Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2023-жылдын 21-декабры № 20/4
Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүндөгү автожолду жана Б.Нарматов көчөсүндөгү автожолду №959 – Жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүп берүү боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.Исаевдин билдирүүсү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү 20.10.2021-жылдагы №123-Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка жана Б.Нарматов көчөлөрүндөгү автомобилдер жүрүүчү жолдору Гүлчө айыл өкмөтунүн балансынан чыгарылып № 959–Жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3.Юридикалык документтерин даярдап берүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы С.Исаевге тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов |