Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз18- сессиясы

2023-жылдын 3-октябры № 18-1

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” № 350 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы  “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” №350 Жарлыгын аткарууга алуу максатында  айыл өкмөт башчысы А. Шамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай, Мырза Найман, Он Эки Бел айылдары       Көк-Жар айыл аймагына биригүү маселеси колдоого алынсын.

 

  1. Он Эки Бел айыл аймагынын Он Эки Мойнок, Өрнөк айылдары Төөлөс айыл аймагына биригүү маселеси колдоого алынсын.

 

  1. Ушул токтомду укутук нормативдик актылар реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук,  миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

        Төрайым                                                                        Б. Абдыкаимова