Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2023-жылдын 21-декабры № 20/1
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минитрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү Азия өнүктүрүү банкын каржылык колдоосу менен Чакмак айылындагы жер сүрүлүү коркунучун коргоого атайын дамба куруу пландаштырылгандыктан ошол сүрүлө турган жерден дамба куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча “ЭЖИС” ишканасынын жетекчисинин орун басары М.Мирзалиевдин билдирүү каты жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму, ЭЖИС ” ишканасынын жетекчисинин орун басары М.Мирзалиевдин билдирүү катын ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып , Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минитрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак айылындагы жер сүрүлүү коркунучун коргоого атайын дамба курууну пландаштырылгандыктан ошол сүрүлө турган жерден дамба куруу үчүн 1,5га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерин даярдап берүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов |