Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 2
Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VI- чакырылышындагы 2019-жылдын 15-июнундагы кезектеги 27-сессиясынын «Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына турак жай менен камсыз кылуу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 13 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы протоколуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-мартындагы № 90 сандуу катына негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышындагы 2019-жылдын 15-июнундагы кезектеги 27- сессиясынын «Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жай менен камсыз кылуу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 13 сандуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.Эски редакциясынын 1 абзацындагы:
«Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынан айыл өкмөтүнүн жер картасынан № 228, 638, 658, 645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 контурларындагы 31.84 га кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо, көп жылдык бак, таштак жайыт жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын 502 контурундагы 6.12 га көп жылдык бак, Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын 2243, 2449, 2447, 2469, 2471, 2480, 866-872- контурундагы 31.46 га таштак жайыт, таштак айдоо жеринен, Дөн-Кыштак айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасындагы № 64, 68, 139, 138, 129, 48-49, контурундагы 20.50 га көп жылдык бак жеринен, айдоо жерден 41.58 га, көп жылдык бак жерден 28.81 га, таштак жайыт жерден 19.38 га бардыгы болуп 89.76 га жер аянты элди турак-жай менен камсыздоо максатында айыл-чарба жерлери категориясынан калктуу конуш категориясына трансформацияга макулдук берилсин» деген сөздөр:
Жаңы редакциясынын 1-абзацына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен : «Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аулгазы участкасында жайгашкан жер картасынын № 228, № 849 контурларындагы 30.66 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 30.0 га жер аянты кайрак айдоо жана 0.66 га жер аянты таштуу жайыт жеринен, Дөң-Кыштак жана Тескей айылдарындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 17, № 18, № 20, № 21, № 27, № 30, № 31, № 32, № 33, № 35, № 36, № 38, № 40, № 42, № 48, № 49, № 64, № 68, № 70, № 81 жана № 811 контурларындагы 25.22 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 1.19 га жер аянты кысыр ансыз, 1.0 га жайыт жер, 1.78 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана калган 21.25 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен, Темир-Корук айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 93, № 106, № 107, № 108, № 109, № 111, № 135, № 138, № 139, № 129, № 144 жана № 145 контурларындагы 19.75 га жер аянты, бардыгы болуп көп жылдык бак жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы жер тилкесинин № 4311 контурундагы 3.45 га жер аянты бардыгы кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бак жеринен, Мончок-Дөбө айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 866-872, № 858, № 863, № 868, № 8861, № 879, № 887, № 890, № 2243, № 2470 жана № 867 контурларындагы 40.01 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 25.71 га жер аянты кайрак айдоо, 7.10 га жер аянты таштуу жайыт, 4.31 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана 2.89 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен жана Күнгөй-Хасана айылындагы № 264, № 359, № 360, № 362, № 364, № 467, № 645, № 651, № 656, № 657, № 658, № 660 жана № 662 контурларындагы 14.68 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 6.95 га жер аянты таштуу жайыт, 2.76 га жер аянты жайыт, 2.47 га жер аянты бадалдуу жайыт жана 2.5 га көп жылдык бак жерлери болуп, айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жалпысы 133.77 га жер аянтын, атуулдардын турак-жайга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында: “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.2- абзацындагы “Ушул токтомду бекитип, 89.76 гектар жерди пайдалануу багытын турак-жай багытына өзгөртүп, трансформация кылып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомду аткарууга алуу жана 133.77 га жер аянтын пайдалануу багытын турак-жай багытына трансформациялоо боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Эргешовго милдеттендирилсин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов