Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 24 августунда №44
Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 10-сессиясы токтом кылат:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Келдибаев |