Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 1
Могол айыл аймагындагы мекеме ишканалардын жылдык отчётун угуу жана кышка даярдыгы жөнүндө
Могол айыл аймагындагы мекеме ишканалардын жылдык отчёту жана кышка даярдыгы жөнүндө мектеп директорлордун жана бала бакчалардын башчыларынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышын кезектеги XХIV сессиясы токтом кылат:
1. Могол айылдык кеңешинин аймагындагы мекеме ишканалардын жылдык отчёту жана кышка даярдыгы «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Мектептердеги айрым кемчилдиктерди жоюу, мектептерге жана бала бакчаларга бѳлүнгѳн отун-кѳмүрлѳрдү максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө, электр энергиясынан бѳлүнгѳн лимиттерди сактоо жана талапка ылайык иш алып баруу мектеп директорлоруна жана бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |