн бактерициддик шкаф |
8 | Невропатологдун кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - неврологиялык балка; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы |
9 | Онкологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка, тоскуч; |
| - градусниктер, шпателдер; |
| - конхотом; |
| - диатермокоагулятор; |
| - бикстер, лотоктор, кол каптар, кварц лампасы |
10 | Эндокринологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - тараза жана бой ченегич; |
| - глюкокометр; |

| - сантиметр лентасы; |
| - тест тилкелери, сезгичтикти аныктоо үчүн топтом |
11 | Кардиолог-ревматологдун кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер; |
| - ЭКГ-аппараты |
12 | Гематологдун, пульмонологдун кабинети: |

13 | Рентгенологдун кабинети: |
| - рентген аппараты; |
| - чөнтөк дозиметрлери, жеке коргонуу үчүн коргошун каптоочтор, коргошун алжапкычтар, юбкалар жана кол каптар, кароочу терезедеги коргошундалган Эсу айнеги; |
| - муздаткыч; |
| - реактивдер, бак комплекти, кургатуучу шкаф; |
| - желдетүү вентиляциясы; |
| - негатоскоп, медициналык шкаф, кушетка, тоскуч |
14 | Функционалдык диагностика кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка, тоскуч, кварц лампасы; |
| - функционалдык диагностикалоо аппараты (УДИ, ЭКГ, ФКГ, ФВД, ЭЭГ, велоэргометр ж.б.) |
15 | Эндоскопия кабинети: |

| - фиброгастроскоп, бронхоэзофагоскоп, ректомоноскоп ж.б.; |
| - кварц лампасы |
16 | УДИ кабинети: |
| - УДИ аппараты; |
| - медициналык шкаф; |
| - кушетка, тоскуч; |
| - кондиционер, кварц лампасы |
17 | Иммунологдун, инфекционисттин кабинети: |

18 | Физиотерапия кабинети: |
| - физиотерапия жүргүзүү үчүн аппаратура; |
| - атайын сааттар; |
| - кушетка, тоскуч, кварц лампасы; |
| - отургучтар |
19 | Массаж кабинети: |
| - кушетка, тоскуч, кийим илгич; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - самыны жана сүлгүсү менен жуунгуч |
20 | Ийне рефлексотерапия кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - кушетка, тоскуч, кийим илгич; |
| - стерилизаторлор, кварц лампасы; |
| - ийне рефлексотерапиясы үчүн ийнелер топтому |
21 | Дарылоочу дене тарбия кабинети: |
| - швед стенкасы; |
| - велоэргометр; |
| - гантелдер, эспандерлер; |
| - гимнастикалык таяктар, топтор, обручтар, скакалкалар; |
| - ден соолук дисктери; |
| - килем, чаң соргуч; |
| - кондиционер |
22 | Акушер-гинекологдун кабинети: |
| - кушетка, парда; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - тонометр, фонендоскоп, стетоскоп; |
| - медициналык клеёнка, медициналык алжапкыч; |
| - кыскычтар, шпателдер, пинцеттер, корнцанг; |
| - идиштер, лотоктор, кол каптар; |
| - стерилизатор, кварц лампасы; |
| - тазомер, сантиметр лентасы |
23 | Терапевттин кабинети: |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - медициналык шкаф, картотека; |
| - ЭКГ аппараты; |

| - бой ченегич, таразалар |
24 | Педиатрдын кабинети: |

| - баланы ороо үчүн стол; |
| - бой ченегич, жерге коймо жана чөйчөк сымал таразалар; |
| - неврологиялык балка жана отоскоп |
25 | Манипуляциялык кабинет (абортарий): |
| - медициналык шкаф; |
| - операциялык лампа; |
| - манипуляциялык стол; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - аборт кылуу үчүн инструменттер топтому; |
| - вакуум-соргуч; |
| - кушетка, тоскуч; |
| - стерилизаторлор, бикстер; |
| - медициналык алжапкыч, кол каптар; |
| - идиштер, лотоктор, кварц лампасы |
26 | Лаборатория (клиникалык): |
| - реактивдерди сактоо үчүн шкаф; |
| - микроскоп, предметтик айнек; |
| - 3000 айланма центрифуга; |
| - Сали боюнча гемометр; |
| - глюкометр; |
| - эсептөө машинкасы; |
| - реактивдер; шприцтер; |
| - 5, 10 жана 20 мл пробиркалар, штативдер (10 жана 20 уячалуу); |
| - соруп чыгаруучу шкаф, кварц лампасы |
27 | Хирургиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому |
| - ординаторлор бөлмөсү; |
| - медайымдар үчүн кабинет; |
| - кароо кабинети; |
| - таза жараат таңуучу жай; |
| - кир жараат таңуучу жай; |
| - процедура кабинети; |
| - операция бөлмөсү; |
| - интенсивдүү терапия палаталары; |
| - палаталар; |
| - санитардык түйүн, ванна |
28 | Операция бөлмөсүн жабдуу (жалпыга бирдей) |
| - операциялык стол; |
| - хирургиялык инструменттер топтому (чакан, чоң); |
| - анестезиологдун столу; |
| - инструменттер столу; |
| - манипуляциялык стол; |
| - наркоз аппараты; |
| - ӨЖЖ аппараты; |
| - каталка, кресло-каталка, замбилдер; |
| - муздаткычтар; |
| - бактерициддик лампалар, центрифугалар; |
| - кургатып ысытуучу шкаф, зарылдыгына жараша автоклав; |
| - электросоргуч, коагулятор; |
| - негатоскоп; |
| - бикстер; |
| - көлөкө түшүрбөгөн лампалар; |
| - рефлектордук чырактар; |
| - инструменттерди дезинфекциялоо үчүн идиштер |
28.1 | ЛОР боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - бөтөн нерселерди алып салуу үчүн электромагнит; |
| - шишиктерди алып салуу жана биопсиялар үчүн кардиес кычкачтар; |
| - коагулятор; |
| - микроскоп-линза; |
| - ларингоскоп; |
| - оториноларингологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому |
28.2 | Офтальмология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - офтальмологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - операциялык микроскоп; |

| - орбитотомия үчүн комплект |
28.3 | Урология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - урологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - цистоскоп |
28.4 | Травматология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - Елизаров аппараттары; |
| - травматологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - иммобилизациялык шиналар, каталка, кресло-каталка жана балдактар |
28.5 | Реанимация жана интенсивдүү терапия палатасы бар кардиохирургия боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - кардиохирургиялык операция үчүн инструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - ар бир керебетке кычкылтек, аба жана вакуумдун борборлоштурулган чыгуусу (мисалы, борбордук бөлүштүргүч); |
| - медициналык жабдууларды, медициналык газдарды, электр розеткаларын жайгаштыруу үчүн консоль (мисалы, медициналык газдарды чыгаруу үчүн консоль); |
| - синхрондошуу функциясы менен бифаздык дефибриллятор; |
| - 12 каналдуу электрокардиограф; |
| - жүрөктүн миокардиалдык, трансвеноздук эндокардиалдык жана тышкы (тери аркылуу) электрдик стимуляциясы үчүн электрокардиостимулятор; |
| - жылуулук алмаштыргычы бар жасалма кан айлантуучу аппарат; |
| - хирургиялык электр соргуч; |
| - нымдоо жана жылытуу системасы менен жеке кычкылтек чачкычтар; |
| - электрокардиограмманын 5 бөлүгүн, жүрөк согуунун жыштыгын, дем алуу жыштыгын каттоочу, артериялык басымды, өпкө артериясынын басымын, борбордук кан тамыр басымын, жүрөктүн кан бүркүүсүн инвазиялык ченөөчү, артериялык басымды, гемоглобиндин кычкылтек менен каныккандыгын, контролго алынган параметр белгиленген чектен ашкан учурда коркунуч сигналын автоматтык түрдө иштетүү менен дене температурасын инвазивдүү эмес өлчөөчү керебеттин жанындагы кардиомонитор; |
| - программалык жасалма желдетүү жана тышкы дем алуу функциясына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, орнотулган газ анализатору менен өпкөнү жасалма желдетүү үчүн наркоздук аппарат; |
| - ташуу үчүн портативдүү дем алуу аппараты (мисалы, ӨЖЖ АДР-1200 дем алуу аппараты); |
| - трахеалдык интубация топтому; |
| - инфузомат; |
| - аорта ичиндеги баллондук контрпульсацияны жүргүзүү үчүн аппарат; |
| - оюлууну алдын алуу жана дарылоо үчүн арналган оюлууга каршы системалар; |
| - шашылыш рестернотомия үчүн хирургиялык стерилдүү төшөмө (мисалы, медициналык төшөмө баштыктар); |
| - кан тамыр ичиндеги кандын уюшун өлчөө үчүн аппарат; |
| - кандын кислота-жегич абалын аныктоочу аппарат; |
| - эндоваскулярдык кардиохирургияда - ангиограф; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн кювез; |
| - жаңы төрөлгөн балдар реанимация столу; |
| - көп функциялуу балдардын реанимациялык керебеттери; |
| - эжекциялык соргуч |
28.6 | Нейрохирургия боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - нейрохирургиялык операциялар үчүн иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - омурткага операция жасоо үчүн иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - С-догонун болушу; |
| - Р-терс операциялык столдун болушу; |
| - нейроонкологиялык иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - нейрохирургиялык микроскоптун болушу |
28.7 | Интервенциялык нейрохирургия үчүн кошумча жабдуулар: |
| - ангиограф |
29 | Акушер-гинекологиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому: |
| - чыпкалоо бөлмөсү; |
| - кароо бөлмөсү; |
| - ординатор бөлмөсү; |
| - акушерлер кабинети; |
| - санитардык өткөрмө; |
| - төрөткө чейинки палата; |
| - төрөт залы; |
| - интенсивдүү терапия палатасы; |
| - манипуляциялык бөлмө; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн интенсивдүү палата; |
| - төрөттөн кийинки палаталар; |
| - процедура бөлмөсү |
29.1 | Жабдуу: |
| - процедуралык столдор; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - тараза, бой ченегич; |
| - функционалдык керебеттер; |
| - балдар таразалары жана ванналар; |
| - градусниктер; |
| - наркоз аппараты; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн ӨЖЖ аппараты; |
| - коагулятор; |
| - электросоргуч; |
| - кювездер, чакан керебеттер, жылыткычы менен баланы орой турган стол; |
| - тамчылаткычтар үчүн штативдер же инфузоматтар; |
| - бактерициддик лампалар; |
| - манипуляциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - төрөт жана жаңы төрөлгөн балдар үчүн комплекти менен бикстер; |
| - тонометр жана фонендоскоп; |
| - стетоскоп, жамбаш чарасын өлчөгүч жана сантиметрлик тасма; |
| - жаңы төрөлгөн балдар реанимациясы үчүн комплект; |
| - кайчы, кол кап, тамчылаткычтар, штативдер, подставкалар, чакалар, чаралар ж.б.; |
| - вакуум экстрактор; |
| - гинекологиялык кароо жана манипуляциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - каталкалар, кресло-каталкалар, замбилдер; |
| - мобилдик лампа (кароо); |
| - манипуляциялык кресло (шашылыш ыкчам кийлигишүү үчүн төрөт бөлмөлөрүнүн биринде функциялык керебет жок болсо - вакуум экстракция, чаттын жана жатын моюнунун айрылуусун тигүү, кол менен текшерүү); |
| - преэклампсия, кан агуу, анафилактикалык шок болгон учурда кечиктирилгис жардам үчүн протоколго жана жардам көрсөтүү алгоритмдерине ылайык топтомдор; |
| - кардиотокограф; |
| - төрөт үчүн функционалдык керебет; |
| - шприцтик дозатору; |
| - төрөөчү аял жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн жеке пакет (же альтернатива); |
| - стерилдүү акушердик инструменттер топтому; |
| - киндик тазалоо үчүн стерилдүү топтом (кыскычтар) |
29.2 | Жаңы төрөлгөндөр үчүн реанимациялык топтом: |
| - өзү жазылуучу реанимациялык дем алуу баштыкчасы (V 250 - 500 см3); |
| - убагында төрөлгөн жана салмагы аз жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ӨЖЖ жүргүзүү үчүн жумшак обтуратору бар маскалар (№ 00, 0 жана 1); |
| - меконий аспиратору; |
| - De Lee стерилдүү коннектору же үчтүк; |
| - электрдик соргуч; |
| - түз клиноктор топтому менен ларингоскоп (№ 00, 0 жана 1), батарейкалар жана лампалар топтому; |
| - ар кандай өлчөмдөгү стерилдүү эндотрахеалык түтүктөр (2,0; 2,5; 3,0; 3,5; 4,0); |
| - сордуруу үчүн стерилдүү катетерлер/зонддор (5, 6, 8 жана 10 Fr); |
| - түтүктү фиксациялоо үчүн лейкопластырь; |
| - курч гипокоагуляцияны дарылоо үчүн протромбин комплекси; |
| - фотолампа |
| - Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн орун: |
| - жылытуусу бар стол же кошумча жылуулук булагы бар реанимация столу; |
| - жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн электрондук тараза; |
| - жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн электрдик же вакуумдук соргуч; |
| - жеке тонометр |
29.3 | ЭКУ жүргүзүү үчүн жабдуулар |
| КРТ үчүн процедуралык кабинет: |
| - стерилдүү материалды сактоо үчүн контейнер; |
| - антишок топтому, анти-AИВ топтому; |
| - артериялык басымды өлчөгүч; |
| - стетофонендоскоп; |
| - акушердик/гинекологиялык инструменттер жана манипуляциялар үчүн керектелүүчү материалдар; |
| - стерилдүү эритмелер жана медикаменттер үчүн медициналык шкаф; |
| - манипуляциялык стол; |
| - вена ичине тамчылатып куюу үчүн штатив; |
| - кан куюу үчүн комплект; |
| - кан үчүн лабораториялык, базалык, фармацевтикалык муздаткычтар; |
| - медициналык кушетка; |
| - тосмо; |
| - процедуралык стол; |
| - шашылыш тез жардам медикаменттери үчүн шкаф; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк; |
| - материалдарды жана инструменттерди стерилизациялоо жана дезинфекциялоо үчүн контейнер |
| Репродуктолог врачтын (акушер-гинекологдун) кабинети: |
| - гинекологиялык кресло; |
| - гинекологиялык инструменттердин топтому; |
| - вагиналдык жана абдоминалдык датчиктери бар ультрадобуш аппараты; |
| - сүртүндүлөрү бар айнектерди сактоо жана аларды ташуу үчүн идиш; |
| - артериялык басымды өлчөө үчүн аппарат; |
| - стетофонендоскоп; |
| - тосмо; |
| - медициналык кушетка; |
| - стерилдүү инструменттерди жана материалдарды сактоо үчүн контейнер; |
| - стерилдүү инструменттерди сактоо үчүн манипуляциялык стол; |
| - медициналык жылдырылма шамчырак; |

| - медициналык тараза; |
| - бойду ченегич |
| КРТ үчүн манипуляциялык кабинет: |
| - гинекологиялык кресло (гидравликалык көтөргүчү менен); |
| - көлөкөсүз медициналык шамчырак; |
| - вакуум-аспиратор; |
| - клиноктор топтому менен ларингоскоп; |
| - ингаляциялык наркоз үчүн көчмө аппарат; |
| - гинекологиялык текшерүү үчүн инструменттер; |
| - кычкылтек жана газ булагы (портативдик, стационардык); |
| - колдонулган материалдар (медициналык калдыктар) үчүн контейнер; |
| - анестезиологиялык чакан стол, жгуттар; |
| - пункция саптары менен жабдылган вагиналдык жана абдоминалдык датчиктери бар ультрадобуш аппараты; |
| - мониторингдөө үчүн аппарат (пульс, оксигенация, артериялык басым); |

| - инструменттик чакан стол; |
| - манипуляциялык чакан стол; |
| - дары препараттары үчүн медициналык шкаф; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк |
| Эмбриологиялык бөлмө: |
| - бинокулярдык лупа; |
| - термостат (CO2 инкубатор); |
| - жарык микроскобу; |
| - инверттелген микроскоп; |
| - микроманипулятор; |
| - центрифуга; |
| - лабораториялык, медициналык, фармацевтикалык муздаткычтар; |

| - иш жасала турган үстүнкү бети жылытылуучу ламинардык бокс; |
| - инкубаторлордо CO2 контролдоо үчүн датчик; |
| - анти-AИВ топтому |
| Криосактагыч жай: |
| - биоматериалды криоконсервациялоо үчүн жабдуулар; |
| - криоконсервацияланган жыныс клеткаларын/эмбриондорду жана репродуктивдик органдардын ткандарын сактоо үчүн Дьюар идиши; |
| - криоконсервацияланган жыныс клеткаларын жана репродуктивдик органдардын ткандарын ташуу үчүн Дьюар идиши; |
| - суюк азоттун запасы бар Дьюар идиши; |
| - биоматериал үчүн контейнер; |
| - транспорттоочу араба; |
| - жайда кычкылтектин курамын контролдоо үчүн датчик |
| Стерилизациялоо бөлмөсү: |

| - аквадистиллятор (же альтернативасы); |
| - жуу жана дезинфекциялоо үчүн жабдуулар; |
| - инструменттерди жана материалдарды стерилизациялоого даярдоо үчүн стол; |
| - стерилдүү инструменттерди жана керектелүүчү материалдарды сактоо үчүн камера; |

30 | Кечиктирилгис тез жардам (минималдуу топтом): |
| - салондогу жарыгы багытталган шамчырагы бар санитардык транспорт; |
| - медикаменттер үчүн шкаф, стерилизаторлор, бикстер, лотоктор, дары каражаттарын инфузиялоо үчүн штативдер, таңуучу материал, жгуттар, зонддор, катетерлер, шпателдер, ооз кеңейткичтер, тонометр, фонендоскоп, термометр; |
| - кушетка, каталка, шина ташыгычтар, кычкылтек жаздыктары, портативдүү аспиратор, түрдүү өлчөмдөгү аба өткөргүчү бар "Амбу" баштыкчасы ж.б.; |
| - медициналык ящик - негизги топтому менен, эпидемияга каршы топтомдорду, төрөт пакетин, реанимациялык топтомду, инфузиялык эритмелерди салуу үчүн кошумча медициналык ящик; |
| - портативдик: глюкометр, электрокардиограф, дефибриллятор, дем алуу аппараттары |
31 | Дерматокосметологдун кабинети: |
| - медициналык эмерек; |
| - косметологиялык кушетка; |
| - инструменттерди жана буюмдарды УД-тазалоочу жана дезинфекциялоочу түзмөк (ванна); |
| - абаны ультрафиолет нурландыргыч-рециркулятор; |
| - бактерициддик ультрафиолет нурландыргыч; |

| - стерилдүү инструменттерди сактоо үчүн ультрафиолет боксу; |
| - медикаменттерди сактоо үчүн муздаткыч; |
| - стерилизациялоого тийиш болгон косметикалык инструменттердин топтому (чөйчөктөр, кисточкалар, шпателдер); |
| - стерилизациялоого тийиш болгон косметикалык инструменттердин топтому (Уно кашыгы, металл лоток, хирургиялык кайчы, пинцет) |
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Курулуш иштеринде аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин дайындоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Аткарылуучу иштердин жоопкерчилик деңгээли курулуш ишине лицензия берүүдө лицензиаттын белгилүү бир татаалдыктагы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша дайындалат.
2. Лицензиаттын арызы боюнча:
- аткарылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу үчүн архитектуралык-курулуш ишин мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик органдын оң корутундусунун болушу зарыл;
- аткарылуучу долбоордук иштердин жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу үчүн долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо жаатында мамлекеттик органдын оң корутундусунун болушу зарыл.
3. Ушул Эрежелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар лицензиардын буйругу менен аныкталат.
31. Ыйгарым укуктуу органдардын оң корутундулары лицензиаттарга мурда аткарылган иштерди, тартип бузуулардын жана тыюу салуулардын жоктугун, ошондой эле иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү тажрыйбаны эске алуу менен курулуш, долбоорлоо жана инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары тиешелүү түрдө аткарылганда берилет.
32. Лицензиат лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу. Жоопкерчиликтин жогорку деңгээли төмөнкү деңгээлдеги объекттерде иштөөгө мүмкүндүк берет.
33. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч жана кооптуулук пайда болгон учурда лицензиар тарабынан лицензиянын колдонулушу токтотулуп турат же жоопкерчиликтин деңгээлин төмөндөтүү менен токтотулуп турат.
2-глава. Инженердик изилдөөлөрдөгү жоопкерчиликти
аныктоо деңгээлдери
4. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөр:
1) жоопкерчиликтин биринчи деңгээли лицензияланууга тийиш болгон иштин курулуш түрлөрүнүн мазмуну болуп саналган, ушул Жобонун 217-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштардын тизмегинде каралган инженердик-геодезиялык иштин бардык түрлөрүн (мындан ары – Тизмек) аткарууга укук берет. 100 гектардан ашык аянттагы топографиялык жана геодезиялык иштерди жана алардын узундугуна карабастан линиялык изилдөөлөрдү аткарууга, инженердик изилдөөлөрдү аткаруунун сапатын контролдоого укук берет;
2) жоопкерчиликтин экинчи деңгээли 1:5000 – 1:200 масштабында 100 га чейинки аянтта топографиялык сүрөткө тартууну, узундугу 25 км чейинки линиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле Тизмекте каралган инженердик-геодезиялык иштин айрым түрлөрүн аткарууга укук берет;
3) жоопкерчиликтин үчүнчү деңгээли 1:2000 – 1:500 масштабында 20 га чейинки аянтта топографиялык сүрөткө тартууну, узундугу 5 км чейинки линиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле Тизмекте каралган инженердик-геодезиялык иштин айрым түрлөрүн аткарууга укук берет;
5. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр:
1) жоопкерчиликтин биринчи деңгээли жоопкерчиликтин I-III деңгээлдеринин объектилеринде Тизмекте каралган инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн аткарууга укук берет;
2) жоопкерчиликтин экинчи деңгээли жоопкерчиликтин II-III деңгээлдеринин объекттерде инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү аткарууга укук берет;
3) жоопкерчиликтин үчүнчү деңгээли жоопкерчиликтин III деңгээлинин объектинде инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү аткарууга укук берет.
3-глава. Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда
жоопкерчиликти аныктоо деңгээлдери
6. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу:
1) жоопкерчиликтин биринчи деңгээли төмөнкүлөрдү иштеп чыгууга укук берет:
– жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун, өндүрүштүк күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схемаларын; жайгаштыруунун региондук схемаларын; транспорттук схемаларды жана инженердик инфраструктураны; жаратылыш-климаттык зоналарды; дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана рекреациялык аймактарды; райондук пландоонун схемаларын жана долбоорлорун, өнөр жай зоналарын (райондорду) пландаштыруунун жана куруунун долбоорлорун;
– калктуу конуштардын башкы пландарынын (25 миң адамдан жогору), деталдуу пландаштыруу долбоорлорун, шаар чегинин долбоорлорун, курулуш, жогоруда аталган шаарларды абаттоо долбоорлорун;
– курорттук зоналардагы, массалык туризм жана эс алуу зоналарындагы, корголуучу жаратылыш ландшафтынын зоналарындагы калктуу конуштардын, тарыхтын жана архитектуранын кыймылсыз эстеликтериндеги башкы пландарын;
2) жоопкерчиликтин экинчи деңгээли төмөнкүлөрдү иштеп чыгууга укук берет:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык органдарына караштуу аймактардын башкы пландары;
– калктуу пункттардын башкы пландары (5000ден ашык адам жана 25000 адамды кошуу менен), шаар (поселкалык) чегинин долбоорлору, деталдык пландоо долбоорлору, өнүктүрүү долбоорлору, жогоруда аталган шаарларды жана калктуу конуштарды абаттоо жана жашылдандыруу долбоорлору;
3) жоопкерчиликтин үчүнчү деңгээли орто айылдык калктуу конуштардын башкы пландарын (5 миң адамга чейин), поселоктук чегинин долбоорлорун, деталдуу пландаштыруу долбоорлорун, жогоруда аталган калктуу конуштарды куруу, абаттоо жана жашылдандыруу долбоорлорун иштеп чыгууга укук берет.
4-глава. Долбоордук, курулуш-монтаждоо, архитектуралык-
курулуш иштериндеги жоопкерчиликти аныктоо деңгээлдери
7. Долбоордук, курулуш-монтаждоо жана архитектуралык-курулуш иштери:
1) жоопкерчиликтин биринчи деңгээли уникалдуу чарбалык, социалдык мааниси бар же техникалык жактан өзгөчө татаал имараттар жана курулмалар боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгууга жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө укук берет:
– ЖЭСтин, ЖЭБдин, ири ГЭСтердин башкы корпустары;
– бийиктиги 50 метрден ашкан жана 100 метрге чейинки морлорду жана мунараларды кошо алганда;
– 12 кабаттан ашык турак жай имараттары;
– аралыгы 60 метрден ашкан имараттар жана курулмалар;
– бийиктиги 50 метрден ашкан имараттар жана курулмалар;
– негизги музейлердин, улуттук маданий баалуулуктарды сактоочу жайлардын имараттары;
– тарыхтын, архитектуранын жана шаар куруунун эстеликтерин реставрациялоо;
– өндүрүү, сактоо жана утилдештирүү үчүн адистештирилген шарттарды талап кылган өнөр жай объекттери;
– коомдук пайдалануудагы адистештирилген имараттар (автовокзалдар, аэропорттор, темир жол вокзалдары);
– өрт чыгуу-жарылуу коркунучу бар продуктулар үчүн сыйымдуулугу 10 миң куб. м ашык курулмалар;
2) жоопкерчиликтин экинчи деңгээли өзгөчө чарбалык же социалдык мааниси бар имараттар жана курулмалар боюнча долбоордук документтерди жана курулуш-монтаждоо иштерин иштеп чыгууга укук берет:
– өрт чыгуу-жарылуу коркунучу бар продуктулар үчүн сыйымдуулугу 5 миң куб. метрден 10 миң куб. метрге чейинки курулмаларды кошо алганда;
– бийиктиги 5 кабаттан ашкан жана 12 кабатты, турак жай имараттарды кошо алганда;
– аралыгы 24 метрден ашкан жана 60 метрге чейинки, бийиктиги 15 метрден ашкан жана 50 метрге чейинки имараттар жана курулмалар;
– толук курама, ири панелдүү, монолиттүү имараттар;
– жүк көтөрүмдүүлүгү 32 тоннадан ашык крандары бар өндүрүштүк имараттар;
– темир жолдор;
– 1-2-3-категориядагы автомобиль жолдору жана 4-5-категориядагы автомобиль жолдору тоолуу жерлерде, магистралдык көчөлөрдө;
– узундугу 18 метрден 60 метрге чейинки көпүрөлөр, өтмөктөр, эстакадалар;
– кенендиги 1000ден ашык орундуу мектептердин, ооруканалардын имараттарын кошо алганда;
– 100дөн ашык жумуш орундарын кошо алганда турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары;
– 250дөн ашык орундуу мейманканаларды кошо алганда;
– турак жай райондорунун, өнөр жай түйүндөрүнүн жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттери;
– ири коргоочу курулмалар (селге каршы, жер көчкүгө каршы, көчкүгө каршы, анын ичинде калдык сактоочу жайлар);
– жер титирөө коркунучу 9 баллдан жогору болгон участоктордо, татаал инженердик-геологиялык шарттарда (чөгүү тибиндеги, сууга каныккан, начар топурактар, жер көчкү) иштерди аткаруу;
3) жоопкерчиликтин үчүнчү деңгээли маанилүү чарбалык же социалдык мааниге ээ имараттардын жана курулмалардын долбоордук документтерин иштеп чыгууга жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө укук берет: жоопкерчиликтин I, II деңгээлдерине киргизилбеген объекттер, имараттар жана курулмалар, ошондой эле майда даана материалдардан тирөөч дубалдарды тургузуу, тосуучу конструкцияларды, имараттарды жана курулмаларды орнотуу, курама-калкан жана жыгач имараттарды жана курулмаларды монтаждоо.
5-глава. Инженердик системалар, тармактар жана
курулмалар боюнча технологиялык жабдууларды долбоорлоо,
куруу-монтаждоо иштеринде жана монтаждоодо жоопкерчиликти
аныктоо деңгээлдери
8. Инженердик системалар, тармактар жана курулмалар боюнча долбоордук, курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү жана технологиялык жабдууларды монтаждоо иштери:
1) жоопкерчиликтин биринчи деңгээли төмөнкү объекттерди курууда жана монтаждоодо аткарылуучу долбоордук документтерди иштеп чыгууга жана курулуш-монтаждоо иштерине укук берет:
– диаметри 600 мм жана андан ашык магистралдык түтүктөргө же жумушчу басымы 1,5 МПа жана андан ашык магистралдык түтүктөргө, ошондой эле магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн диаметри кичине жана суу тосмолорунан, темир, автомобиль жолдорунан өткөндө жумушчу басымы төмөн участоктору;
– 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, бөлүштүрүүчү түзүлүштөргө жана трансформатордук көмөкчү чордондор;
– электр станциялары;
– жогорку басымдагы отказандар;
– жогорку басымдагы газ менен камсыздоо жана алар үчүн курулмалар;
– продукция өткөргүчтөр жана алар үчүн курулмалар;
2) жоопкерчиликтин экинчи деңгээли төмөнкү объекттерди курууда жана монтаждоодо аткарылуучу долбоордук документтерди иштеп чыгууга жана курулуш-монтаждоо иштерине укук берет:
– диаметри 600 мм чейинки жана жумушчу басымы 1,5 Мпа чейинки магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү кошо алганда;
– 10 кВ жана 35 кВ чейин чыңалуудагы электр берүү линияларына жана трансформатордук көмөкчү чордондорду кошо алганда;
– орто басымдагы отказандар;
– орто басымдагы газ түтүктөрүнө жана алар үчүн курулмалар;
– технологиялык жабдуулар жана түтүк өткөргүчтөр;
3) жоопкерчиликтин үчүнчү деңгээли төмөнкү объекттерди курууда жана монтаждоодо аткарылуучу долбоордук документтерди иштеп чыгууга жана курулуш-монтаждоо иштерине укук берет:
– жылуулук менен жабдуунун, суу менен жабдуунун, канализациянын кварталдык жана поселоктук тышкы тармактар жана алар үчүн курулмалар;
– 10 кВ чыңалуудагы электр менен жабдуу линиялары жана трансформатордук көмөкчү чордондорду кошо алганда;
– төмөн басымдагы газ түтүктөрү, ички газ менен камсыздоо;
– ички жана тышкы тармактар жана жылытуу, желдетүү, электр менен жабдуу системалары;
– суу менен жабдуу жана канализациянын ички тышкы тармактары;
– төмөн басымдагы отказандар;
– технологиялык процесстери татаал болбогон объекттердеги технологиялык жабдууларга (коомдук тамактануу, соода, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү).
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Материалдык-техникалык база жөнүндө
маалымкат
_______________________________________________________
(уюмдун аталышы же жарандын аты-жөнү)
Машиналар-дын, механизм-дердин, жабдуулар-дын, техникалык каражаттар-дын аталышы | Чыгарылган жылы | Кызмат өтөө-нүн ченем-дик мөөнө-тү | Техника-лык күбөлөн-дүрүүнүн же метроло-гиялык текше-рүүнүн датасы | Кийинки техника-лык күбөлөн-дүрүүнүн же метроло-гиялык текше-рүүнүн датасы | Эскертүү |
I бөлүм Өздүк машиналар, механизмдер жана жабдуулар |
|
|
|
|
|
II бөлүм Ижарага алынган негизги машиналар, механизмдер жана жабдуулар |
|
|
|
|
|
Эскертүү: II бөлүмгө негизги машиналардын, механизмдердин жана жабдуулардын ижара келишимдеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле машиналардын, механикалык жабдуулардын жана техникалык каражаттардын техникалык күбөлөндүрүүлөрүнүн жана метрологиялык изилдөөлөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет. | |||||
Уюмдун жетекчиси (жаран) ___________________ (колу) м.о. (уюм үчүн) |
___________________ (аты-жөнү) | ||||
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Адистердин
квалификациясы жөнүндө маалымкат

№ | Жетекчинин жана адистин кызмат орду
| Аты-жөнү | Билими (кайсы билим берүү мекемесин жана качан бүтүргөн, адистиги, илимий даражасы жана наамы (бар болсо) | Адистиги боюнча иш стажы (жылдар) | Квалификацияны жогорулатуу-нун атайын курстарын аяктагандыгы жөнүндө маалымат | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: 1. Маалымкатка жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн түздөн-түз өндүрүшү (сапатын контролдоо) менен алектенген жетекчилерди жана адистерди (анын ичинде келишимдик негизде тартылгандарды) киргизүү зарыл. 2. Келишимдик негизде жумуштарга жана (же) кызмат көрсөтүүлөргө тартылган адистерге карата «эскертүү» графасына белги коюлат. | ||||||
Уюмдун жетекчиси (жаран) __________________ (колу) |
____________________ (аты-жөнү) | |||||
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кесиптик орто, кесиптик жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн клиникалык базага кошумча лицензиялык талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы N 741 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы |
1 | Кабыл алуу бөлүмү: - каттоо; - отуруучу орундуктары бар күтүү залы (фойе); - адистиктер боюнча (терапевт, хирург, гинеколог, педиатр) жабдылган кароочу кабинет; - жабдылган процедуралык кабинет; - ооруларды аныктоо үчүн кабинет (эндоскопия, рентгенология, ЭКГ, УЗИ) |
2 | Адистиктер боюнча стационардык бөлүм (терапиялык, хирургиялык): - врачтар жана ординаторлор үчүн кабинеттер; - кезметчи медайымдын посту; - орто жана кенже медициналык персонал үчүн кабинеттер; - процедуралык кабинеттер; - кароо жана дарылоо процедураларын жүргүзүү үчүн хирургиялык кабинеттер; - оорулуулар үчүн палаталар (хирургиялык, терапиялык профилдеги); - жабдууларды, инвентарды жана медициналык техниканы сактоо үчүн көмөкчү жайлар; - тамак-аш үчүн жай; - санитардык түйүн; - студенттердин санына карата койка-орундардын катышы 1:10 |
3 | Операциялык блок: - видеокамера менен жабдылган операциялык блок (студенттер үчүн операциялык залдан тышкары операциянын жүрүшүнө байкоо жүргүзүү); - медициналык персонал жана операция жасалуучу оорулуу үчүн операцияга чейинки бөлмө; - инструменттерди тазалоо жана стерилдөө үчүн жай |
4 | Реанимация бөлүмү: - жабдылган интенсивдүү терапия палаталары; - врачтар жана ординаторлор үчүн кабинеттер; - кезметчи медайымдын посту; - орто жана кенже медициналык кызматкерлер үчүн кабинеттер |
5 | Профилдик багыттар боюнча лабораториялар: - лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн биологиялык материалдарды алуу бөлмөсү; - анализ жүргүзүү бөлмөсү (атайын жабдуулар); - биоматериалдарды сактоо бөлмөсү |
6 | Адистиктер (хирургия, терапия, акушердик жана гинекология, анестезиология, реанимация жана интенсивдүү терапия) боюнча окутууда практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнү калыптандыруу үчүн окуу симуляторлору менен жабдылган симуляция борбору |
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору менен келишим |
8 | Стоматологдорду даярдоо үчүн клиникалык базага кошумча талаптар, төмөнкүлөрдүн болушу: - терапиялык, хирургиялык, ортодонтиялык жана ортопедиялык профилдеги бейтаптар менен иштөө үчүн стоматологиялык жабдуулар менен жабдылган стоматологиялык кабинеттердин; - денталдык жана панорамалык сүрөттөр үчүн рентгенологиялык аппараттардын; - бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн; - тиш-техникалык лабораториянын |
9 | Фармацевттерди даярдоо боюнча программаларды ишке ашырууга кошумча талаптар, төмөнкүлөрдүн болушу: - дары каражаттарын ички дарыканалык даярдоо үчүн бардык жабдуулар менен жабдылган фармацевтикалык технологиялар боюнча лабораториялардын; - дары формаларынын бардык түрлөрүн (эритмелерди, экстракттык препараттарды, таблеткаларды өндүрүү үчүн, дары өсүмдүк сырьесун майдалоо үчүн жабдуулар) өндүрүү үчүн өндүрүштүк же моделдик жабдуулары бар өнөр жай технологиясы боюнча лабораториялардын; - виварийдин (дендрарий) |
Эскертүү: бардык жеке клиникалык мекемелердин медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программалары үчүн медицина ишине тиешелүү лицензиясы болууга тийиш.
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар

№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченемдик маанилер |
1 | Штаттык инженердик-педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши | 50% |
2 | Айдоо практикасын окутуучу кызматкерлердин (инструкторлордун) ошол категориядагы транспорт каражатын айдоону окутуу укугуна документи жана 3 жылдан ашык айдоочулук стажы, ошондой эле тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна күбөлүгү болушу керек | |
3 | Окуу процесстерине тиешеси жок аянттарды кошпогондо, 1 билим алуучуга жайдын окуу аянты сабактардын эки кезметтүүлүгүн эске алуу менен | 1,5 кв.м |
Бардык окуу жайлары алардын жазууларын 1 жылдык мөөнөткө сактоо менен видеобайкоо аппаратурасы менен жабдылышы керек | ||
Билим берүү ишинин окуу жайлары лицензиянын тиркемесинде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарегине (жайгашкан жерине) дал келиши керек | ||
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында белгиленген тартипте катталган 2 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага алынган же акысыз пайдалануу келишиминин негизинде жабдылган имараттардын, жайлардын, аймактардын, жер участокторунун (автодром, жабык аянтча ж.б.) менчик, ыкчам башкаруу укугунда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча программаны ишке ашырган арыз ээсинде болушу | ||
Автомобилдин түзүлүшү жана автомобилдерди техникалык тейлөө боюнча класс: - автомобилдердин (автобустардын) негизги жыйноочу бирдиктеринин комплекттерин даярдоо категориялары боюнча (сцепление жана которуу коробкасы менен чогултулган кыймылдаткыч, бөлүштүрүүчү коробка, башкаруу механизмдери менен чогултулган алдынкы, ортонку жана арткы мосттору); - даярдоо категориялары боюнча автомобилдин (автобустун, чиркегичтин) системаларынын жана бөлүктөрүнүн өзүнчө механизмдери; - демонстрациялык стенддер (кыймылдаткычтын иштөө цикли, кривошип-шатундук жана газ бөлүштүрүүчү механизмдер; азыктандыруу, майлоо, муздатуу системалары; электр жабдуулары, рулдук башкаруу, токтотуучу системалар). Бул материалдарды үйрөнүү үчүн видео материалдарын милдеттүү түрдө болушу менен мультимедиалык түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берилет. Жайларды автомобилдерди орнотуу жана техникалык тейлөө боюнча лаборатория менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу боюнча класс: - жол кыймылынын эрежелери боюнча плакаттардын комплекттери жана кошумча маалымат каражаттары; - транспортту айырмалоо боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган кесилиштердин жана аянттардын схемаларынын, транспорт каражаттарынын макеттеринин комплекттери; - жол белгиси жана аны жолдордо, көпүрөлөрдө, түтүк өткөн жолдордогу жана башка жерлерде колдонуу боюнча окуу-көрсөтмө куралдар; - светофорлордун электрленген моделдери (бардык типтери); - светофордун жана жөнгө салуучунун сигналдарын, транспорт каражаттарынын жол жүрүү бөлүгүндө жайгашуусун, маневр жасоону, озуп өтүүнү, темир жол өткөөлдөрүнөн өтүүнү, адамдарды жана жүктөрдү ташууну, колоннадагы кыймылды, автотранспорт каражаттарынын техникалык абалын жана жабдууларын, номердик, таануу жана эскертүү белгилерин, жазууларды жана белгилерди изилдөө үчүн, автомобилдин кыймылынын теориясы жана автомобилди айдоонун психофизиологиялык негиздери боюнча, ар кандай жол жана гидрометеорологиялык шарттарда коопсуз айдоонун техникалык ыкмалары боюнча окуу-көрсөтмө куралдар; - кыймылдын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү механизмдерди жана приборлорду көрсөтүү менен автомобилдин (автобустун) схемалары; - жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгуу себептерин эске алуу менен алар чагылдырылган көрсөтмө стенддер; - автотренажерлор | 1 | |
Автомобилдердин түзүлүшү жана техникалык тейлөө боюнча лабораториялар: - даярдоо категориялары боюнча комплекттелген автомобиль (автобустар, чиркегичтер); - астына койгучта турган негизги изилденүүчү маркаларды дароо жөнгө салуу үчүн кыймылдаткыч (бул материалды өздөштүрүү үчүн видеоматериалдардын милдеттүү түрдө болушу менен мультимедиалык түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берилет); - техникалык тейлөөнүн түрлөрү боюнча жумуштардын тизмектери бар жөнгө салуучу маалыматтардын таблицалары менен щиттер; - өздөштүрүлүүчү автомобилдердин (автобустардын, чиркегичтердин) майлоо картасы; - техникалык тейлөө боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн эксплуатациялык материалдардын топтому; - ажыратуу-чогултуу жумуштарын жүргүзүү үчүн инструменттердин, шаймандардын жана чечилүүчү комплекттери; - жумушчу столдор (слесардык верстактар). Автомобилдин түзүлүшү жана автомобилдерди техникалык тейлөө боюнча класстарды жайлар менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология классы: - сыныктарды алардын түрлөрү боюнча фиксациялоо үчүн медициналык аптечка жана шиналар; - кушетка жана замбил; - биринчи жардам көрсөтүү боюнча плакаттар ж.б. Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу боюнча класстарды жайлар менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Асфальтобетон менен жабуу аркылуу айдап үйрөнүү үчүн автодром: - баштапкы милдеттерди аткаруу жана айланма айдоону окутуу үчүн аянт; - габариттүү "тоннель", "короо", "сегиздик", зигзаг түрдө өтүү (же "жыланча"); - темир жол платформасы жана өтмөгү, эстакада; - светофор менен жөнгө салынуучу кесилиш; - жол белгилери, жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн сызыктары, багыттар. Эскертүү: "А" жана "В" категориялары боюнча билим алуучуларга практикалык сабактарды сигналдык жол конустарын пайдалануу менен жабык аянтчаларда өткөрүүгө жол берилет | 1 | |
Окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолор (камсыздалуу пайызы) | 50% | |
4 | 1 компьютерге билим алуучулардын саны | 6 |
5 | Видеоматериалдардын жардамы менен түйүндүү агрегаттардын ишин көрсөтмөлүү изилдөө үчүн проектор | 1 |
6 | Окуу автомобилдери тиешелүү категорияга ылайык келиши керек, "Окуу транспорт каражаты" деген таанытуу белгилери менен белгиленген жана билим алуучу үчүн тормоздун, сцеплениенин кайталанган педалдары жана артты көрүү күзгүсү менен жабдылган, айнектери караңгылатылбаган, практикалык сабактарды белгилөө үчүн видеорегистратор, авариялык токтотуу белгиси, өрт өчүргүч, биринчи жардам аптечкасы (транспорттук) болушу керек. Окуу уюмдарынын (автомектептердин) ортосунда транспорт каражатын ижарага берүүгө жол берилбейт. Практикалык окутуу үчүн 2005-жылдан кеч эмес чыгарылган окуу автомобилдери колдонулат | Бир күндө 15 билим алуучуга 1 автомобиль |
Эскертүү: инструктор жана курсант медициналык күбөлөндүрүүдөн, ал эми окуу автомобили - рейс алдындагы техникалык кароодон милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
Курсанттар автоматташтырылган маалыматтык системада адамдын графикалык сүрөттөлүшү боюнча милдеттүү түрдө идентификациялоодон өтүүгө тийиш.
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке
ашыруу үчүн
кошумча лицензиялык талаптар

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Жогорку кесиптик билим берүү программаларын (бакалавр, адис) ишке ашыруу үчүн

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Кошумча жана кошумча кесиптик билим
берүү программаларын (квалификацияны
жогорулатуу курстарын жана кадрларды кайра
даярдоо) ишке ашыруу үчүн

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Жогорку кесиптик (магистр), ЖОЖдон кийинки кесиптик
жана ЖОЖдон кийинки медициналык билим берүү
программаларын ишке ашыруу үчүн

| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 12-тиркеме |
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо
боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн
кошумча лицензиялык талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) |
Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78, 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2024-жылдын 23-майындагы № 262, 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 683, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695, 2025-жылдын 12-мартындагы № 129, 2025-жылдын 28-майындагы № 285, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453, 2025-жылдын 8-августундагы № 478 2025-жылдын 12-августундагы № 486 , 2025-жылдын 14-августундагы № 494, 2025-жылдын 28-августундагы № 535, 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2025-жылдын 25-октябрындагы № 756, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 10-февралындагы № 79, 2026-жылдын 10-февралындагы № 82, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121, 2026-жылдын 27-мартындагы № 197, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202, 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин лицензия алган жана архитектура жана курулуш ишин жүзөгө ашырган мезгилде үчтөн ашпаган уюмда эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, жолдордун, көпүрөлөрдүн, тротуарлардын жана коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу мыйзамдык талаптарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
220. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун жана кооптуулуктун пайда болушу үчүн шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуп жаткан (тургузулган) объекттердин конструкцияларынын тирөөч жана тосмо жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу;
2) курулушта ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык келбеген сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу;
3) курулуш учурунда коопсуздук техникасынын талаптарын сактабоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2201. Лицензиялоодо белгилүү даражадагы татаалдыктагы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Курулуш иштеринде аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин дайындоо эрежелерине ылайык жоопкерчиликтин деңгээли белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2202. Лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:
1) иштин жана жумуштардын суралган түрлөрүнүн тизмесин көрсөтүү менен лицензия алууга арыз;
2) өндүрүш аймактарында коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
3) жарактуу мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар кызматкерлер үчүн салыктык милдеттенмелердин жана социалдык чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу, мамлекеттик маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө алынуучу маалыматтар.
Анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 , 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 токтомдорунун редакцияларына ылайык)