Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчичакырылыштагы кезексиз тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 27 апрели №42
Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз тогузунчу сессиясы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2022-жылга иш планына ылайык Зергер айыл өкмөтүнүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышынын жыйынтыгында бекитилген каражат максатсыз жумшалгандыктан 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2022-жылга иш планына ылайык Зергер айыл өкмөтүнүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышынын жыйынтыгында бекитилген каражат максатсыз жумшалгандыктан 2022-жылдын жергиликтүү бюджетиине төмөнкүдөй өзгөртүү кииргизилсин. Башкаруу тармагынын 221 статьясынан 3,8 мин сом,2215 статьясынан 15,0 мин сом,2824 статьясынан 0,2 мин сом, баардыгы 19,0 мин сом кыскартылып,2111 статьясына 9,1 мин сом,2721 статьясына 9,9 мин сом баардыгы 19,0 мин сом каржылоого алынсын.
2. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |