Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчичакырылыштагы кезексиз тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 27 апрели №43
Айдоо аянтындагы эгиндерге,көп жылдык өсүмдүктөргө жана чөп ормолорго түшүп зыян келтирген кароосуз мал жандыктардын ээлерине чара көрүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз тогузунчу сессиясы айыл тургундарынын жалпы элдик жыйындарында түшкөн протоколдук суроо талаптарын, айыл өкмөтүнүн жайкы жайытка мал жандыктарды өз мөөнөтүндө көчүрбөй, эрте көчүрүп келип дыйкандардынайдоо аянтындагы эгиндерге, көп жылдык өсүмдүктөргө жана чөп ормолорго түшүп зыян келтирген кароосуз мал жандыктардын ээлерине чара көрүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Жайкы жайытка мал жандыктарды өз мөөнөтүндө көчүрүү көчүрүп келүү иш чараларын аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Белгиленген мөөнөттө көчүрүлбөй же көчүрүлүп келип дыйкандардын эгиндерине зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине: -бир баш жылкыга 1000(мин) сом, -бир баш кара малга 1000(мин) сом, -бир баш торпоко 500(беш жүз) сом, -бир баш кой, эчкиге 100(жүз) сом, жазана салуу айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына”жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |