Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2023-жылдын 21-декабры № 20/3
Гүлчө айылындагы Алай токой чарба башкармалыгынын
административдик имаратынан кийинки бош жаткан жер
тилкесинен “Унаа” ММдин Ош региондук бөлүмүнүн Алай секторуна административдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлдүртүп берүү үчүн “УНАА”мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Н.К.Ишеналиевдин билдирүү каты жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдындагы “УНАА”мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Н.К.Ишеналиевдин билдирүү катын ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү 20.10.2021-жылдагы №123-Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна негизденип
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гүлчө айылындагы Алай райондук токой чарбасынын административдик имаратынан кийинки эч кимге тиешеси жок бош жаткан жер тилкесинен “Унаа” ММдин Ош региондук бөлүмүнүн Алай секторуна административдик имарат куруу үчүн аянты 1000,0 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерин даярдап берүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы С.Исаевге тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов |