Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 30-декбры № 16
Жаңы-Ноокат айыл аймагында “Улуттук тазалык күнүн белгилоо жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрыдагы ПЖ № 305 сандуу “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү” жөнүндөгү жарлыгына таянып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 11-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүндө айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондей эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясатты ишке ашыруу, тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу максатында:
А).Миндан ары жыл сайын Жаңы-Ноокат айыл аймагында апрелдин үчүнчү жана сентябрдын үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү деб белгиленсин.
Б).Айыл аймагында жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер ээлеген жана аларга бекитилип берилген аймактарда, ошондой эле жеке курулуш зооналарындагы көчөлөрдө жана короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурсун.
В).Жаңы-Ноокат айыл аймагында жогорудагы жарлыктан келип чыккан милдеттерди ишке ашырууну караган 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер иштелип чыксын:
-тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
-тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
-тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү;
-катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын, таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды, анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвестицияларды өздөштүрүү;
-калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга, бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга, төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү;
-катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү;
2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана тиричилик калдыктарын иштетүү, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу менен айыл аймакта кеңири масштабдуу пропагандалык иштерин алып баруу милдеттендирилсин.
3.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жогорудагы жарлыктан келип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылык чыгымдарды айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Махмудовго милеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов