ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму
2023-жылдын 21-декабры № 20
Гүлчө айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Бишкек U-23 2023-жылдагы чемпиону, Континенталдык Азия чемпионатынын “Күмүш” медаль ээси жана 2023-жылдын 28-30-октябрында Албания мамлекетинин Тирана шаарында өткөн U-23 Дүйнө чемпионатынын "Коло" медаль ээси Максатбек уулу Ырыскелдиге Гүлчө айылынын “Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республкасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айылынын тургуну Максатбек уулу Ырыскелдиге Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге жана Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Т. Исмаилов |