Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) |
Лицензиялык контроль
жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Лицензиялык контролду жүргүзүүнүн ушул тартиби (мындан ары – Тартип) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн иштелип чыккан жана иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген лицензиялык талаптардын лицензиат тарабынан сакталышын текшерүү максатында лицензиар тарабынан жүргүзүлүүчү лицензиялык контролду жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Лицензиялык контролдоо лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
3. Лицензиялоочу орган лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жооптуу бөлүмдөрдү аныктайт.
4. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү барагын колдонуу менен жүргүзүлөт.
5. Лицензиялык текшерүү барагы текшерилүүгө тийиш болгон лицензиялык талаптардын тизмесин камтыйт.
6. Лицензиарлар тарабынан бекитилген лицензиялык текшерүү барагы лицензиарлардын расмий сайттарында жайгаштырылат.
7. Лицензиялык текшерүүлөр лицензиаттын инспектордук текшерүү китебинде катталат. Лицензиатта инспектордук текшерүүлөрдүн китеби жок болгон учурда текшерүү актысына тиешелүү жазуу жазылат.
8. Лицензиялык контролдоо жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 (он беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Лицензиялык контролду жүргүзгөн лицензия берүүчүнүн кызмат адамдарынын жүйөлүү сунуштарынын негизинде татаал жана (же) узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү, сыноолорду жана атайын экспертизаларды жүргүзүү зарылдыгы менен байланышкан өзгөчө учурларда лицензиялык контроль жүргүзүү мөөнөтү лицензия берүүчүнүн буйругунун негизинде бир жолудан ашык эмес жана 10 жумушчу күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.
9. Лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө акты тапшырылган дата же лицензия берүүчүнүн буйругунда көрсөтүлгөн лицензиялык контролдоо аяктаган дата, эгерде ушул күнгө чейин акт тапшырылбаса, лицензиялык контролдоо мөөнөтү аяктаган дата болуп саналат.
10. Лицензияны жана (же) уруксатты токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Лицензияны жана (же) уруксатты токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим жүргүзүлгөн лицензиялык контролдун натыйжалары боюнча кабыл алынат.
2-глава. Лицензияга чейинки текшерүү
11. Лицензияга чейинки текшерүүнүн предмети болуп билдирме ээсинин лицензиялык талаптарга шайкеш келиши саналат.
12. Лицензияга чейинки текшерүү лицензия/уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт кабыл алынгандан кийин он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
13. Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт кабыл алынгандан кийин билдирме ээсине лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө токтоосуз маалымдалат.
14. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда лицензияга чейинки текшерүү лицензия/уруксат алуу үчүн арызга тиркелген документтерди текшерүү менен бир убакта жүргүзүлөт.
15. Ушул тартиптин 12-пунктунда каралган учурларда билдирме ээсине лицензия/арыз берүү жөнүндө арыз кабыл алынгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү жөнүндө маалымат берилет.
16. Текшерүү лицензияга чейинки текшерүү жөнүндө актынын негизинде жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиардын аталышы;
- номер жана дата;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдарынын) фамилиясы, аты, атасынын аты;
- лицензия/уруксат алууга арыздын каттоо датасы;
- аталышы (жеке ишкер үчүн аты-жөнү);
- текшерилип жаткан билдирме ээсинин юридикалык дареги;
- текшерилүүчү объекттин иш жүзүндөгү дареги;
- жүргүзүлгөн текшерүүнүн максаты жана предмети;
- текшерүүнүн башталыш жана аяктоо датасы.
17. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысы түзүлөт, анда лицензиялык текшерүүнүн баракчасын толтуруунун негизинде текшерүүнүн жыйынтыктары чагылдырылат. Текшерүү барагы текшерүү актысына тиркелет, лицензиялык текшерүү актысына жана барагына текшерүү жүргүзгөн адам, билдирме ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.
18. Билдирме ээси жок болгон учурда лицензиаттын кызмат адамы текшерүү актысына тиешелүү жазуу жазат жана текшерүү актысына кол коёт.
3-глава. Пландуу лицензиялык текшерүү
19. Пландуу лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү эсептелет.
20. Лицензиатты пландуу лицензиялык текшерүү пландуу лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
21. Лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планы пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 5-декабрынан кечиктирилбестен лицензиардын буйругу менен бекитилет.
22. Текшерүүлөрдүн планы лицензиардын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
23. Текшерүүлөрдүн планы айрым лицензиаттардын лицензия алган күнүн, мурда жүргүзүлгөн пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжаларын жана лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө тастыкталган арыздардын санын, ошондой эле лицензиар тарабынан аныкталган критерийлерди эске алуу менен бир жылга түзүлөт.
24. Текшерүүлөрдүн планын түзүү критерийлери лицензиар тарабынан бекитилет жана лицензиардын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
25. Текшерүү пландары төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- лицензиаттын аталышын;
- жеке ишкердин фамилиясын, атын, атасынын атын же юридикалык жактын аталышын;
- лицензиянын/уруксаттын датасын жана номерин;
- лицензиаттын юридикалык дарегин;
- текшерилип жаткан объекттин иш жүзүндөгү дарегин;
- мурунку пландуу текшерүүнүн аяктаган күнүн;
- текшерүү жүргүзүүнүн башталган айын.
26. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйруктун негизинде лицензиатты пландуу текшерүү жүзөгө ашырылат, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- лицензиардын аталышы;
- текшерүү жүргүзүү жөнүндө актынын номери жана датасы;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдарынын) фамилиясы, аты, атасынын аты;
- лицензиянын номери жана берилген датасы;
- лицензиаттын аталышы (жеке ишкердин аты, фамилиясы, атасынын аты);
- текшерилүүчү лицензиаттын юридикалык дареги;
- текшерилип жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги;
- жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн предмети;
- текшерүү башталган жана аяктаган датасы;
- текшерүү мезгили.
27. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысы түзүлөт, анда лицензиялык текшерүүнүн баракчасын толтуруунун негизинде текшерүүнүн жыйынтыктары чагылдырылат. Текшерүү барагы текшерүү актысына тиркелет.
28. Лицензиялык текшерүү актысына жана барагына текшерүү жүргүзгөн адам, билдирме ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.
29. Билдирме ээси жок болгон учурда текшерүүчү адам текшерүү актысына тиешелүү жазууну жазат жана текшерүү актысына кол коёт.
30. 27-пунктта каралган учурда, ошондой эле лицензиат актыга жана текшерүү барагына кол коюудан баш тарткан учурда, актынын экинчи нускасы лицензиар тарабынан лицензиаттын дарегине кабарлоо каты менен жөнөтүлөт.
4-глава. Пландан тышкары текшерүү
31. Пландан тышкары текшерүү үчүн негиздер:
1) лицензиар тарабынан мурда берилген лицензиялык талаптарды бузууларды жокко чыгаруу жөнүндө актынын лицензиат тарабынан аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензиарга жарандардын, анын ичинде жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын кайрылууларынын, арыздарынын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматты, лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен келип түшүүсү;
3) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык лицензиянын колдонулушу токтотулган мөөнөттүн аякташы;
4) табылган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын аныктоо максатында лицензиар тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө лицензиаттын өтүнүчүнүн болушу.
32. Текшерүү жүргүзүү буйругунун негизинде лицензиатты пландан тышкары текшерүү жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиардын аталышы;
- текшерүү жүргүзүү жөнүндө актынын номери жана датасы;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдарынын) фамилиясы, аты, атасынын аты;
- аталышы (жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты);
- текшерилип жаткан лицензиаттын юридикалык дареги;
- текшерилип жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги;
- лицензиянын датасы жана номери;
- текшерүүнүн негизи;
- текшерүү башталган жана аяктаган датасы.
33. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысы түзүлөт, анда лицензиялык текшерүүнүн баракчасын толтуруунун негизинде текшерүүнүн жыйынтыктары чагылдырылат. Текшерүү барагы текшерүү актысына тиркелет.
34. Лицензиялык текшерүүнүн актысына жана барагына текшерүү жүргүзгөн адам, билдирме ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.
35. Лицензиат жок болгон учурда текшерүүчү адам текшерүү актысына тиешелүү жазууну жазат жана текшерүү актысына кол коёт.
36. 33-пунктта каралган учурда, ошондой эле лицензиат актыга жана текшерүү барагына кол коюудан баш тарткан учурда, актынын экинчи нускасы лицензиар тарабынан лицензиаттын дарегине кабарлоо каты менен жөнөтүлөт.
37. 31-пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн негиздер боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүдө лицензиар лицензиатка пландан тышкаркы текшерүү үчүн негиз болгон арыздар, кайрылуулар, маалыматтар жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү.
38. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болбогон маселелерди текшерүүгө жол берилбейт.
5-глава. Лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүүдө
лицензиардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
39. Лицензиардын кызмат адамдары текшерүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензиаттын кызмат адамдарынан же анын ыйгарым укуктуу адамынан лицензиялык талаптардын сакталышына байланыштуу зарыл маалыматтарды алууга;
- текшерүү менен түздөн-түз байланышкан маселелерди аныктоо үчүн лицензиат тарабынан лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруучу лицензиаттын жайларына, имараттарына кирүүгө;
- лицензиаттын кызмат адамдарынын же алардын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен лицензиялоого тийиш ишти лицензиат тарабынан жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу аймакты, имараттарды, курулмаларды, жайларды жана жабдууларды карап чыгууга;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн лицензиаттын лицензиялоого тийиш болгон ишине тиешелүү документтерин изилдөөгө;
- текшерүү жүргүзүү учурунда пайда болгон маселелер боюнча лицензиаттын кызмат адамдарынан же анын ыйгарым укуктуу адамынан жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- текшерүү учурунда келип чыккан маселелер боюнча лицензиаттын кызмат адамдарынан же анын ыйгарым укуктуу адамынан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алууга;
- текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, материалдарды алууга;
- зарыл болгон учурда текшерүү жүргүзүү процессин фиксациялоо үчүн аудио-, фото- жана видео техникаларды колдонууга.
40. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык контролдоону жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде текшерүүнү толук, объективдүү жана калыс ишке ашырууга;
- лицензиаттын кызмат адамдары менен өз ара мамилелерде ишкердик этиканы сактоого;
- эгерде бул адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбесе, техногендик кырдаалдын жана өрттүн келип чыгуу коркунучуна алып келбесе, текшерүү жүргүзүү учурунда лицензиаттын ишин жүзөгө ашырууга кийлигишпөөгө жана тоскоолдук кылбоого;
- лицензиатка текшерүү предмети боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө укуктуу;
- лицензиатты же анын ыйгарым укуктуу адамын пландык (пландан тышкаркы) текшерүүнүн жыйынтыктары (акты) менен белгиленген мөөнөттө актынын бир нускасын тапшыруу менен тааныштырууга милдеттүү.
41. Лицензиардын кызмат адамдарына текшерүү жүргүзүүгө байланышпаган маалыматтарды жана документтерди лицензиаттан талап кылууга тыюу салынат.
42. Лицензиардын кызмат адамына лицензиялык контролдун натыйжасында алынган жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык, мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ачыкка чыгарууга жана жайылтууга тыюу салынат.
6-глава. Билдирме ээлеринин жана лицензиаттардын
укуктары жана милдеттери
43. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө билдирме ээлери, лицензиаттар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- лицензиардын кызмат адамдарына текшерүү предметине тиешелүү документтерге жана жабдууларга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууга;
- текшерүү жүргүзүүдө жооптуу кызматкерлердин болушун камсыз кылууга;
- текшерүү жүргүзгөн лицензиарлардын кызмат адамдарына иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча документтерди берүүгө.
44. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө билдирме ээлери, лицензиаттар төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерүүгө түздөн-түз катышууга, лицензиялык текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө;
- текшерүү предметине тиешелүү жана берүү ушул Тартипте каралган маалыматты лицензиардын адистеринен алууга;
- лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
- лицензиялык текшерүү актысында текшерүүнүн жыйынтыгына, ошондой эле лицензиардын кызмат адамдарынын айрым иш-аракеттерине макулдугу же макул эместиги жөнүндө жазуу жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензиялык контролдоо процессинде лицензиар кабыл алган актыларга, лицензиардын аракеттерине/аракетсиздиктерине даттанууга укуктуу.
| 3-тиркеме |
Форма
Лицензиялык текшерүү барагы
Иштин лицензиялануучу түрү: ____________________________________________________________
Текшерүүнү дайындаган лицензиаттын ыйгарым укуктуу адамы: ____________________________________________________________
Лицензиаттын аталышы: ____________________________________________________________
Лицензиянын датасы жана номери: ____________________________________________________________
Лицензиаттын байланыш маалыматтары: ____________________________________________________________
Лицензиаттын юридикалык дареги: ____________________________________________________________
Текшерилүүгө тийиш объекттин дареги: ____________________________________________________________
Текшерүүнү өткөрүүнүн мөөнөтү: ______________________________________ Текшерилүүчү мезгил: ___________________________________________ |
| Лицензиялык талап | Ченемдик акт | Талапка шайкештиги | Комментарий | |
1 |
|
| ооба | жок |
|
2 |
|
|
|
|
|
Текшерүүнү лицензиардын кызматкери (кызматкерлери) өткөрдү (өткөрүштү) | |||||
____________________ (аты-жөнү) | ____________________ (колу) |
| |||
Бир нусканы алды ____________________________________________________________ (Лицензиаттын жетекчиси: аты-жөнү, колу) | |||||
| 4-тиркеме |
Форма
____________________________________________________________ (лицензиялоочу органдын – лицензиардын толук аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ/УРУКСАТ _____________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы же жеке жактын, жеке ишкердин, лицензиаттын аты-жөнү)
Жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары: _____________________________________________________________
Жеке ишкерди же патенттин негизинде иш жүргүзгөн жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери – патенттин номери жана колдонуу мөөнөтү: _____________________________________________________________
Иштин лицензиялануучу түрү: _____________________________________________________________
Лицензиялык ишти түзгөн аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси (лицензиялык ишти түзгөн жумуштар жана (же) кызматтар бар болсо): _____________________________________________________________
Лицензиянын/уруксаттын колдонуу мөөнөтү: _____________________________________________________________
Берилген датасы: 20____ жылдын «_______» _____________________________
Лицензиянын/уруксаттын каттоо номери: _____________________________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: _____________________________________________________________
Лицензияны берген адамдын кызмат орду, колу: _____________________________________________________________
м.о. |