Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын ХXI сессиясы
2023-жылдын 02-октябры № 1
«Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагынын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү максатында жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” катгориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл аймагынын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чек-Абад айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чек-Абад айыл аймагынын Кызыл-Кат участкасынын №8 контурундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун 28,0 га кайрак жер аянтын жеке тартипте турак жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан 28,0 га жердин категориясын өзгөртүү менен байланышкан документтерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чек-Абада айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.И.Колдошовго милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Тавалдиев |