Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы

2023-жылдын 6-апрели № 10

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 9-бөлүкчөсүнө жана айылдык кеңешинин 2021-жылдын 05-июнундагы (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 2 сессиясынын  “Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” № 1 токтомуна ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаӊы-Ноокат айылдык кеӊешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Жалолов, 2023-жылдын 7-апрелинен тарта Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.

2.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Конурбаев 2023-жылдын 7-апрелинен тарта ушул “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү катары бекитилсин.

 

3.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2021-жылдын 05-июнундагы (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 2 сессиясынын “Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” № 1 токтомуна ылайык, ушул токтомдогу “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” жана “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин токтомун аткаруу жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын милдеттин аткаруучу Т.Ниязалиеваге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                       К. Сатторов