Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 702
2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий баалуулуктарды уурдоонун, жашыруун казуунун, мыйзамсыз ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий баалуулуктарды уурдоонун, жашыруун казуунун, мыйзамсыз ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун алдын алуу жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |