МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 3
Могол айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 ”Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин жаңы редакциясынын 388, 404-беренесине Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХIV – сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы № 4” Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна негиз Салык Кодексинин 372-412 беренелеринин жоболоруна ылайык мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2.Могол айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 399-беренесинин 1-пунктуна негиз имараттар, курулмалар жана жайларга мүлк салыгын эсептөө үчүн К3 зоналдык коэффиценттин салыктык наркы 1,2 барабар бекитилсин.
3.Токтомдордун аткарылышы Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
4.Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, өнөр-жай жана курулуш, транспорт, соода жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |