Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары 10-сессиясы
2022-жылдын 30-апрели № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 31-мартындагы № 22 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 55-контурунда жайгашкан 3.0 га жер аянттын көрүстөнгө ажыратып берүү үчүн,“Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн2022-жылдын 31-мартындагы № 22 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Темир-Корук айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында, Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 55 -контурунда жайгашкан 3.0 га жер аянттын, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколу негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Темир-Корук айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында,Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 99 жана жайыт жер эсебиндеги № 100 контурларында жайгашкан 3.0 га жер аянттын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына көрүстөн максатында пайдалануу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 3.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов