Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 466
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жобосун өркүндөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 2-пунктта:
22-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) ИЖН - жеке адамдын идентификациялык жеке номери;";
төмөнкүдөй мазмундагы 23-пунктча менен толукталсын:
"23) автоматташтырылган каттоо системасы - укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлктү эсепке алуу процессин автоматташтыруу, ошондой эле маалыматты сактоо, берүү жана иштетүү үчүн арналган программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы болуп саналган жергиликтүү каттоо органынын локалдык автоматташтырылган маалыматтык системасы.";
- 4-пункттун бешинчи абзацында "7 (жети)", "2 (эки) жумуш күндүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "3 (үч)" жана "юридикалык жактар үчүн 10 (он) жумуш сааттын жана жеке адамдар үчүн 5 (беш) жумуш сааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун төртүнчү абзацы "документтер" деген сөздөн кийин "кыймылсыз мүлктү идентификациялоочу маалыматтарды көрсөтүү менен, анын ичинде эгерде ыйгарылган болсо идентификациялык кодун жана дарегин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын:
"9-1) укугу универсалдуу укук улантуу тартибинде өткөн адамдар;";
- 125-пунктта:
биринчи абзацта "Коммуналдык менчик жөнүндө" деген сөздөр "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 126-пункттун төртүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 127-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 132-пункттун биринчи абзацында "уставдын" деген сөз "макулдашуунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 135-3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"135-3. Көп батирлүү үйгө жана жалпы менчикте турган жер участогуна ачылуучу карточканын 2-бөлүмүндө "Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери" деп менчик ээлери жөнүндө жазуу көрсөтүлөт.";
- 140-пунктта:
биринчи абзацта "алдын ала каттоо жүргүзүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 147-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын жаранынын жер үлүшүнө жеке менчик укугу" деген сөздөрдөн кийин "жер үлүшүн алууга укуктуу адамдардын тизмесин бекитүү жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын чечиминин," деген сөздөр менен толукталсын;
- 195-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"195. Нотариус тарабынан салынган тыюуну алып салууну каттоо жергиликтүү каттоо органына берилген тыюу салууну алып салуу тууралуу белгиленген форма боюнча нотариустун жазуусу жазылган күрөө тууралуу келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Эгер тыюу башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынса, анда анын катталышын жокко чыгаруу үчүн бул орган тарабынан тыюу салууну алып салуу тууралуу чечим кабыл алгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү ырастама берилиши зарыл.";
- 207-пунктта:
онунчу абзац "менчик укугун өткөрүп берүү каралган болсо," деген сөздөрдөн кийин "эгерде сот актысында кыймылсыз мүлккө укуктарды чектөө же оордотуу жөнүндө талаптар камтылса," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде кыймылсыз мүлк соттун чечимин аткаруу үчүн жүргүзүлгөн тооруктан сатылбаса жана өндүрүп алуучуга өткөрүп берилсе, каттоо үчүн төмөнкүлөр берилет:
- сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом;
- кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.";
- 8-главанын аталышында "ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
- 211-пунктта:
биринчи абзац "кыймылсыз мүлктү" деген сөздөрдөн кийин "күрөөгө коюу (328-бер.)," деген сөздөр менен, "өткөрүп берүү келишимдери" деген сөздөрдөн кийин ", жоопкерчиликти өткөрүү тууралуу макулдашуу" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарда "ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
- 8-главанын 1-параграфынын аталышында "ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
- 212-пункттун биринчи абзацында:
"ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
"(мындан ары - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо)" деген сөздөрдөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 213-пунктта:
алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он төртүнчү абзацта "ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
- 8-главанын 3 жана 4-параграфтарынын аталышында, 221, 222, 224, 226, 227, 229-пункттарда "ажыратуу" деген сөз алып салынсын;
- 235-пунктта:
биринчи абзацта "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- менчиктештирүү учурунда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылсыз мүлкүн ажыратууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;";
үчүнчү абзац төртүнчү абзац болуп эсептелсин;
- 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 жана 7-2-параграфтар менен толукталсын:
"§ 7-1. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимдерди мамлекеттик каттоо
236-1. Күрөө жөнүндө келишимдерди каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
- негизги милдеттенмени ырастаган документ;
- коюлган мүлккө укук белгилөөчү документ;
- эгерде мүлк биргелешкен никеде сатылып алынса жана нике келишиминде өзүнчө мүлк режими белгиленбесе же мүлк күрөө берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналбаса (ал тарабынан белекке, мураска кабыл алынган, никеге чейин алынган ж.б.), жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу. Жергиликтүү каттоо органына жубайы жеке өзү келгенде жана бүтүмгө макулдугу тууралуу кат жүзүндөгү арызын берсе, анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт. Эгерде андай болбосо, анда үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана/же менчик укугу жөнүндө арыз;
- эгерде күрөөнүн предмети жалпы биргелешкен менчиктин объекти болуп саналса (менчиктештирилген батир, дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн мүлкү ж.б.), анда менчиктештирүү учурунда жашаган жана/же менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар уюмдардан маалымкат (паспорт стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, ведомстволук нотариалдык архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкаруу ж.б.) жана/же биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө макулдугу талап кылынат. Жергиликтүү каттоо органына биргелешкен менчиктин бардык катышуучулары жеке өздөрү келгенде жана бүтүмгө макулдугу тууралуу кат жүзүндөгү арызын берсе, алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт;
- эгерде күрөө берүүчү юридикалык жак болсо, каттоочу ыйгарым укуктуу органдын күрөөгө мүлктү берүү жөнүндө чечимин (чечимдин түп нускасын же жетекчи тарабынан күбөлөндүрүлгөн чечимден көчүрмөнү (чечимдин көчүрмөсүн), уюштуруучулук документтеринин көчүрмөсүн жана юридикалык жактын өкүлүнүн жана/же жетекчисинин ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди талап кылат;
- бүтүндөй ишкананы мүлктүк комплекс катары ипотекалоодо ишкананын өз алдынча балансы талап кылынат, анда негизги жана жүгүртүү каражаттарын, башка баалуулуктарды, ошондой эле ишканалардын курамына кирген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмеси, кредиторлорду, алардын талаптарынын мүнөзүн, өлчөмүн, мөөнөттөрүн көрсөтүү менен чагылдырылат. Күрөө берүүчүнүн менчик укугун жана/же анын ишканасы жайгашкан участокту пайдалануу укугун ырастоочу документтер да талап кылынат;
- мамлекеттик мүлк күрөөгө коюлган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу зарыл;
- эгерде келишим жеке жактын өкүлү аркылуу таризделсе, келишимди тариздөө жана кол коюу боюнча анын ыйгарым укуктарын жана башка ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү ишеним кат талап кылынат.
Эгерде күрөө жөнүндө келишим ар кандай каттоо зоналарында жайгашкан эки же андан ашык кыймылсыз мүлк объекттерин камтыса, каттоочу кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кыймылсыз мүлккө чектөөлөрдүн (оордотуулардын) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды текшерет жана күрөө келишимин анын каттоо зонасында катталган кыймылсыз мүлккө укуктарды чектөөнү каттоо менен күбөлөндүрөт. Күрөөнүн предмети болуп саналган жана башка каттоо зонасында жайгашкан башка кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды чектөөнү каттоо, башка кыймылсыз мүлк жайгашкан жер боюнча жергиликтүү каттоо органы тарабынан ушул күрөө келишиминин негизинде документтерди кабыл алуу жана берүү аркылуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
§ 7-2. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууну мамлекеттик каттоо
236-2. Күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби күрөө жөнүндө келишимде каралууга тийиш.
Эгерде күрөө жөнүндө келишим төлөмөрдүн, күрөө берүүчүнүн жана күрөө кармоочунун ортосунда катталган болсо, макулдашуу ошол эле тараптардын ортосунда түзүлөт.
Макулдашууда тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) тараптардын аталышы (аты) жана жайгашкан жери (жашаган жери);
2) негизги милдеттенме жана күрөө келишими;
3) өндүрүп алуучу үчүн негиздер;
4) күрөө предметине өндүрүп алуу учуру (башталышы);
5) күрөө берүүчү тарабынан күрөө предметин күрөө кармоочуга өткөрүп берүү тартиби;
6) күрөө предметине жана аны сатууга карата күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери;
7) күрөө предметин ишке ашыруу ыкмасы төмөнкүлөрдүн биринен тандалууга тийиш:
а) элге ачык тоорук өткөрүү:
- ачык аукцион же конкурс түрүндө өткөрүү формасы аныкталууга тийиш;
- тооруктун уюштуруучусун дайындоо;
- баштапкы (старттык) сатуу баасын аныктоо, сатуу баасын аныктоодо пикир келишпестиктер болсо тараптар муну көз карандысыз баалоочуга тапшырышы мүмкүн;
- ипотека предметинин курамы жана жайгашкан жери, ошондой эле идентификациялоо үчүн жетиштүү сыпаттамасы;
- ипотека менен камсыздалган төлөмөргө күрөө кармоочунун талаптарынын сатуу баасын чегерүү менен күрөө кармоочу же күрөөгө берүүчү тарабынан тооруктарда күрөө предметин сатып алуу тартиби;
- ипотека предметин сатуудан алынган сумманы бөлүштүрүү тартиби;
б) үчүнчү жактар менен сатып алуу-сатуу келишимин түздөн-түз түзүү аркылуу күрөөнү сатуу;
в) башка ыкма;
9) ипотека предметинин мурунку жана кийинки күрөө кармоочуларынын аталышы (аты) (эгерде алар бар болсо жана макулдашуу түзүлгөн учурда тараптарга белгилүү болсо);
10) ипотека предметине карата мүлктүк укуктарга жана пайдалануу укугуна ээ болгон үчүнчү жактардын аталышы (аты) (эгерде алар бар болсо жана келишим түзүлгөн учурда тараптарга белгилүү болсо);
11) тараптар макулдашууда көрсөтүлүшү керек деп эсептеген башка шарттар.
Макулдашууну каттоодо каттоочу төмөнкү документтерди талап кылат:
- негизги милдеттенмени ырастаган документ;
- күрөө келишими;
- мүлккө укук белгилөөчү документтер;
- эгерде мүлк биргелешкен никеде сатылып алынса жана нике келишиминде менчиктин өзүнчө режими белгиленбесе же мүлк күрөө берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналбаса (ал тарабынан белекке, мураска кабыл алынган, никеге чейин алынган ж.б. болсо), бүтүмгө карата жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу. Жергиликтүү каттоо органына жубайы жеке өзү келсе жана бүтүмгө макулдугу тууралуу кат жүзүндөгү арызын берсе анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт. Эгерде андай болбосо, анда үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана/же менчик укугу жөнүндө арыз;
- эгерде күрөөнүн предмети жалпы биргелешкен менчиктин объекти болуп саналса (менчиктештирилген батир, дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн мүлкү ж.б.), анда менчиктештирүү учурунда жашаган жана/же менчиктештирүүгө катышкан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматы бар уюмдардан маалымкат (паспорт стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, ведомстволук нотариалдык архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкаруу ж.б.) жана биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө макулдугу талап кылынат. Жергиликтүү каттоо органына өзү келсе жана бүтүмгө макулдугу тууралуу кат жүзүндөгү арызын берсе, биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт;
- эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болуп саналса, каттоочу юридикалык жактын уюштуруу документтери боюнча укук жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрөт (каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими, Устав (жобо); күрөөгө коюлган мүлктү соттон тышкары сатуу-сатып алуу келишимин түзүү үчүн юридикалык жактын протоколу (же көчүрмөсү, ыйгарым укуктуу органынын чечими); өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.";
- 254-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган жана жергиликтүү каттоо органында катталган келишимдин негизинде укук ээсине таандык болгон кыймылсыз мүлктү ажыратууда дубликатты алуу жана каттоо талап кылынбайт. Ошол эле учурда келишимдин түп нускасын жоготкондугу жөнүндө укук ээсинин жазуу жүзүндөгү арызы архивдик делого тиркелет жана сканерленүүгө тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |