Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 6

Могол айыл аймагындагы Кызыл-Суу айылына калктуу конушта жайгашкан бош жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө

Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан элге кызмат көрсөтүү обьектисин жер тилкесин муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жөнүндөгү жер кодексинин 13ст таянып, өкмөт башчысы Э.Турдукуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан элге кызмат көрсөтүү обьектисин 0,05 га жер тилкесин муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы колдоого алынсын.

2. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан, элге кызмат көрсөтүү обьектисин жер тилкеси муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин жана мыйзамдаштырып берүү жагы Базар-Коргон райондук жер ресурстар кызматы мекемесинин башкармалык филиалынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке тапшырылсын.

 

Могол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Мамарасулов