ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 12
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мамлекеттик каттодон өткөрүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17- бөлүкчөсүнө жана КР нын Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокатайылдык кеңеши юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын: толук аталышы мамлекеттик тилде "Жаңы-Ноокат” айылдык кеңеши" мекемеси; расмий тилде учреждение "Жаңы-Ноокатский айылный кеңеш"; кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде "Жаңы-Нооката/к м-е; расмий тилде У-е "Жаңы-Ноокатский а/к".
2."Жаңы-Ноокат” айылдык кеңеши" мекемесинин аткаруучу органы болуп айылдык кеңештин төрагасы эсептелсин
3."Жаңы-Ноокат”айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери): Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Жаңы-Ноокат айыл аймагы, Жаңы-Ноокат айылы, Н.Найманбаев көчөсү, 13.
4."Жаңы-Ноокат”айылдык кеңеши" мекемесин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин төрагасы Сатторов Каримжон Хомитжоновичке жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов