ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 3
Кызыл-Тейит айылынын тургуну Садыкова Базархан Урбаевнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы 2000.0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Тейит айылынын тургуну Садыкова Базархан Урбаевнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы 2000.0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылынын тургуну Садыкова Базархан Урбаевнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы2000.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов