ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-декабрындагы № 332 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедов Абдилахаттын жеке менчигидеги сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-декабрындагы № 332 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедов Абдилахаттын жеке менчигиндеги сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 15-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедова Инабат жана Мирзахмедов Мухаммадкодир Абдилахатовичке тиешелүү тамеки сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-мартындагы № 92 сандуу каты канааттандырылсын.
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов