Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 11
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын:
"10) айып салуу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын чечими;
11) тартип бузуучуну белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү Евразия экономикалык комиссиясынын чечими.";
2) 18-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот аткаруучунун токтомун, соттук буйрукту, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду, алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашууну, айып салуу жөнүндө тартип бузуучуну белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү Евразия экономикалык комиссиясынын чечимин кошпогондо, аткаруу документинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:";
3) 52-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча төлөмдөр толук көлөмдө төлөгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалымат системасына келип түшкөн учурда, укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөө ушул система менен түзүлгөн электрондук отчет аркылуу алып салынышы мүмкүн.
Электрондук отчет карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун бир жумуш күндүн ичинде чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Токтомдун көчүрмөсү карызкорго токтотуусуз жөнөтүлөт.
Карызкордун чыгып кеткенине убактылуу чектөөнү коюу жана/же алуу боюнча ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартиби улуттук коопсуздук органы менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |