Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-декабрындагы № 332 сандуу катынын негизинде, Дөң-Кыштак айылынын тургуну Ороков Гуломжонге тиешелүү 855.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 126.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-декабрындагы № 332 сандуу катында, Дөң-Кыштак айылынын тургуну Ороков Гуламжандын жеке менчигиндеги 126.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 15-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Дөң-Кыштак айылынын тургуну Ороков Гуломжонге тиешелүү 855.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 126.0 чарчы метр жер аянттын багытын, дүкөн багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов