Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 19-январы № 2

 

Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын

трансформациялоо боюнча

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга деп калтырылган айыл чарба багытындагы жайыт жерлерди трансформациялап мектеп жана бала бакча куруу жагын карап, талкуулап  Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №232 чөйрө сызыгындагы 2,0 га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “мектеп” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

 

2. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу күн чыгыш тарабындагы № 38 чөйрө сызыгындагы 0,7 га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

 

3. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловгомилдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Б.Токонов