Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2023-жылдын 21-декабры № 20/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Султанов көчөсүнүн №55-дарегинде жайгашкан жер тилкесин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана ал жерге айыл тургундарынын арыздарынын негизинде мечит куруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 20-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп, Курманжан датка айылынын К.Султанов көчөсүнүн №55-дарегинде жайгашкан 5-01-04—1010-0416 идентификациялык сыр белгидеги , бирдиктүү реестрде №501-2023-10766-номер менен 05.12.2023-жылы катталган турак жайга арналган жер тилкесин тартуулоо келишимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктарынын негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Султанов көчөсүнүн №55-дарегинде жайгашкан аянты 358,0 чарчы метр болгон турак жайга арналган жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Курманжан датка айылынын К.Султанов көчөсүнүн №55-дарегинде жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 358,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багыты өзгөртүлүп мечит куруу үчүн кайрадан чектелип берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документтерин даярдап берүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы С.Исаевге тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов |