Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы

2023-жылдын 6-апрели № 9

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышынын 2022-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 13-сессиясынын «Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедов Абдилахаттын жеке менчигиндеги тамеки сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкесинин  максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» № 6 сандуу токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылынын тургуну маркум Мирзахмедов Абдилахаттын жеке менчигиндеги  тамеки сарай багытытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкелерин өндүрүштүк багыттарын, турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү, Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышынын 2022-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 13-сессиясынын № 6 сандуу токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-мартындагы № 92 сандуу катында, маркум  Мирзахмедов Абдулахатке тиешелүү болгон жер тилкелерин, Ноокат райондук “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 28-февралындагы кайра каттодон өткөрүлгөндөн кийин, Мирзахмедова Инабат жана  Мирзахмедов Мухаммадкодир Абдилахатовичке тиешелүү деген сөздөр менен өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, 2012-жылдын 11-июнундагы 5-05-06-1001-4197 идентификациялык кодировка номери, Ч № 389627 мамлекеттик акт менен катталган 950.0 чарчы метр жана 2014-жылдын 04-июлундагы 5-05-06-1001-4305 идентификациялык кодировка номери, Ч № 527927 мамлекеттик акттарына жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы протоколуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2022-жылдын 30-декабрындагы кезектеги 13-сессиясынын « Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедов Абдилахаттын жеке менчигиндеги тамеки сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкесинин  максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» № 6 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1.- 1 пункту “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Мирзахмедова Инабат жана  Мирзахмедов Мухаммадкодир Абдилахатовичке тиешелүү тамеки сарай багытындагы 2159.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-мартындагы № 92 сандуу каты канааттандырылсын” деп окулсун.

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдогу өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин токтомун аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                       К. Сатторов